“Алина Жетигенова 40 миң сомдук товар алып, акчасын бербей качып жүрөт” деген маалымат интернет желесинде тарап кетти. Эмне болгон товар? Эмне ызы-чуу? Чындыкты ырчы өзү айтып берүүнү чечти.
– Алина айым, учурда социалдык тармактарда талкууланып жатасыз. Сөз болуп жаткан окуя качан болгон?
– Окуя былтыр Жаңы жылдын алдында болду. Коомдук телеканалдагы берүүлөрдүн бирине тартылуу үчүн барып калгам. Съёмка бүтүп кетип баратсам КТРде телеалпаруучу болуп иштеген Асел деген айым менен жолугушуп калдык. Таласка барууга камынып алган элем, ал ой-боюма койбой “менде бир аз товарлар бар эле, көрүңүзчү. Жардам берип коюңузчу” деп суранды. Жардам берем деп минтип жалаага калсам болобу? Өзүм аябай шашып жүргөм да, “бат-бат эле көрө калыңызчы” деп туруп алганынан макул дедим. Окуя аябай бат болуп кетти, кабинетине киргизип эле “муну көрсөңүз” деп бир пальто, бир куртка, бир жеңи жок күрмөнү көрсөттү. “Менде мындай кийимдер бар, кереги жок” десем “бирөөлөргө көргөзүп көрүңүзчү, сиз айтсаңыз көбү эле алат болуш керек” деп суранып туруп алды. Мен кийимдерди карап “апей, муну кечээ биздин үйгө бир ырчы айым кийип келди го” дедим. Анткени андан мурунку күнү конокко келгендердин бирөө кийип келгенин көргөм.
– Кечиресиз, телеалпаруучу айымдын аты-жөнүн толук айта аласызбы?
– Асел деп эле коёюн, эми анын баарын чукулап жаман көрсөткүм келген жок. Ошентип “муну кийип келди го бирөө” десем, “Ошентип кийип туруп кайра берип койду” деди. “Мен Таласта көп убакытка чейин болом” десем, “акчасын жазга чейин берсеңиз болот, өткөрө бериңиз” деди. “Макул, эми көрсөтүп көрөйүн” деп эле шашып жүргөн жаным алып кеттим.
– “Сатып, акчасын алып келип берем” деп алдыңыз беле?
– Мен антип сатып берем деп милдеттенме алган эмесмин. Көрсөтүп көрөм дедим. Өмүрү соодага аралашып көргөн адам эмесмин. Тааныштарга көрсөтүп көрдүм, бирок “кымбат экен, арзан болобу?” дешти. Мен Аселдин номерин берип, “өзүңөр сүйлөшүп алгыла” дедим. Эч ким алган жок, үйгө алып келип койдум. Өзүм концерт берип чуркап жүрүп ал тууралуу унутуп калыптырмын. Менин костюмдарымдын арасында жүрө берди. Эстеп кетип Аселге чалып товары өтпөгөнүн айттым. Ал болсо “убактысы өтүп кетти, эже, акчасын бериңиз” деди. Менин күнөөм жумшактыгым болду. Ошол эле жерден алып барып салсам болмок. Дегеле өтүнүчүнө карабай албай койсом болмок. Мен болсо “мейли, көрсөтүп көрөйүн” деп жүрө бердим. Товарды эч ким албагандан улам “акчасын берип койсомбу, эмне кылсам?” деп ойлонуп койгом. Экөө 15 миң, бирөө 10 миң сомдук кийимдер болчу. Жалпы 40 миң болчу. Аселге чалып
“30 миң кыл, мен алып калайын” дедим. “Толук бериңиз” деп болбой койду. Өзүнчө эле кыйноо болду. Бир жолу жазганынан “акчасын берем, концертимди жаңы эле өткөрдүм, акчаларды топтой элекмин, топтосом берем” деп жазгам. Ошол сүйлөмдү кармап алып кайра-кайра берем деген деп айтып жатышат.
– Сиз товарды алгандан бери канча убакыт өттү?
– 9 айдай болду. Эки ай өткөндө эле өтпөй жатат десем албай койгон. Аргасыз акчасын бөлүп берип салайын десем ага да макул болгон жок. Анан туура эмес, орой сүйлөй баштады. “Биз насыя төлөйбүз” деп коркута баштады. Менин эмне ишим бар? Милдетин алган эмесмин, көрсөтүп көрдүм, өтпөй калганда товарды алып кет десем болушкан жок. Анан мен тааныбаган бир аял телефон чалды, анан Аселдин күйөөсүмүн деп бирөө чалды. Иши кылып аябай ачуума тийишти. “Эмне деген жорук, мен силерди тааныбайм, Асел менен өзүм сүйлөшөм” дедим. Тажатып жибергенде “болду, эми акчасын да бербейм, товар ошол боюнча турат, алып барып берем” дедим. “Макул, алып келиңиз” деди. Бир тойдон жолугуп берейин деп машинеме салып алып барсам, Асел “машинем толтура” деп албай койду. “Замана” студиясы чакырганда таң атпай 6 жарымда барып кабинетине кирсем эч ким жок. Бир аял пол жууп жүрүптүр. Товарды сүрөткө тартып, өзүнө “мына таштадым” деп жазып кетип калдым. Пакеттин ичинде жатып бырышып калган окшойт, ошону сүрөткө тартып социалдык баракчасына чыгарып жибериптир. Ал өзүм барып товарды алып кеткендей жазып жатат. Эл ким эмне айтса ишене берет экен, көптөгөн сайттар жаңылык кылып ызы-чуу чыгарып жиберишти. Силердин гезиттен башка эч бири менден сурабай эле “40 миң сом төлөй албай качып жүрөт” деп жазып салышты. Ушундай болмок беле?
– Товарын алса да социалдык тармактарда атыңызды булгап эмне максатта жамандап жатат деп ойлойсуз?
– Өзүм деле түшүнгөн жокмун. Ортобузда достук да, кастык да жок, саламыбыз түз эле болчу. Чыгарары менен эле “бул эмнең?” деп кайрылдым. Ооруканада жаткан экен. “Постуңду албасаң сотко кайрылам” десем, алып койду. Товар сиңдисиники экен, ошол айым жазыптыр. Бирок баары бир жайылып кетти. Эми мен үчүн бул сөз кылганга арзыбаган эле бир окуя болчу. Атүгүл эч кимге деле айтпайт болчумун. Ушунча топтогон кадыр-баркым үчүн өз чындыгымды айтууга туура келди. Менин атым жаманатты болбосо унчукпайт элем. Болгону окуянын чын-бышыгын ачыктап койгум келди.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg