Зымдан, кийизден жасалган кийимдер жана асем жасалгалар коллекциялары менен Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк масштабда өткөн көргөзмө, фестивалдарга катышып, сыйлыктарды утуп келе жаткан жердешибиз бар. Ал – 24 жаштагы Залкар Аскаралиев. Залкардын кичи мекени – Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Сарай айылы. Адистиги – кийимдер дизайнери. Ал мода дүйнөсүнө, зергерликке кантип келип калганы жана ийгиликтерди кантип багынтып жатканы тууралуу айтып берди.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
Гран-при – 2017-жыл, Кыргызстан, "Fashion week17" мода жумалыгы
Гран-при – 2018-жыл, Кыргызстан, "Fashion industry18 Кыргызстан" мода сынагы
Гран-при – 2018-жыл, Москва "Экзерсис" дизайнерлер сынагы
Гран-при – 2018-жыл, Казакстан, Аспара мода жумалыгы, "Neo-Folklor" сынагы
Финалист – 2018-жыл, Москва, "Русский силуэт" мода сынагы
Атайын байгенин ээси – 2019-жыл, Санкт- Петербург, эл аралык "Этномода" сынагы
"Древо жизни" (Санжыра) аталышындагы коллекциясы Корея, Сауд Арабиясы, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда өткөн эл аралык сынак, фестивалдарда көрсөтүлүп, сыйлуу орундарга ээ болгон
КИЙИМДЕР КОЛЛЕКЦИЯСЫ
"Талисман Каныкей" – 2014-жыл
"Древо жизни" – 2017-жыл
"Нэо-Ника" – 2018-жыл
АКСЕССУАРЛАР КОЛЛЕКЦИЯСЫ
"Abstract" – 2017- жылы зымдан жасалган
"Нэо-Курак" – 2018-жылы кийизден жасалган
"Эрте жаз" – 2019-жылы зымдан жасалган
"Minimalism" – 2019-жылы күмүштөн жана таштардан жасалган
– Мен жакында сентябрь айында Италиянын Милан шаарына барып, мода фестивалына катышып, өз коллекциямды көрсөтүп келдим. Ал жакка жолдомону 2018-жылы Казакстанда Аспара мода жумалыгына катышып, утуп алгам. Эми Казакстанда, анан Москвада өтүүчү мода фестивалдарына катышканы турам. Максатым – дүйнөгө таанымал мода лидери болуу, өз брендимди дүйнөгө таанытуу. Мода индустриясы көп саякаттоону талап кылат. Анткени мода көргөзмөлөрү, сынактары дүйнөнүн ар өлкөсүндө өтөт. Бул башка элдин салты, маданияты менен таанышууга, билгендериңди чыгармачылыкта колдонууга салым кошот. Кыскасы, мода дүйнөсүн мыкты өздөштүрүп, өсүүңө өбөлгө болот.
Казакстандагы мода жумалыгына катышып, Гран-прини утуп алганымда ал жакта калып иштөөгө сунуш түшкөн. Мен окуума байланыштуу баш тарткам. Эми дагы эмгектене берсем, мүмкүн, чет элдик дизайнерлик компаниялардан сунуштар түшүшү мүмкүн.
Мен айылда туулуп-өскөн баламын. Кичинемден сүрөт тартып келем. Бул өнөр атамдан өткөн, апам да сүрөттү жакшы тартат. 2-классымда мугалим “идиш-аяк тартып келгиле” деп тапшырма берди. Мен идишти төрт чарчы түрүндө тартып койдум. Апам аны оңдоп тартып бергенде, азыркы тил менен айтканда, “3D” форматында көрүнүп калды. Мен ошондо жалпак нерсенин бетине буюмдун ары-бери жагын да көрсөтүп тартса болорун биринчи ирет баамдагам.
Окуучулук кезимде сүрөт тарткандан тышкары алюминий зымдардан түрдүү буюмдарды жасай берчүмүн. Андай зымдар ал кездерде тартыш болуп, атам катып койчу. Мен болсо алып чыгып иштетип салам. 8-класста экенимде зымдан ала кийизге түшүрүлүүчү оюм-чийимдерди жасагам, сонун чыкты. Өзүмө зымдан шакек, билерик да жасап алдым. Бирок аларды мектепке тагынып барганга уруксат жок болчу.
Студент кезимде 2014-жылы республикалык деңгээлде “Салттуу эмес Жаңы жыл” аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы өтүп калды. Анын шарты боюнча, коллекция кездемеден жасалбашы керек болчу. Мен зым жана полиэтилен баштыктарынан кийимдер коллекциясын жасап алып чыгып, 1-орунду алгам. Ошол жеңишим мага абдан дем берди. Окуу менен кошо чыгармачылыкты бирге алып кеттим. Издендим, улам жаңы нерселерди ойлоп тапканга аракет кылдым. Уктабай калган түндөр болду. Ошентип ишим алга жылып, мага ийгиликтер биринин артынан бири келе баштады.
Бардык нерседен кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана, менимче, дизайнер боло алат. Мен ошондойлордун катарына кирериме кубанам. Зымдан абдан көп буюм жасадым. Алардын саны канча экенин так билбейм. Ал эми зер буюмдар үчүн атайын лакталган зымдарды колдоном.
2016-жылы бир көргөзмөгө катышып калдым. Ошондо менин жасаган буюмдарымды көргөндөр Саймалуу-Таштагы жаныбарлардын кейпин зымдан жасап көрүүмдү сунушташты. Ал сунуш оюма туура келип, Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдү изилдеп, жаныбарлардын сөлөкөтүн жасай баштадым. Ал буюмдарым этнографиялык тарыхты, философияны камтып калды.
Кийим коллекцияларым пластик, кийиз, полиэтилен, зыгыр материалдардан, ал эми зер буюмдарым күмүштөн, зымдан, кийизден, полиэтиленден жасалат. Бий топторуна буюртма менен баш кийим, көйнөк, аксессуарларды жасап берем. Бир коллекциямда, мисалы, 10 кийим болсо, аларга 1000-1500 доллардын тегерегинде каражат жумшалат. Ага иштеген акымды кошом. Учурда зер буюмдары үчүн күмүш зымдарды көп колдонуп жатам. Кыргызстандан жана чет өлкөдөн да буюртма бергендер бир топ.
Жеке жашоого келсек иш, чыгармачылык деп жүрүп кыздар менен сүйлөшкөнгө убакыт жок, бойдокмун.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg