Африкада климаттын өзгөрүшү чоң көйгөй болуп тургандыгына байланыштуу, аны экологиялык жол менен чечүүнү көздөшүүдө. Антпесе чөлдүн аянты уламдан-улам көбөйүп бара жатат. Маалыматтарды чет элдик басылмалар жазууда. Аймакты жашылдандыруу иш аракеттери август айында башталган. 27 өлкөдөн 399 ыктыярчы Сенегалдын түндүк тарабынан баштап бак отургуза башташкан. 8 миң чакырымга чамалаган бак-дарактан турган “жашыл дубал” абадагы тонналаган көмүр кычкыл газын соруп алат деп үмүт артышууда. Мындан тышкары жергиликтүү калкты айыл чарба, дыйканчылык менен алектенүүгө үндөп жатышат. Бак отургузуу долбоору 2030-жылы аягына чыгат деп пландаган бийлик.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg