Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, алардын бирин чынжыр менен бутунан байлап койгон деген маалымат тарап, коомчулуктун үрөйүн учурду. Жабырлануучулардын биринин жактоочусу иш тыкыр каралбай жатат десе, айыпталып жаткан тарап бул жалган жалаа деп, тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын билдиришти. Окуя кандай болгонун иликтеп көрдүк.
“КЕЛИН ЧЫНЖЫРЛАНЫП ТУРГАНДА ТАБЫЛГАН”
Чүй ОИИББи тараткан маалыматка таянсак, Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде кулчулукка кабылган делип 3 аял табылганы чындык. Алардын бири чынжыр менен байланган абалда болгон.
– Чүй облусунун Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Г.Ж. аттуу аял 2019-жылдын май айынан бери анын тууганын жана дагы эки бейтааныш аялды Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде кулчулукта кармап турат деп жазган. 18-сентябрь күнү ыкчам-тергөө тобу айтылган дарекке барып, 3 аялды табышкан. Алардын бири чындыгында чынжырланган абалда болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Мыйзамсыз жол менен адамды эркиндигинен ажыратуу беренеси (172-берене) менен катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери чынжырланган аялды жана шектүүнүн бир тууган сиңдисин суракка алышкан. Суракта чынжырланган аялдын эжеси келин психикалык жактан жабыркагандыктан, үйдөн кача бергени үчүн өзү чынжырга байлаганын айтты. Учурда териштирүү иштери уланууда.
“ТАҢДАН ТҮН ОРТОСУНА ЧЕЙИН НАН ЖААП ИШТЕГЕН”
Жабырлануучулардын бири К.Жнын жактоочусу Уланбек Кудайбергенов окуя тууралуу буларды айтып, тергөө органдары ыкчам иш алып барбай жатканын билдирди.
– 18-сентябрь күнү айтылган дарекке ыкчам-тергөө тобу менен барганыбызда, үйдүн кожоюну жок болуп чыкты. Үйүндө 12-13 жаш чамасындагы кызы жана кулчулукта кармалып турган делген 3 аял бар экен. Алардын бири К.Ж. 3 кызы менен 5 айдан бери, дагы бири 2 жылга жакын ошол үйдө бекер иштеп жүрүшкөнүн айтышты. Үчүнчүсү буту кишенделген келин. Ал психикалык жактан жабыркаган келин болгон. Жабырлануучу К.Жнын айтымында, ал жумуш издеп радио түйүн аркылуу шектүү Г.Т. менен байланышыптыр. Ал үй оокаттарын жасата турганын айтып, "6000 сом айлык төлөп берем" деп убадалаган экен. Бирок келгендин эртеси күнү документтерин, телефонун алып коюптур.
Жабырлануучу өзү менен кошо ала келген кыздарынын улуусу 12 жашта, аны эртең мененки саат 7ден түнкү 11-12ге чейин нан саттырчу экен. Ортончу кызын Г.Т. өзүнүн бир тууганынын үйүнө бала багуучу кылып берип жибериптир. 10 жаштагы кыз бала багуучу болуп 5 ай ошол тууганынын үйүндө жүргөн. Ал эми өзүн башында макулдашкандай үй жумуштарына эмес, тандырга нан жаптырып иштетиптир. "Таңкы саат 5тен түнкү 2ге чейин нан жапчумун" дейт. Кул ээлөөчүлүк заманда да 22 саат иштеткен эмес. Учурда 12 жана 7 жаштагы кыздары Алайга атасынын үйүнө жиберилди. Бала багып иштеп жүргөн 10 жаштагы кызын психикалык экспертизадан өткөрө элекпиз. Тергөө башталса текшерүүдөн өткөрүп, аны да атасынын колуна жеткирип берүү керек. Тергөөчү улам алмашып убакытты созуп жатышат. Ал эми жабырлануучу К.Ж. учурда Бишкекте кайын сиңдисинин үйүндө. Шектүү Г.Т. келтирилген чыгымды төлөп берем деп убада кылган, бирок төлөп бере элек.
“МИЛИЦИЯНЫН КӨЗҮНЧӨ КЕЛИНДИ УРУШУП КИРДИ”
– Экинчи аялдын аты Апал (аты өзгөртүлдү), 1979-жылы туулган деп айтышты. Анын да документтерин алып койгон экен. Биз иликтөө тобу менен барган күнү аны биздин көзүбүзчө жаман сөз айтып, опузалай баштады. Ал келин кожойкеси келгенче “мени калтыра көрбөгүлө” деп ыйлап жаткан. Ал келгенден кийин өзгөрүп, “мен калам” деп баштады. Коркутуп алганы байкалып эле турду. Милиция өкүлдөрүнүн көзүнчө “ушунун баарын сен кылдың” деп сабап кирди. Милиция көрүп туруп, бирок чара колдонгон жок.
Апалды үй-бүлөсү 1 жылдан ашык убакыттан бери кайда экенин билбей жүрүшүптүр. Анын документтери жок болгондуктан тиешелүү тараптарга кайрыла алган жок. Азырынча К.Жнын кайын сиңдиси арыз жазгандыктан, бул иш каттоого алынып, кылмыш иши ачылды.
Ал эми чынжырланган келин нандын бетин чегип иштеген экен. Анын эжеси шектүү Г.Тнын таанышы болуп чыкты. Суракта сиңдиси психикалык жактан ооругандыктан, үйдөн кача бергени үчүн өзү байлап койгонун айтты.
“МИЛИЦИЯ ИШТЕБЕЙ ЖАТАТ”
– Сокулук РИИБи жазылган арыздын негизинде чара көрүүнү кечеңдетип жатат. Улам эле РИИБинин башчысы алмашты деп жатышат. Мен ишеним кат алып, жактоочу катары иш менен таанышайын десем документтерин көрсөтүшө элек. Ишти карап жаткан тергөөчү Жайыл районуна которулуп кетиптир. Буга чейинки тергөөчүнүн өзүнүн үстүнөн иш козголгон экен. Үчүнчүсү бизге орой мамиле жасап, талаптагыдай иштебей жаткандыктан мен даттануу арызын жазгам. Качан гана маалымат интернетке чыгып, акыйкатчы келип сурай баштаганда ишти териштирип, ары-бери чуркай башташты. Бирок бүгүнкү күнгө чейин иш менен таанышууга мүмкүн боло элек.
“БИРИН ДА ЖУМУШ КЫЛДЫРЫП МАЖБУРЛАГАН ЭМЕСМИН”
Үч аялды кулчулукта кармаган деген доомат коюлуп жаткан Г.Т. келиндер турмуштан кыйналгандыктан өз ыктыярлары менен келип иштеп жүрүшкөнүн айтат.
– 18-сентябрь күнү биз тойго кеткенбиз. 5-класста окуган кызым үйдө калган. Ал биз кеткенден кийин Кундуз (ред.: К.Ж. аты өзгөртүлдү) бирөөлөргө телефон чалып “келе бериңиздер” дегенин угуптур. Тойдо отурсак кызым телефон чалып “милиция келди” деди. "Телефонду Кундуз эжеңе берчи" дедим. Дайыма бир жакка кетерде үйдү Кундузга тапшырып кетчүмүн. Кызым “Кундуз эже өзү чакырды го” деп ыйлап туруп алды. Мен үйгө жөнөдүм. Келсек милиция, аймактык тескөөчү, "Кундуздун жактоочусумун" деп бирөө жана сиңдиси үйдө экен. Мен абалды түшүндүргөнгө аракет кылдым. Алар укпай кыйкырып, мени сүйлөтпөй коюшту. Кундуздун сиңдиси бар экенин билген да эмесмин.
Кундуз Оштон радио түйүн аркылуу жумуш издеп менин апама жолугат. Апама турмушу начар, күйөөсү ура турганын, барарга жери жок экенин айтыптыр. Апам боору ооруп аны үйгө алып келип, бизге айтып, жардам бермекчи болгонбуз. Келинди менин үйүмө алып келип жардам берели деп чечтик. Айтымында, 3 кыз, 1 уулу бар экен. "Жолдошум ичет, насыя дагы алып алганбыз. Аны төлөөгө мүмкүнчүлүгүм жок. Күйөөм сабайт, мен анын жанынан алысыраак кетип иштешим керек" деди. Боорум ооруп, бекер жүрбөй иштесе иштесин деп чакыргам. “Балдарымды ичкич күйөөмө таштай албайм” деп, каршы болгонума карабай жалдыраганынан ага да макул болгом. "Кыздарымдын баары менен сиздин үйгө бара албайм го" деп сиңдимдин үйүнө кызын өзү жиберген.
“КҮЙӨӨСҮН АЛДАП КЕЛИПТИР”
– Өзү келгенден кийин күйөөсүнө телефон чалып “кыздарды жибер, мен кийим-кечек алып берип кайра жөнөтүп жиберем” деп алдаптыр. Кыздары келди, үстүндө кийимдери жок, бир баштык менен эле келишкен. Бул жактан кийинттик. Ошондон тартып “мен сизди эжемдей, ата-энемдей көрөм” деп ыраазы болуп жүрдү. Келгенден кийин “документтерди сактап коюңузчу, жоголуп кетпесин” деп баарын мага карматты. Үйүмө жайгашып, анча чоң эмес үй иштерин кылып жүрдү. "Айлыкка сүйлөшкөнбүз" дегени калп. Мага келгенде “эже, биздин жеп-ичкенибиз бар, жаткан жерибиз бекер. Мен талаалап жашап жүрүп мунун баарын билем. Мага болгону азыр күйөөмдүн көзүнө көрүнбөй туруу керек” деди.
Кичүү кызы быйыл 1-класска бармак экен. Аны да мектепке киргизгем. Бул жакта мектепке киргизүү да оңой эмес, билесиңер. Чоң кызын 2-чейректен кийин болсо да окусун деп делосун алдырып бул жактан окуталы деп жүргөм.
“КУЛ КАРМАГЫДАЙ БАЙ ЭМЕСПИЗ”
– Апал болсо биздин кошуна айылдан болот. Күйөөсү автокырсыктан каза болуп калыптыр, түгөйү Үпөл муну башка күйөөгө берем деп, бирөөнүн үйүнө таштап келет. Ал болсо Апалды арак ич деп кыйнаганда качып кеткен экен. Ошентип туугандарына батпай калат. Аны да бош жүргөнчө менде иштесин, нандын бетин чегип жардамдашсын деп чакыргам. Көп болсо күнүнө 1-1,5 кап ундан нан жабабыз. Тапканыбызды бөлүшүп берем. Нандын камырын балам өзү жууруп, өзү жабат. Кундуздун улуу кызын каникулда бекер жүрбөсүн, элге аралашсын деп базарга ээрчитип алчумун. Өзүм ажатканага кеткенде 10-15 мүнөт болсо да карап турат. Кол арага жарап калган кызды акча майдалап келе койгонго анча-мынча жумшап койчумун.
Чынжырга байланган кызды болсо өзүнүн эжеси байлаптыр. Биз кеткенде бутунда чынжыры жок болчу. Ошол 1,5 саат ичинде чынжыр кайдан пайда боло калганын түшүнбөйм. Ал кыз менин үйүмдө деле жүрбөйт, келип-кетип нандын бетин чеккенге жардам берип жүрчү. Тергөөнүн жыйынтыгы чыгат. Ошого жараша кимдики чын, кимисиники калп экени аныкталат. Ага чейин эле ар ким интернет аркылуу жалган маалымат таратып жатышат. Өзүм кул жалдагыдай ашынган бай эмесмин. Карапайым эле турмуш кечиребиз. Тандырга нан жаап иштээрибиз чын. Ошол нанды сатып өзүм базарда отурам. Бизди жүзү кара кылып, менин кадыр-баркыма, аброюма шек келтирип жатышат. Мен буларга нан-чайымды берип, кызын окууга киргизип, колумдан келишинче жакшылык кылып келгем. Кудай деле көрүп турат. Мен жактоочу да жалдаган жокмун, чындык өзү эле чыгат.
КЕЛИНДЕРДИН БИРИ ТУУЛГАН ЖЕРИНЕ КЕТТИ
Кулчулукка кабылды делген Апал аттуу аялдын жакындары менен байланышууга аракеттендик. Аты-жөнү сыр бойдон калуусун суранган жаран анын таанышы экенин айтып, буларга токтолду:
– Мен Апалдын жоголгонун деле билген эмесмин. Аны кичине кезинде көргөм. Интернетке кабар тарап кеткенде туугандары "кабар алып койчу" деп суранып телефон чалышты. Айтылган үйгө бардым, Апалдын Г.Тга эч кандай доосу жок экен. Анын колунда иштеп, курсагын тойгузуп жүрүптүр. Ал башка жакта деле иштей албайт болчу. Мен билгенден психикалык жактан маселеси бар. Бирөө бир иш айтса жасашы мүмкүн, өзүнүн дарамети жете бербейт. Өзгөндө жумушсуз жүрүп бирөөлөр аркылуу Бишкекке бир жыл мурда келген экен. Айылдан жакындары “бул жакка жөнөтүп жиберчи” деп суранышты. Соопчулук үчүн алып барып, Өзгөнгө таксиге салып жибердим. Башка маалыматым жок.
Айпери Хожаева
koom@super.kg