КМШны БАГЫНДЫРГАН ОРТО АЗИЯЛЫК ТОПТОР

“Атактуулукка жетүү оңой, аны кармап калуу кыйын” дешет. Төмөндөгү эстрадалык топтор өз өлкөсүнүн гана эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнүн сыймыгы. Алардын окшоштугу – баары музыканы сүйүшкөнү, айырмасы – ар башка өлкөдөн чыкканы.

МИСТИКАЛУУ "ГОРОД 312"

Топтун аталышы – “Город 312”
Түзүлгөн жылы – 2005-жыл
Өлкөсү – Кыргызстан
Басым жасаган музыка жанры – поп, поп-рок, рок
Популярдуу ырлары – “Останусь” “Вне зоны доступа”, “Обернись” жана башкалар
Учурдагы курамы – Светлана Назаренко (Ая) ырдайт, Дмитрий Притула, Мария Илеева, Леонид Притула, Леонид Никонов
Сыйлыктары – “MTV RMA 2006” сыйлыгынын “Мыкты дебют”, Орусиянын “Золотой граммофон” сыйлыгынын бир нече жолку ээси. Жакында эле “Баста” тобу менен бирге жараткан “Обернись” аттуу чыгармасы Муз-ТВнын "Мыкты ыр" наамын алды

Бир кезде Светлана Назаренко аттуу орус улутундагы кыз “Сен менин жазылбаган ырларымсың” деген ырды кыргызча ырдап, кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошондо өзгөчө ырдоо стили менен айырмаланган Светанын “өз мекенимде таанылгандан кийин чет жерде эмне үчүн өзүмдү сынап көрбөшүм керек?” деп айтканы бар. Командасын топтоп алып Орусияга аттанган Назаренкону, албетте, Москва кучагын жайып тосуп алган жок. Бул топко Орусиянын шоу-бизнесине кирүүгө эч ким жардам көрсөткөн эмес. Ар кимдин жолунан кездешчү кыйынчылыктар менен булар да тирешишкен. “Кандай гана кыйынчылык болбосун, моюн сунбай мекенибиздин атын, музыкасын таанытабыз” деген топ учурда максатына жетти көрүнөт.
Көп учурда “эмне үчүн топ “Город 312” деп аталат?” деген суроо берилет. Буга Светлана: “Биринчиден, бул – биз сүйгөн шаарыбыз Бишкектин коду. Экинчиден, топту мындай атаганга чейин 312 саны ээрчигендей, өзүнчө бир мистика болгон. Мисалы, алгач Москвага келип жашаган батирибиздин номери да 312 эле. "Реал Рекордс" компаниясы менен келишимди капыстан 3-декабрда (3.12.) түзгөн экенбиз. Негизи, мындай мисалдар четтен чыгат” дейт. Көпчүлүккө кандай музыка жагарын жүрөк менен сезип, баары биригип обон салышат. Кызыгы, көп ырлардын текстин клавишада ойногон Дмитрий Притула жазат. Бөтөн жерде өз талантын такшалтып, ата журтунун туусун желбиреткен таланттуу мекендештерибиз учурда изденип, улам жаңы чыгармаларды жаратуу жолунда. Эмне демекчибиз, виват, мекендештер!


"ЯЛЛА" ТОБУНУН “ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ” ЭМНЕДЕ?

Топтун аталышы – “Ялла”
Түзүлгөн жылы – 1970-жыл
Өлкөсү – Өзбекстан
Басым жасаган музыка жанры – фольклор, рок, поп
Популярдуу ырлары – “Үч кудук”, “Чинури”, "Чайхана" жана башкалар
Учурдагы курамы – Фарух Закиров (ырдайт), Аббос Алиев, Жавлон Тахтаев, Алишер Туляганов (түрдүү музыкалык аспаптарда ойнойт)
Сыйлыктары – Топтун жетекчиси Фарух Закиров Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан республикаларынын Эл артисти, топ өз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген ансамбли

“Ялла” тобу 1970-жылы түзүлүп, 1972-жылга чейин катардагы топтордон эле. 1972-жылга чейин дегенде “эмнеге?” деген суроо туулдубу? Дал ушул жылы топтун лидери Фарух Закиров топтун курамына кирип, “төңкөрүш” жасаган. Ал “Ялланын” имиджин өзгөрткөн. Ырларына өзгөчө жан берген. Ал эми кең аймакка “Алло, биз таланттарды издейбиз!” аттуу бүткүл союздук сынакта таанылышкан. Сынактын Москвада өткөн финалында “Рамазан”, “Плывут туманы белые” аттуу ырларды аткарып, бир нече дипломго ээ болушкан. Ошондон тарта бүтүндөй СССРге таанылып, учурда КМШдагы атактуу топтордун бири.
Бир кезде эл арасында “топ эмне басаңдап калды?” деген суроолор туула баштаганда супер шлягер жаралган. Ал – 1980-жылы жаралган “Үч кудук” аттуу ыр. Аталган ыр бүгүнкү күнгө чейин топтун кадыр-баркы болуп келет.
“Ялла” деген сөз эмнени түшүндүрөт? Өзбектердин элдик бийи, музыкасы дал ушундай аталышта. Ошол себептен “Ялла” аталган.
Алар, негизи, өзбек жана орус тилдеринде ырдашат. Бир өзгөчөлүгү – кайсы өлкөгө гастролго барышпасын, ошол тилде бир ыр үйрөнүп, ырдоону салтка айлантышкан. Алар Кыргызстанда, Вьетнамда, Түркияда, Израилде, Швейцарияда гастролдо болушкан.


"А'CТУДИО" “ЕВРОВИДЕНИЕДЕН” БАШ ТАРТКАН

Топтун аталышы – “А’Студио”
Түзүлгөн жылы – 1987-жыл
Өлкөсү – Казакстан
Басым жасаган музыка түрү – Поп-рок, софт-рок, евро-поп
Популярдуу ырлары – “Жулия”, “Улетаю” жана башкалар
Учурдагы курамы – Кэти Топурия (ырдайт), Байгали Серкебаев, Владимир Миклошич, Фёдор Досумов
Сыйлыктары – 2007-жылы "Fashion TV People Awards" сыйлыгынын «Эң стилдүү топ» наамына, ошол эле жылы Казакстандын «Тарлан» сыйлыгына ээ болгон. Орусиялык «Золотой граммофон» сыйлыгынын эки жолку ээси. "MTV Russia Music Awards" сыйлыгынын «Мыкты топ» наамы акыркы ийгиликтеринин бири

1987-жылга чейин азыркы “А’Студио” тобунун мүчөлөрү Байгали Серкебаев, Владимир Миклошич болуп “Арай” деп аталган топто ырдап жүрүшчү. Алар менен бирге атактуу казак ырчысы Роза Рымбаева да гастролго чыккан күндөр болгон. Жогоруда аталган жылы Байгали мырза топтун аталышын өзгөртүүнү ойлоп, “Алмата” деп аташат да, топ ырчы Батырхан Шукенов жана гитарачы Баглан Садвакасов менен толукталат. Алгачкы “Путь без остановок” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндө топтун аты “Алмата Студио” деп өзгөрөт. Бул учурда аталган топ катары менен ыр жазып, өз өлкөсүнө гана таанылып турган.
1989-жыл – топтун тарыхындагы эң ийгиликтүү жыл. Дал ушул жылы “Жулия” аттуу мегахит ыры жарык көрүп, көпчүлүктүн купулуна толгон. Ырды жактырып калган Алла Пугачёва топтун аткаруучулары менен таанышууну көздөп, Москвага чакырат. Топ менен жакындан таанышкан Орусиянын примадоннасы өзүнүн ыр театрында иштөө сунушун киргизген. Ошондон тарта топтун аты Пугачёванын сунушу менен кыскартылып “А’Студио” деп аталып, Алланын жардамы менен бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө таанылган.
Топтун мүчөлөрү бир нече жолу алмашкан. Ырчы Батырхан Шукенов жеке ырчы болууну самап топтон кеткен соң анын ордуна Полина Озёрных (Гриффис) келген. Ал да төрт жыл иштеген соң топтон чыгып, өзүнчө ырдоого өткөн. Анын ордуна 2005-жылы Кэти Топурия алынган.
2006-жылы 2-августта “А’Студио” тобу эң чоң жоготууга учураган. 17 жыл бою топко эмгегин сиңирип, бүт өмүрүн арнап келген гитарачы Баглан Садвакасов автокырсыкка учурап, дүйнө салган. Мусулман эли курман болгондорго куран окутуп сооп иш кылышат эмеспи, муну топтун мүчөлөрү жакшы билишет. Ар жылы август айында Алматыга келип, кесиптешине куран түшүрүп турушат.
Мындан бир нече жыл мурун “А’Студио” тобу “Евровидение” сынагына катышууга чакырык алышкан. Бирок бул сунушту кабыл алган эмес. Мунун себебин “Евровидение” сыяктуу сынактарда ким жеңип, ким жеңилери алдын ала пландалат. Мындай интригалар биздин топ үчүн эмес” деп түшүндүрүп келишет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
MARAL
2010-08-13 22:59:51
Бактыгул азаматсын!!!Бул топторду биз уй-булообуз менен угабыз!!!Город 312 Кыргызстандан экени бизди аябай куьандырат!!!
0
meerime
2010-08-14 02:00:34
gorod 312 supper...
0
edikad
2010-08-16 15:57:01
гобор 312 (Бишкек) всегда в переди молодцы
0
timika
2010-08-18 20:06:16
312 БУЛ ЭН МЫКТЫ ГРУППА!АЗАМАТТАР!
0
bagdat
2010-08-19 01:28:11
Света Назаренко оооо мен аябай сыймыктанам, суйом, урматтайм, сыймыктанам, буйруса озуно лично жолугуп ыраазычылыгымды айтам, ал эми Фарух Закировдун ялласы чынында легендарлуу, нацист болсом дагы ырларын жакшы кором, бирок оздорун коротурган козум жок, А"студио боордошторумдун мурунку жана азыркы музыкаларын жакшы кором, кейиштуусу Баглан жарык дуйнодон отуп кеткени, жаны жанната болсун, чыныгы музыкант болчу.
0
Akjol
2010-09-11 05:17:45
312 тобу Кыргызстандан чыкканына аябай кубанам,Светлана кыргызча ырдап чыкканда озумчо суйунуп,толкунданганмын. Азамат экен Светлана Назаренко.Ийгилик!Жаны жаны кыргызча ырларды жарата беришсин.
0
ogustin
2010-09-27 19:00:01
gorod 312.!!! mykty ozgocho stili menen svetlana unu menen airymalanyp elibizdi kubandyryp syimyktantyrat. birok bizdin bahschylarybyz ech kachan talant degen nersenin maanisin tolugu menen baalagan emes. azyr dele baalabayt. bul nerseni baarybyz bilebiz. achuu bir chyndyk. kanchalagan talanttuu insandarybyzdyn emgekteri omur menen koshotshkondon kiin gana eskerilet.emen uchun? biz madaniyatka konul bolsok elibizdi bat ele duynogo jakshy jaktan taanytmak elek.sport, madaniyat,urp adat jana taryh
0
ogustin
2010-09-27 19:00:06
gorod 312.!!! mykty ozgocho stili menen svetlana unu menen airymalanyp elibizdi kubandyryp syimyktantyrat. birok bizdin bahschylarybyz ech kachan talant degen nersenin maanisin tolugu menen baalagan emes. azyr dele baalabayt. bul nerseni baarybyz bilebiz. achuu bir chyndyk. kanchalagan talanttuu insandarybyzdyn emgekteri omur menen koshotshkondon kiin gana eskerilet.emen uchun? biz madaniyatka konul bolsok elibizdi bat ele duynogo jakshy jaktan taanytmak elek.sport, madaniyat,urp adat jana taryh
0
ogustin
2010-09-27 19:01:38
anan bizdin irina shott degen yrchy kyzybyz bar ele. al kyzybyz da oto talanttuu yrchylardan. tenelgis unu bar. al kai jakta azyr?
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан