ЭКИ ӨСПҮРҮМ АЖАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТИП КАЗА ТАПТЫ. КЫРСЫКПЫ ЖЕ ШАЛААКЫЛЫКПЫ?

28-сентябрь күнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 7 жана 13 жаштагы бир тууган балдар ажатканага түшүп кетип каза болушту. Кырсык болгон күнү балдардын атасы үйдө болгонун, түш ооп калганда жумуштар менен үйдөн чыгып кетип, кайра келгенде ушундай каргашалуу окуяга туш болгонун айтат.

“ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ ТУРСАМ ЭМНЕ!..”

Каза болгон балдардын атасы А. буларды айтып берди.

– Каргашалуу күнү үйдө болчумун. Каза болгон уулдарымдын бири Азат жана 2 жаштагы кызым да мени менен үйдө отурушкан. Кичине уулум Ибрагим кырсык болордон 1-2 саат мурун "балдар менен ойнойм" деп менден суранып кеткен болчу. Өзүм түштөн кийин жумуштар менен бир жерге кеткем.
1 саатка жетпей эле кайра кайттым. Келсем эле ушул кырсык болуп кетиптир. Уулдарым кошуна балдар менен дайыма эле короонун айланасында ойношчу. Анан Ибрагим ойноп жүрүп кошунанын ажатканасына түшүп кетиптир. Кошуналардын балдары анын түшүп кеткенин Азатка айтып келишет. Азат аны куткарам деп чуркап барып өзү да түшүп кетиптир. Эмне болуп кеткенин, окуя кандай болгонун өзүм деле толук билбейм. Ошондо үйдөн чыкпай эле турсам эмне!..

4 уул 1 кызыбыз бар эле, эми минтип 2 уулубуздан ажырап отурабыз. Эң кичүүбүз кыз, 2 жашта. Аялым базарда соода кылат, ал күнү да жумушуна кеткен. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. Кудайдын жазганы, колубуздан эмне келмек эле? Ажаткананын ээсин тааныбайт деле экенмин, аны уулдарыма куран окуткан күнү көрдүм. “Сабыр кылыңыздар” деп келип кетишти.

“КАНТИП ТҮШҮП КЕТИШКЕНИ МАГА ТАБЫШМАК БОЛУП ЖАТАТ”

Окуя катталган дарекке барганыбызда даараткана жайгашкан үйдүн ээсин жолуктурдук. Атын атагысы келбеген жаран ал ажаткананын тереңдиги айрым маалымат каражаттарында айтылгандай, 8 метр эместигин, тактайлардын да эскилиги жете электигин айтып, “өзүмдүн да кичинекей балдарым ошол даараткананы колдонуп жүрчү, балдардын кантип түшүп кеткени табышмак болуп жатат” дейт.

– Мен ушул үйдүн ээси болом. Айрым маалымат булактары тараткандай, бул жерде эч ким жок эмес, жашап эле келебиз. Бул жаңы конуштан жер алып, үй салганыбызга 6-7 жыл болуп калды. Быйыл жайында өзүбүз көчүп кетип, бул үйдө инилеримдин бири жашап жаткан. Ал жакында үйлөнмөк, тойго даярдык көрөм деп айылга кеткен. Ажатканага өзүбүз жашап жүргөндө менин кичинекей балдарым деле кирчү. Андан башка дагы бир келин 4 жаш баласы менен батирде турчу. Окуя болгон күнү аны туугандары көчүрүп кетишиптир. Ошол келиндин жаш балдары деле ушул жерди кирип чыгып пайдаланышчу.

Мага ошол күнү телефон чалышты. Биринчи укканда батирде турган келиндин балдары түшүп кеткен окшойт деп ойлодум. Себеби анын балдары чындыгында кичинекей болчу. Шашып жетип келсем куткаруучулар келип балдарды алып чыгышыптыр. Окуянын эртеси күнү балдарды жерге бердик.

Бул жер жаңы конуш болгондуктан көпчүлүк бири-бирин тааный бербейт. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, “ушул үйдүн ээси менмин” дедим. Көзгө көрүнүп калган балдарын жоготкон ата-энени түшүнүп турам. Бизге деле оңой болгон жок. Ар кайсы сайттар үйдүн ээси жоопкерчиликтен качып, үйлөрүнө келбей жүрүшөт деп жазып чыгышыптыр. Ажал келсе анын колунан жанды ким тартып алат? Башта айткандай, үйдө иним бар болчу, ошондой эле батирди ижарага бергенбиз. Өзүбүз шаарга көчүп кетип, ошол жакта жашайбыз.

Маалымат каражаттары кайдан кабар алып жатышат, билбейм. Интернет деген жаман нерсе болду. Балдарын жоготкон үй-бүлөнүн кайгысын ойлоп коюшкан жок. Ажаткананы ченеп көрүшкөнсүп тереңдиги 8 метр деп жазып жатышат. Үйдү салган өзүм билем да, тереңдиги 3 метр 70 сантиметр болчу. 4 метр казайын деп, астынан чоң таштар чыкканынан токтотуп койгом. ӨКМнын кызматкерлери ажаткананын ичиндеги тешигин ченеди, узуну 41, туурасы 17 сантиметр болду. Ошол жерден кантип түшүп кетти мага да табышмак болуп жатат.

Ата-энесинин абалын түшүнүп турам. Бир эмес 2 уулун бирдей жоготуу эмне деген азап? Менин да 1-класста окуган уулум бар. 2 жума мурун аны унаа сүзүп кетип, ооруканадан “тез келе калгыла” деп чалышкан. Ошол кырсыкта балага зыян келиши ата-эне үчүн кандай оор экенин түшүндүм. Балдарынан ажыраган ата-энеге сабыр тилейм.

“КЛАССТАШТАРЫ “КОШ БОЛ, АЗАТ” ДЕГЕН ТЕМАДА ЭССЕ ЖАЗЫШЫПТЫР”

Каза болгон окуучулар Военно-Антоновка окуу тарбия комплекс-гимназиясында билим алышчу. Алар мектепке барып, түштөн кийин үйүнө кетишкен. Аталган мектептин мугалими Ч.С. балдардын улуусу Азатты эскерип, аны жакшы окуган окуучулардын катарында болгонун айтты.

– Азат аябай эмгекчил, тырышчаак, зээндүү, айткан сөздү дароо түшүнгөн зирек бала болчу. Бөбөктөрүн да өзү карап, жоопкерчиликтүү эле. Сабактан кечикпей, дайыма жетишип келчү. Дайыма жылмайып гана жүрчү. Сабактарды тырышып жакшы окуп, чейректен 2 эле сабактан төрт алган. Кийинки чейректе отличник болом деп аракет кылып жүргөн.

Азат футболду да абдан жакшы көрчү. Дайыма спорттук иш-чараларга катышып, турнирлерде такай футбол ойноп, алдыңкы орундарды алчу. Өзү кичинекей тың бала, мектепте эмне иш-чара болсо да баарына катышып турчу.

Мугалимдерине да, классташтарына да абдан оор болду. Классташтары анын отурган жерин улам карап коюшат. Бизди таштап кеткенине дагы деле ишенбей жатабыз. Азат биздин эң жакшы көргөн досубуз эле деп классташтары “Кош бол, Азат” деген темада эссе жазып келишиптир. Ата-энеси мектеп менен тыгыз байланышта. Чогулуштарга апасы келип турат. Азат үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси эле. Өзүнөн улуу агасы чоң ата-чоң энесинин колунда болгондуктан үйүндө бөбөктөрүн кароо жоопкерчилиги Азатта болчу.

Чүй ОИИББи бул окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалганын билдирди. Балдар кандайча ажатканага түшүп кетендиги тууралуу версия экспертизанын жыйынтыгы чыкканда маалым болорун кошумчалады.

Эки уулунан бирдей ажыраган үй-бүлөгө сабыр тилейбиз. Кырсык айтып келбейт экен. Ажалдын оозунан өмүрдү тартып алуу эч кимдин колунан келбейт. Бул макала менен биз бардык ата-энелерди балдардын өмүрү үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз. “Сактансаң сактайм” дейт, күнүмдүк турмуштун көйгөйү менен алпурушуп жүрүп кээде балдарга көзөмөл солгундап жатканы өкүнүчтүү.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AiperiO
2019-10-15 02:50:03
Бул шалаакылыктын кесепетинен болду деп ойлойм. Мен дагы ошол жерге жакын жерде жашайм.Балдар коп,квартиранттар жашайт. Даараткананы цемент мн жакшылап курса, мындай кырсык болмок эмес, ата энеси сыздабайт эле... Уйунун забору жок даже, Азыр дагы жон эле жарымынан кылып жаап койгон.
+4
katerina.li
2019-10-17 19:36:48
Шаллакылыктан келип чыккан кокустук деп койсо болот.
+1
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан