"КЕҢЕШ" ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ ГҮЛМИРА ШАРИПОВА "ТАРМАКТЫК БИЗНЕСТЕН ЖАБЫР ТАРТТЫМ" ДЕЙТ

Бир топ жылдардан бери өлкөбүздө тармактык бизнеске тартылгандар көп болуп, андан жабыр тарткандардын да аягы суюлбай келет. "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова тармактык бизнеске алданып, миллион сомдон ашык карыз болуп калганын айтат.

– Гүлмира айым, тармактык бизнеске качан аралаштыңыз эле?

– Мен тармактык бизнеске 2017-жылы кесиптешим, ырчы айымдын чакыруусу менен келгем. Алардын айткандарына ишенип, 21 миң сом төлөп бизнеске киргем, артыма толтура киши жаздырткан. Компаниянын шартына ылайык, ошол акчага товар алып, сатмакпыз. Кийинчерээк банкрот болушту окшойт, командамдагылар акча төлөсө да товарлар берилбей калды. Көрсө, ал товарлар кадимки эле “Жунхай” базарында сатылат экен. Ошентип менин командамдагы товар албай калгандар "акчамды кайтарып бер" деп чыгышты. Алардын акчасын мен эмес, компания алганын түшүнгүлөрү келген жок. Акыры үстүбүздөн арыз жазышты, тергөө бөлүмүнө барып сурак берип да чыктык. Ошондон кийин мындай ишти жыйнаштыргам.

– Бирок бул тармактык бизнестен ишиңиз жүрүшпөй калганына карабай экинчи башка компанияга кирип алыптырсыз го?..

– Ооба, мен аябай ишенчээк адаммын. Мени бирөөлөр башка акчалай пирамидага чакырып, “2000 сом эле бересиң, команда чогултсаң, сага жакшы айлык берилет” дешти. Мурдагы командам жоготкон акчасын кайтарып алса деген ойдо ал жакка кирип алдым. Мага укмуш нерселерди айтышса, астымдагыларды да ишендирип жаздыра бердим. Аягы келип компаниянын иши токтоп калды. Мындан улам артыма жазылган кишилердин акчасын чыгарып берем деп жолдошум Мүзүрдүн унаасын саттырдым. Ага айтпай бир нече адамдан карыз алдым. Ошентип миллиондон ашык сомго карыз болуп калдым.

– Азыр жылдыздардын атын пайдаланып бизнес жасагандар, атактуулугун пайдаланып иштеген жылдыздар да көбөйдү. Сиз алданып калганыңызды айткандан кийин коркуткандар болдубу?

– Коркутуп-үркүткөндөр болуп жатат. Мен бирөөнүн оокатын бузгандай болбоюн деп эч кимдин атын айткан эмесмин. Болгону эл тармактык бизнеске жазылып жатканда курмандык болуп каларын билип алса дейм.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Mintip-menu-suybo
2019-10-14 10:34:48
Мени чоон Кудай сактаптыр... Сиз айткан 21 мин сом кошуп кирет деген бизге 27 мин сом болуп келди... Даарылык касиети бар чай пайлар экен товарлары... Ага кошулган жокмун... Каайра 2000сомдукту сунушташты... Андан да баш тарттым... Кийин 2000 сом берип кирсен , могундай идиштерди алат экенсин деп даагы жабышышты... 2000 сом берсен 12 жаздык, 4 жер тошогу менен берилет дешти аягында... Баардыгынан баш тарткам... Окуноорлук жагы , жалан озуно жакын дос тууган, тааныштарын сунуш кылышат...
+7
Mintip-menu-suybo
2019-10-14 10:38:47
Сунуштарын кабыл албай койсон таарынышат... Мындайга иштеген адамдардын тилдери да бал болот экен... Канчасы мени жаман коруп , акчанды аяп, битирсин дешкен... Азыр банкрот болушуп , сени башында эле уксак болмок экен дешип, тилдерин тишине тиштешип отурушат
+3
alaialaibekov
2019-10-14 12:24:29
Эмнеге биринчи жолкусунда тигилер банкрот болсо,кайрале башкасына кигенсиз.Дагы жакшы жоодошунуз машинасын сатып жарлам бериптир .
+4
mikana
2019-10-14 13:24:22
Мен да эки жолу алдандым ушундайга
0
Isikkolumkeremet
2019-10-14 14:13:14
Смарт рич дагы ушундай.тимеле чайын ичсен 120га чыгасын дегилери келет да айла эле жок.
+1
Kamchybek-007
2019-10-14 20:19:10
Күйөөнүн тапканын жеп ХХХХ эле отурбайбы дейм да байкуш машинесиз калтырып аны да
-1
Nevestkaa
2019-10-14 20:44:01
Биринчисинде макул билбей адашып кошулуп калды экинчисине таш балекет бар беле чоң эле аял.
0
karona12
2019-10-14 21:08:56
Сетевиктер кыргыздарды тоноп бутмой болду.Сейф бизнес деп 16минден беришип канча эл банкрот.
+2
Asel33
2019-10-15 11:42:08
Бытовая техника деп да ачылган. 2000дей киши жазылып, 3000 сомдон. Мына соттошуп отурушат. Баштаган аял дайынсыз жок. Анын ата энесин тытып атышат. Бал тил менен киргизишет экен да. А карапайым калк ишенчээк. Миллиондогон акчага күйүп отурушат. Абайлагыла..
+1
Hadyja
2019-10-19 17:08:46
Asel33,баштаган аялдын аты Перизат эмеспи?
0
HHFRU
2019-11-13 20:23:52
Ушул алдамчылыкка мамлекеттик денгээлде чара корулсо жакшы болот эле. Жонокой копчулук элдин финансы жонундо тушунугу аз же жокко эсе. Элге маалымат бериш керек. Жайында аймактарга барып бир жагынан аясам, бир жагынан жиним келип келдим. Кантип эле жок жерден акча пайда болсун?! Же бир нерсе ондурбосо, же кызмат корсотпосо. Азыркы замандын «МММ» и десен тушунушпойт. Интернет деген бар го, ошого кирип эле жок дегенде википедияны окушса болмок.
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан