КОЙ (21.03-20.04)
Ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз. Витаминдүү тамактарга басым жасап, аллергия чакыра турган азыктардан алыс болуңуз. Күзгү аба алмашуунун таасиринен улам ден соолугуңузда маселе жаралышы күтүлөт. Шейшембиде чоочун адамдар менен конфликтке баруудан алыс болуңуз. Апта соңунда жашаган жериңизден башка жакка чыгып эс алып келишиңиз күтүлүүдө.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде көптөн бери жетпей жүргөн кыялыңызга жетип кубанасыз. Ал күнү эңсеген буюмуңузду сатып алып же самап жүргөн жумуш ордуна ээ болушуңуз ыктымал. Жол эрежелерин сактап, кырсык жарала турган жерлерден алысыраак болуңуз. Баары жайында болушун кааласаңыз, эс алуу күндөрүн үй-бүлө менен чогуу өткөрүүнү жылдыздар сунушташат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушта жаралган анча-мынча көйгөйлөргө көңүл бурбаңыз. Эгер аларды чечүүгө өзүңүздүн алыңыз жетпесе ишенген кесиптештериңиз жардамга келип, колдон-буттан алып, жардам көрсөтүшмөкчү. Үй-бүлөдө деле баары ойдогудай болмокчу. Бирок ата-энеңиз сиздин акыркы күндөрү аларга көңүл бурбай калганыңызды айтып кыжалат кылышат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде кандай гана иш кылбаңыз жаңылыштык кетирбегенге аракет кылыңыз. Эгер ишиңизде же жеке жашооңузда маселелер жаралып калса аны чечүү кыйынга туруп калышы ыктымал. Достор, жакындар дайым сизди колдоп туруусу үчүн сиз да аларга көңүл буруп, байланышып, ал-абалдарын сурап турууга убакыт табыңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында чала тааныш адамдарга ишеним артуудан сак болуңуз. Ысык суу, электр жабдыктары менен этият болуңуз, күйүккө кабылышыңыз ыктымал. Жуманын аягы катардагы күндөрдөгүдөй эле уланмакчы. Үй тиричилик иштери менен көбүрөөк алек болуп, эмеректердин ордун алмаштыруу, бөлмө ичтерин желдетүү, айлана-тегеректи иретке келтирүү сыяктуу жумуштар күтүп жатат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Алдыдагы пландарыңызды ишке ашырууда финансы жагынан тартыштык жаралбасын десеңиз, ушул жумадан тарта тер төгүп иштеңиз. Эс алуу, алыш-катыш, майрамдык кечелерге чакырык алуу үчүн акча талап болору эсиңизде болсун. Апта ичинде иштериңиз ийгиликтүү болушу үчүн жылдыздар сизден чечкиндүүлүктү талап кылышат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөр үчүн абдан жагымдуу болмокчу. Биринчи жарымы алдыга койгон максаттардын ишке ашышына ылайык келсе, экинчи жарымында жакын адамдар, достор, туугандар менен гармонияда эс алуу күтөт. Бирок күйүп калуу, токко урунуу, жыгылып кетип бир жерин кокустатуу сыяктуу кырсыктардын алдын алыңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жуманын башында сыркоолоп калышыңыз ыктымал. Үйгө мейман келери күтүлүүдө. Алкоголдук ичимдиктерди же ден соолукка зыян азыктарды жеп-ичүүдөн алыс болуңуз. Ошондой эле элдик медицинага көңүл буруп, “чоң эненин рецепттеринен” деле баш тартпаганыңыз пайда. Апта соңунда таза абада сейилдеп, бош убактыңызды тынч абалда өткөрүңүз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын биринчи бөлүгү сизге кызыктуу сюрприздерди тартуулайт. Күтүүсүз болгон жолугушуу, жакындардан жагымдуу сунуштардын түшүшү сизди динамикага чулгайт. Жума күнү кайрымдуулук иштерин кылып, бирөөлөрдүн ыраазычылыгын алганыңыз ашыктык кылбайт. Аптанын акыркы эки күнүн көптөн бери чечилбей келген маселелерге арнаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01))
Апта олуттуу иштерди жүргүзүүгө ылайыктуу. Бирөөгө ишенип алданып калышыңыз күтүлүүдө. Чала тааныш адамдардын сиздин ишенимиңизге кирүүсүнө жол бербеңиз. Апта соңунда жалган маалымат угуп, маанайыңыз түшүшү мүмкүн. Андыктан кандай гана жагымсыз жаңылык уксаңыз да анын чын-бышыгын аныктап туруп чечим чыгарыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көптөн бери бүтүрө албай жүргөн иштериңиздин аягына чыгып, жеңилдейсиз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Апта аягында жашооңузду өзгөрүүгө алып барган адам менен таанышып, жагымдуу эмоцияларга марыйсыз. Адамдар менен баарлашууда ораторлук жөндөмүңүз жардамга келмекчи, тартынчаактык кылбаңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жылдыздар көп суммадагы акчаны жаныңызга алып жүрбөө керек экенин эскертишет. Акчаңызды шылуундарга алдырып жиберип же кереги жок буюм үчүн ашыкча чыгым болуп калышыңыз ыктымал. Ыксыз сатып алууларга азгырылбаңыз. Кечигүү – сизге душман болмокчу. Жумушка, конокко же маанилүү жолугушууларга кечигип, уят болосуз же чыгым тартасыз.