ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО ГОЛЛИВУД ТАСМАСЫНА ТАРТЫЛАТ

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Голливуд актрисасы Хэлли Берри менен чогуу тасмага тартылмакчы. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык баракчасына жазды. "Хэлли менен таанышканыма кубанычтамын. Жаңы тасмада чогуу иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам",- деген Шевченко.

Анын билдирүүсүнө Голливуд жылдызы “экөөбүз чогуу өткөргөн ар бир секундду бааладым. Сизге рахмат” деген комментарий калтырган.

Маалыматка ылайык, Хэлли Берри учурда өзүн режиссёр катары сынап, “Кордолгон” (“Bruised”) деген аталыштагы алгачкы тасмасын тартууда. Тасмада Жеки аттуу (башкы ролду Хэлли Берри ойнойт) ММА мушкеринин жашоосу тууралуу баяндалат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Cherik.777
2019-10-14 23:42:50
Кийинки кыялдардын алгачкы башаты кадамы бул жаата да озунду сынай бер сары кыз ийгилик
+1
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан