Гүлжигит Сатыбеков: “ҮЙ-БҮЛӨМ, БАЛА-ЧАКАМ БАР”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков коомчулукка жеке жашоосу тууралуу ачык айтчу эмес. Көп жылдан бери аны үй-бүлөсү, балдары бар деген кептер айтылганы менен, "убагы келсе айтам" деп жашырып жүргөн. Убагы эми келди көрүнөт, ырчы мырза жеке жашоосу тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

– Буга чейин күйөрмандарым менин жеке жашоомо эмес, чыгармаларыма кызыкса деп келчүмүн. Чынында жеке жашоом тууралуу айткым келчү эмес. Эми убагы келди окшойт, жеке жашоомду ачыктайын деп чечтим. Жубайым экөөбүз көп жылдан бери жарандык никеде жашап келгенбиз. Үй-бүлөм, бала-чакам бар. Жеке жашоом тууралуу маекти жакында силер аркылуу күйөрмандарыма кенен айтып берем. Кудай буюрса, эмки жылы той берип, элдин батасын алалы деп жатабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
KaGaH
2019-10-14 09:36:47
Ммда
+1
Altynbekova.01
2019-10-14 10:42:59
Тойдон жакшы акча тушот экен деп той берип атса керек да. Эчтеке дебептир деле го
-6
al-abu-kinesz
2019-10-14 12:04:37
Оо Гулжигит аке сиз быйыл кузундо уйлоном дегенинизден бери мен уйлонуп уже эки балалуу болоюн деп
калдым.
+6
katerina.li
2019-10-14 12:28:37
Тушунбойм ушул ырчы ларга. Уй булосу барбы жокпу,кимге кызык,??? Же мен жашоону тушунбоймбу.??
+13
Isikkolumkeremet
2019-10-14 14:59:59
армандуу экен десе.сиздин уйдо да майрам бар тура .жакшы ырчысыз.журоко жеткизе ырдайсыз.уйбулонуз дем куч берип дагы да ырдай эле беринизчи
+4
kyrgyzstan00
2019-10-14 17:44:30
Мен бар экенин мурун билчумун....
+2
Nevestkaa
2019-10-14 20:39:26
Жарандык никеси нике окулган ЗАГС жок дегениби же орустарча экөөсү тең жок жашообу?
+2
rafo80
2019-10-15 04:28:07
Nevestkaa,
Менин түшүнүгүмдө никеси окулган бирок ЗАГСы жок деген.
+6
munduz2016
2019-10-14 20:56:58
Nevestkaa экөө тең жок жашоо
-2
Dushabolna
2019-10-14 22:29:14
Роза Амановадан эмнеге маек албайсынар? Нуржигит Кадырбековдон.Чубак ажы, Максат ажыдан да маек алгыла да. Лгтб, Уй булосун таштап бироону суйуп калдым деп арманын айткан же Корей порейлерден Коро Бир топ маанилуу пайдалуу тарбиялуу. Келечек муунду тарбиялаш кк го акыры. ХХХХ
+12
admin_portal
2019-10-15 09:56:42
Dushabolna, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+3
ckopnuol-l
2019-10-15 01:41:44
Муну лейлектик кызга уйлонуп ал деп журду элего
-1
tina.kg
2019-10-15 01:43:36
Шеринеге келип 3 ыр ырдап 1000$ деп кктип калды
+5
mela
2019-10-16 00:52:01
tina.kg,бизге тойго 3ыр ырдады 7-октябрьда.100$ эле бердик.Ыраазы болуп кетти.Силер озунор соодалашпай 1000$берсенер ала берет да.
0
AiperiO
2019-10-15 02:29:22
Ырларын жакшы кором. Казак таксистер да коп коет Гулжигиттин Ырларын. Ийгилик
0
nazgul20
2019-10-15 15:17:08
Озун Кайрат Нуртас сезип
0
Luna15
2019-10-15 21:13:05
nazgul20,Нуртаска Караганда абдан жакшы ырдайтгоо
+4
muras111211
2019-10-22 15:22:53
Чыгармачылык ийгилик,уй булөлүк Бакыт
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан