Урмат Усенов: “КОЛДО ТУРГАН КУБОКТУ АЛДЫРЫП ЖИБЕРДИК”

6-октябрь күнү "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Кыргыз футбол федерациясы менен биргеликте Мьянма жана Монголия менен беттеште Кыргыз курама командасын колдоо максатында өткөрүлгөн "Суперфутбол-2019" турниринде Урмат Усенов баштаган "Шоу-бизнес" командасы коло медалга татыды. Ырчы мырза оюнда орун алган түшүнбөстүктөр, ызасы, катачылыктары тууралуу кеп кылып берди.

– Урмат мырза, «Суперфутбол» мелдешинде сиз баштаган “Шоу-бизнес” командасы 3-орунга ээ болду. Жеңишке жетебиз деген ишеним бар беле?

– Бизде даярдык жакшы болчу. “Өнөр” (ред.: "Шоу-бизнес") командасы жазгы, күзгү сезондо дайыма футбол ойноп турабыз. Бул мелдешке бир жумада эки жолу чогулуп даярдык көргөнбүз. Турнирге, тилекке каршы, биздин керектүү оюнчулар чабуулчу Омар, коргоочу Жаныбек Оңолбаев жаракат алып келе албай, ошол жактан аксадык. Командага чыгармачылыкка жаңы аттанган жаш балдар кошулган. Алар да көнүшө албаганынан катачылыктар кетти. Биз пландаган тактика, максаттарды толук ишке ашыра албадык. Каршылаштар күчтүү болгондуктан пландаган тактикабызды ишке ашырууну эки эсе кыйындатты.

– “Көк бөрү” командасы менен “Шоу-бизнес” командасынын оюну финалга тете оюн болду. Көк бөрүчүлөрдөн эмне үчүн утулуп калдык деп ойлойсуз?

– Көк бөрүчүлөр спортто жүргөн балдар болгондуктан физикалык жактан күчтүүлүк кылды. Ал эми техникалык, тактикалык жактан биз уттурган жокпуз. Дарбазачыбыз киргизген автогол да талаш жаратты. Биздин дарбазачынын айтымында, ал сызыктан өткөн эмес. Менин билишимче, футболдо дарбазачыга өзгөчө көңүл бурулат. Чабуулчу, атаандаштар тарабынан кандай гана тоскоолдук болбосун, эреже бузуу болуп эсептелет. Эмнегедир муну калыстар эске алышкан жок. Эгерде эл аралык мелдеш болгондо апелляцияга бермекпиз. Себеби бизде видео далил бар.

Мелдешке “Супердин” кубогун алабыз деген ишенимдүү максат менен келгенбиз. Тилекке каршы, болбогон окуянын натыйжасында колдо турган кубокту алдырып жибердик. Бир аз өкүнүчтүү болду. Бирок жаман эмес, спортто коло күмүштөн бийик турат. Коло уткандыкы, күмүш болсо утулгандыкы.

Бизге кыргыздын желегин желбиретип, намысын колдоп жүргөн жигиттер менен мелдешке чыгуу сыймык болду. Оюн аягында алар келип кызыктуу, күчтүү оюн биз менен болгонун айтышты.

– "Оюн болгонго чейин чүчү кулак кармасак жакшы болмок" дедиңиз эле. Бул сунуш эмнеден улам жаралды?

– Профессионалдык футболдо атаандашынын тактикасын билүү үчүн алдын ала чүчү кулак кармашат. Биз журналист, саясатчылар менен мурун бет келип ойногонбуз. Аларга кандай каршы турушту билебиз. Көк бөрүчүлөр бизге сыр болчу. Алардын тактикасын билгенде биз коргонуубузду бекемдеп, чабуулду контрчабуул менен күчтөйт элек.

– Чабуулчу, ырчы Мирбек Масалиев жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Калыс кызыл кагаз көрсөтүп, оюндан четтетип салганда Мирбек аябай ачууланып кетти. Сиз буга кандай баа бердиңиз?

– Оюндун алдында балдарга оң мотивация бергенге аракет кылгам. “Маданият өкүлдөрү экенибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек. Талаа үстүндө өзүбүзгө, атаандашка сый мамиле кылалы” деп бир канча ирет айткам. Оюндун жүрүшүндө эмоцияга ээ боло албай калышты.

Мирбек чыгармачылыкка чейин спортто жүргөн жигит. Тез эле от алып кеткен мүнөзү бар. Анын бул кадамын командага берилүү, жан тартуу деп түшүнсө болот.

Эгер биз көк бөрүчүлөрдөн чоң эсеп менен утулсак, күнөөнү өзүбүздөн издемекпиз. Автоголдон утулганыбыз, ал да күмөн болгону үчүн балдарга терс таасирин тийгизип жатты.

Саясатчылар менен беттеште Мирбекке кызыл айып кагазы адилеттүү берилди. Негизи сызыктын ичинде эреже бузуу болгон, Мирбек калыска нааразы болуп каяша айтканы үчүн оюндан четтетилди.

– Эми маекти башка нукка буралы. Жайында Кореяга фестивалга барып келдиңиздер. Ал жактан кандай таасир алдыңыз?

– Кореянын Кванжу шаарында спорттун сууда сүзүү түрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өткөн. Мааракенин алкагында түрдүү маданий иш-чаралар уюштурулуп, ошонун бири Кореяда иштеп жаткан мигранттардын өкүлдөрүнө арналган фестиваль болду. Менин байкаганым, Кореяда биздегидей негатив, агрессия эбак сүрүлүп жок болуптур. Позитивдүү эмоциялар концерттик залдан да сезилди. Корей эли бизди тааныбаса деле кол чаап сүрөп, бийлеп жатышты.

Биздин кийимдерибиз, имараттар, унааларыбыз баары боз түстө эмеспи. Кореяда сары, жашыл, кызыл, күлгүн, көк жана башка ачык түстөр басымдуулук кылат. Ошол нерсе да адамдын маанайына таасир берет экен. Бизге ошондой ачык, жарык эмоциялар жетишпейт.

– Оюңузга кошулам. Сизди кайра "боз жашоого" алып келет окшойм. Өткөндө Андрей Малаховдун “Прямой эфир” берүүсүндө “кыргыздар 100 000 долларга бир айылды багат” деп айтканы үчүн чычалагандар болду. “Биздин абалыбыз ошол да” дегендер да чыкты. Сиз кайсы тарапты колдодуңуз?

– Биз Орусияга көп барып-келип жүрөбүз. Тилекке каршы, биздин маданиятыбыз төмөн деңгээлде экенин аэропорттон эле көрсөтүп коёбуз. Орусиялыктар деле бекеринен бул маселени көтөрүп чыгышпаса керек. Айыл жергесинен түз эле Москвага баргандар бар. Алар Орусияда маданиятсыздыкты көрсөтүшү мүмкүн. Бул чындык жана коомчулукка терс таасир тийгизет. Мени намыстантканы, кейиткени – мамлекеттик каналдан Малаховдун жеке негативдик пикирин таңуулаганы болду. Мен кылмышка шектелген кыргыз жаранына эмес, мамлекеттик каналдан бүтүндөй КМШ өлкөсүнө, улутка, өлкөгө карата айтылган сөзүнө намыстандым. Кандай болгон күндө да ал жеке пикирин мамлекеттик каналдан айтканга акысы жок эле. Ал журналисттик этикага да туура келбейт. Анын башкаларды козутуу үчүн айтылган сөзүнөн улам кааласак да, каалабасак да өз позициябызды айтканга туура келди.

– Бул окуя кыргыз коомчулугунда сындалып, алып баруучу кечирим сураганга аргасыз болду. Сиз үчүн ынанымдуу жооп болдубу?

– Аягында кечирип коюңуздар дегени болбосо ал дагы деле өзүнүн позициясында калды. Малаховго тиешелүү орган, жетекчилик тарабынан басым болгону билинип турат. Ошол нерсе деле жетиштүү.

– Балдарыңызды жалпы билим берүүчү эмес, түрк лицейинде окутат экенсиз. Олуттуу себеп барбы?

– Балдардын тарбиясына, өсүп-өнүгүшүнө мугалимден да чөйрөсү маанилүү. Мамлекеттик мектептерде бул нерсени толугу менен колго алуу, көзөмөлдөө, тилекке каршы, мүмкүн болбой жатат. Чоңойгондо бала өзү кандай чөйрөнү тандаарын өзү тескеп алышы мүмкүн. Азыр аларга ата-энелер туура жол көрсөтүшү керек.

Албетте, мектеп балдардын тарбия, билимин 100 пайыз камсыздай албайт. Аны бала сиңире албашы мүмкүн. Ал боюнча ата-эне иштеши керек. Биз азыр балдарга инвестиция кылып жатабыз. Балдарыбыз жок дегенде 2-3 тилде эркин сүйлөшү керек, дүйнө таанымы Кыргызстан менен чектелишин каалабайм. Мисалы, уулум Нурэл азыр Нью-Йоркто эмне кайсы жакта жайгашканын баарын билет. Себеби мен "Нью-Йоркто окушуң керек" деп кулагына куюп келем.

– Жакшы экен. Өлкөбүздөгү коомдук-саясий кырдаал, өлкөнүн келечеги сизди деле ойго салса керек. Бул жаатта сиздин пикириңизди билгим келди.

– Азыр мээмдин 30 пайызын мамлекеттин келечеги эмне болот деген суроо ээлеп турат. 2020-жылкы шайлоо кыргыз элине жаңы, чоң бурулуш алып келиши керек. Буга чейинки шайлоолор ийгиликсиз болду. Биз, азыркы муун, коомчулуктун оюн алмаштырууга жоопкер экенибизди сезишибиз керек. Кыргыз атуулу катары мага тийиштүү болгон адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө аракет кылам. Бийликке коррупциялык жол менен келип жатышканына бир эмес, бир нече жолу көзүбүз жетти. Мындан өзүбүз эле жабыр тартып келатабыз. Грузия, Украина жасаган секирикти биз да кылышыбыз керек. Бизге эрк керек болуп жатат. Мекенчил, билимдүү, сапаттуу, намыскөй адамдар бийликке келиши зарыл. Баары биздин колубузда экенин түшүнүшүбүз шарт.

Мен эмки жылы саясатка барам. Бул менин жарандык милдетим. Буга чейинки саясий элитанын эскилиги жетип, иштен чыкты. Алар эски телефондор сыяктуу жаңы тиркемелерге шайкеш келбейт жана мамлекетке жаңылык киргизе албайт!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Урмат Усенов: "Колубузда турган Кубокту тарттырып жибердик"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
karakyz23
2019-10-14 10:10:40
Колдойм
+2
Paprikafm
2019-10-14 10:49:29
Аябай соонун кызыктуу маек, бар болунуз ийгилик
+2
Hatali
2019-10-14 10:58:50
Бир дем менен окуп чыктым.Урмат саясатка барса колдойм.
+5
karona12
2019-10-14 11:35:34
Урмат азамат жигитт суйлогонун карагылачы баардык жактан маалыматы бар.
+3
mela
2019-10-14 12:05:36
Аябай интеллекти жогору адам.Жакындан тааныгандар «золотой человек»деп коюшат экен.Кызы озуно копия экен,бою кичине ,арык,кара тору.Баласы «дерзкий»экен.Келбети апасына окшош.
+4
rafo80
2019-10-15 04:44:00
Сонун маек болуптур, азамат. Баардык айтылган сөздөрүңдө чындык бар. Саясатка келсең колдойм.
+5
Snejana
2019-10-16 23:44:57
Урмат байкени мен дагы колдойм.
0
PeRa
2019-10-18 21:20:53
Жалгыз өзгөртүүлөрдү киргизүү кыйын го. Карт бөрүлөр жол бербейт, Сапар Исаковго окшотуп.
0
jon.as
2019-10-21 07:48:12
Азаматсың. Сонун маек!ой толгоо,сөз байлыгы, түшүнүү деңгели аябай бийик мырза экени көрүнүп турат.
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан