Cаясат айдыңында
7-август күнү “Ата Мекен” партиясынын 8-курултайы ордо калаанын “Спартак” стадионунда болуп өттү. Курултайга өлкөбүздүн туш тарабынан 20 миңден ашуун адам келди.
Курултайга жалпысынан Кыргызстандын 7 облусунан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген 611 делегат катышты. Андан сырткары аталган партиянын колдоочулары келип, алардын көптүгүнөн чоң стадионго адам батпай калды. Орундук жетпегендер стадиондун көк шиберинен орун алышты.
Парламенттик шайлоого катыша турган партиялар ушул убакытка чейин өздөрүнүн курултайларын өткөрүп келишкен. Бирок алар Опера жана балет театры, Улуттук филармония же Мамлекеттик музейдин имараттарында уюштурушчу. Албетте, бул жабык имараттар менен стадиондогу орун санын салыштырууга болбойт. Анткени “Ата Мекен” партиясынын уюштуруу комитетинин айтымында, 8-курултайга 20 миңден ашуун адам катышты.
Иш-чаранын башталышында партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Атадан балага” деген аталыштагы доклады менен чыкты. Докладдын минтип аталып калышынын себебин кыска окуяны баяндоо менен түшүндүрдү. “2007-жылы Таласта элдик нааразычылыкты басуу учурунда милиция кызматкерлери Азиз Курамаевди кармашкан. Камакка алынган ал “мени атамдын ишин уланткандыгым үчүн күнөөлөп жатышат” деп жооп берген”,- деди Өмүрбек Текебаев. Көрсө, колго түшүрүлгөн жигиттин атасы “Ата Мекен” партиясынын катардагы эле мүчөсү болгон экен. Сөзүнүн аягында Өмүрбек Текебаев: “Биз бүгүн шайлоодогу жеңиш үчүн күрөшкөн жерибиз жок. Биз жаңы коом үчүн күрөшүп жатабыз. Анда ар бир ата өзүнүн уулу үчүн жаңы үй кура алат. Ар бир уул атасынын көзү барда аны менен биргеликте ийгилик кубанычын тең бөлүшө алат”,- деди.
Андан кийин партия мүчөлөрү Болот Шер, Гүласал Садырбаева, Ширин Айтматова, Улан Осмонбаев, Гүлниза Бейшенбаева, Жоомарт Сапарбаев, Наталья Никитенко менен Равшан Сабиров сүйлөдү.
“Ата Мекен” партиясынын курултайына “Адилеттүү Орусия” партиясынын өкүлү Мария Астахова, Түркиянын Республикалык элдик партиясынын төрагасынын орун басары Гүлсүм Билгехан жана Швециянын Социал-демократиялык партиясынын өкүлү Гуннар Стенарв да катышты. Мария айым Кыргызстандын тең мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекет болоруна ишенгиси келгендигин айтты. Ал эми курултайга катышуу үчүн келген Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Бабурин: “Сиздерде эки жолу тең ишти жакшы баштаган, бирок соңунда ишин өтө жакшы эмес аяктаган президент бийликте болду”,- деп эскерип өттү. Гуннар Стенарвдын айтымында, демократиялык жол менен кабыл алынган чечим гана келечекти жакшы багытка өзгөртө алат. “Демократияга болгон саясий жолуңуздар оңой болгон жок. Акырындык менен Кыргызстанда туруктуулуктун орной баштаганына үмүт пайда болууда. Сиздердин аракетиңиздер саясат аркылуу жакшы иштерди аткаруу мүмкүн экендигин көрсөтүп келет”,- деди.
Миңдеген адамдар катышкан курултайдын тартибин жана коопсуздукту сактоону 800гө жакын “Ата Мекен” жаштар канатынын мүчөлөрү менен 800 милиция кызматкерлери колго алышты.
Ал эми иш-чараны Темирлан Сманбеков менен Ассоль Молдокматова алып барды. Съезд кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти менен аяктады.
Эльвира Караева
koom@super.kg