– Ак-Булуң жайыт комитети качан түзүлдү, жалпы жайыт комитетинин иши жөнүндө айтып берсеңиз?
– Мен Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Ак-Булуң жайыт комитетинин башчысымын. Биздин жайыт комитети 2009-жылы чыккан мыйзамдын негизинде уюшулуп, 2011-жылы толук кандуу өз ишин баштаган. Жайыт комитети жалпы жайыт пайдалануучулардын чогулушунда шайланган. Азыр биздин жайыт комитетинин 15 мүчөсү бар. Негизи эле айылдагы жайыт пайдалануучулардын бардыгы жайыт комитетинин мүчөлөрү болуп саналат. Себеби ар биринде жок дегенде экиден уй, ондон кой, экиден жылкы бар. Ак-Булуң айылында
35 604 гектар жайытыбыз бар. Жыл башында жайыт пайдалануу боюнча план түзөбүз, мында кайсы малчы кайсы жерге барат, күзүндө кайсы жерге күздөйт, кышында кайсы жерге кыштайт, жазында кайсы жерге отурат, ушунун баары план менен бекитилет. Комитет жайыт пайдалануучулардан ар бир койго 15 сом, бир уйга жана 1 жылкыга 100 сом өлчөмүндө жайыт акы алат. Малчылар жайытка чыгарда алар менен келишим түзүп алабыз, ошонун негизинде жайыт акы жыйналат. Биздин бир жылдык жыйнаган акчабыз беш жүз миңдин тегерегинде, чогулган каражатты биз жайыттын инфраструктурасын оңдоо үчүн: көпүрөлөрдү салууга, жолдорду оңдоого, чабандарды көчүрүп-кондурууга жумшайбыз.
– Ак-Булуң жайыт комитетинин ишинде «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору ишке киргенден кийин кандай өзгөрүү болду?
– Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырган «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору бизге көп жардамдарды берди. Бул долбоор менен биз 2014-жылдан баштап иштешип баштадык. Союз мезгилинен калган, бузулуп, жарактан чыккан купкабыз бар болчу. Ал ишке жарабай калгандыктан малчылар өз үйлөрүнө чатырча жасап, купка салып алышкан. Мунун натыйжасында мал оорулары көбөйүп, эл кыйналып кеткен. Биз жайыт акыларынан чогулган каражатка эски купканы оңдоп, 2014-жылдан бери толук кандуу иштеп жатат. Мурда ар бир малды бирден кармап дарылачубуз, азыр долбоордун жардамы менен кашар курулуп, ар бир малды кармап убараланбай, чубатуу аркылуу дарылоого жетиштик. Бизде айыл чарба техникасы жок болчу, долбоор жолду оңдоого, көпүрө салууга МТЗ-82 маркасындагы экскаватор трактор алып берип, азыр техникабыз бизге чоң күч берүүдө.
Айылдын бадасы чыккан жерди «Бада» деп коёбуз, ошол жерде саз бар болчу, ал жерге эки жолу көпүрө салсак сазга чөгүп кетип, мал өткөнгө мүмкүн болбой калган. Ошол сазды кургатуу үчүн 350 метр жерге дренаж казып сазды кургаттык. Азыр жол кургап, малыбыз коопсуз шартта өтүп калышты.
Айылда 2000 гектардан ашык жерге дан эгиндери себилет, сеялка тартыш. Дыйкандар эгиндерин кол менен себишчү, ошол себептен эгиндин түшүмдүүлүгү 30, 40 пайызга азайып кеткен. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору аркылуу айылга 2 сеялка алдык. Кой кыркуучу машинкалар Союз мезгилиндеги болчу, абдан эскирип жараксыз болуп калган. Долбоор менен ар бир айылга 1 комплект кой кыркуучу жабдык алдык. Ар бир комплектиде 4 машинка, движок, кайчы курчуткуч бар, азыр кыркынчыларга абдан жеңилдик болуп калды. Биринчиден, мал да кыйналбайт, экинчиден, малчыга жеңилдик, анан убакыт да үнөмдөлүп жатпайбы…
Жыргалаң жайлообузга кетчү Союздан калган эки көпүрөбүз бар болчу. Көпүрөлөрдүн эскилиги жетип, мал да, машина да өтүүгө мүмкүн болбой калган. Айлабыз кетип, малды чоң сууну кечирип айдап өткөрүп жүрдүк жана майда жандыктар сууга агып, малдын өлүмү көп болчу. Жайыт пайдалануучулардан жыйналган каражаттын эсебинен эки көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрдүк. Мындан тышкары Көөлү деген сырт өрөөнүбүз бар. Союз тарагандан кийин 45 чакырым жери каралбай калып, такыр жараксыз болуп, машина менен ары-бери каттоого мүмкүн болбой калган. Малчылар башка жол аркылуу барышып, кошумча транспорттук чыгымдарды тартып келишкен. Мына ошол жолду техникалардын жардамы менен кайра калыбына келтирип, азыркы учурда элдин керегине жарап, жайыт пайдалануучулардын кошумча чыгымдары азайды. Түргөн өрөөнүнүн ичинде Ашуу-Төрдүн суусу бар, былтыр узундугу 11 метр болгон мал өтүүчү темир көпүрө курдук. Мурун малы сууга агып кетип, чыгым тартып жүргөн малчылардын кубанычында чек жок. Ушул жумуштардын бардыгы долбоордун колдоосу, алып берилген техникалардын жардамы менен бүткөрүлдү.
– Малдын саламаттыгы үчүн кандай иштерди жасап жатасыздар?
– Жайыт комитеттин курамында мал ден соолугун коргоо комитети бар. Анда беш кызматкер эмгектенип, жыл башында малдын ден соолугун коргоо планын иштеп чыгышат. Жыл аягына чейин ошол пландын негизинде иш алып барышат. Малды өз убагында эмдөө, вакцинациялоо, купкалоо жумуштарын комитетибиз жүргүзөт. Буга чейин ветеринардык врачтарга анчейин көңүл бурулбай келсе, долбоор ишке киргенден кийин жеке ветеринарларга жакшы камкордук көрүлдү. Мисалы, мотоцикл алып бергенден кийин ветврачтар чакырууларга ыкчам жетип калышты. Дарыларды сактоого муздаткыч, шаймандар алынып берилди. Мурун, мисалы, купка жокто жылына малыбыз котур болуп кетчү, азыр купка иштегенден бери андай оорулар жокко эсе. Жалпы пландын негизинде ветврачтар вакцинация кайсы убакта жүрөт, кан кайсы убакта алынат деп малдын ден соолугун текшерип турат. Ушул долбоор келгенден бери бруцеллёз менен ооруган малдын саны азайды. Албетте, адамдар да бул оору менен оорубай калды. Мына, акыркы үч жылдан бери бруцеллёз менен ооруду деген факт каттала элек.
– Жайыттардын деградациясына каршы кандай иштерди жасап жатасыздар?
– Жогоруда айткан Түргөндү жайлообуздун деградация болуп баратканын байкап, 6500 гектар жайыт жерин эс алдырып, ал жайлоого чыккан малды башка жайлоолорго бөлүштүрөлү деп пландап жатабыз. Өзүңөр жакшы билесиңер, чөп бышкандан кийин үрөн түшөт да, ошол үрөндү кайра чыгарбай мал таптап, жеп салып жатат. Бир жыл чөп өсүп үрөн таштаганга жетишсе, кийинки жылы кайра чөп өсө баштайт жана көлөмү да көп болот. Буюрса, аракетибиз күч. Учурдан пайдаланып, долбоорго жеке өзүмдүн жана жалпы айылдаштарымдын атынан рахмат айтам. Долбоор болбогондо, балким, жогоруда мен айткан деңгээлдеги иштер жасалбай, малдын башын мынчалык көбөйтө албайт белек.
Кенже Бөдөшева
office@spot-on.kg