Спорт жылдызы
Арабызда Жордан десе баскетболду, баскетбол десе Жорданды элестеткендер жок эмес. Чынында, Майкл Жордан баскетбол тарыхында өчпөс из калтыра алды. Анын оюндары бир да баскетбол сүйүүчүсүн кайдигер калтырбастыгы анык. Биз бүгүн артка кылчайып, жүрөктө калган спорт жылдызы Жордандын өмүр баянына токтолмокчубуз.
МАЙКЛ ЖЕФФРИ ЖОРДАН
1963-жылы 17-февралда Бруклинде жарык дүйнөгө келген.
Бою – 198 сантиметр
салмагы – 98 килограмм
Лакап аты – Абанын падышасы
Жетишкендиктери – 2 жолку Олимпиада (1984, 1992) жана 6 жолку УБАнын (1991, 1992, 1993, 1996, 1997, 1998) чемпиону. УБАнын “Жылдын эң пайдалуу оюнчусу” наамынын 5 жолку ээси, УБАнын Жылдыздар беттешинин 14 жолку катышуучусу.
Бойдок. 3 баланын атасы.
Учурда Иллинойс штатында жашайт.
АТАКТУУ БЕЙСБОЛЧУ БОЛУУНУ КААЛАГАН
Жордандын ата-энеси Жеймс менен Делорис 1956-жылы баскетболдук оюндан кийин таанышышкан. Ошондо Жеймс АКШнын аба аскер күчтөрүндө кызмат өтөсө, Делорис студент болчу. Экөө тең сырткы келбети боюнча катардагы орто бойлуу адамдардай болуп, баскетболчуга мүнөздүү белгилери жок эле. Майкл үй-бүлөдө 4-перзент. Эки агасы, эжеси жана Рослин аттуу карындашы бар. Мектепте деле кыйратчу эмес. Жакшы окуганга умтулбай, тартип жагынан да маселелер чыгып турчу. Көбүнчө баскетбол аянтында болууну туура көрчү.
Ошентсе да Майкл бала кезинде спорттун көптөгөн түрлөрү менен алектенген. Бирок бейсболду сүйүп, келечекте профессионал бейсболчу болууну самачу. Мектеп Лигасында командасы менен финалга чейин жетип, жекеликте мыкты оюнчу деп аталууга да жетишкен. Андыктан көпчүлүктүн бейсболчу Майклдан үмүтү чоң эле. Бирок Майкл агасынын таасири астында баскетбол менен алектене баштайт. Баскетбол ойноого анын боюнун узун эместиги тоскоол боло алган эмес.
Майкл 9-класста окуп жүргөндө келечегине таасирин тийгизген бир окуя болот. Көптөн бери ойлоп жүргөн тилеги ишке ашпай, Эмсли Лэйн мектебинин баскетбол командасына өтпөй калат. Команданын машыктыруучусу соңку учурда андан баш тартып коёт. Капаланган Майкл машыктыруучу ката кетиргендигин далилдөөгө өтөт. Ал тынымсыз машыгып, акырындан максатына жете баштайт. Бир жылдын ичинде боюн 10 сантиметрге узартууга жетишет (175 сантиметрден 185 сантиметрге өскөн). Көксөгөн командасына 11-классында кабыл алынат. Ал кезде бою 186 сантиметр болуп калган эле.
ОЛИМПИАДАЛЫК ОЮНДАР
Жордан Олимпиада чокусун 2 ирет багынткан. Биринчи жолу өз үйүндө өткөн мелдеште (“Лос-Анжелес-1984”) чемпион болушкан. Өз үйүндө дубалдар да жардам берип, америкалыктар курамында бир да профессионал жок чемпиондукка жетишкен. Ал эми Майклдын 2-Олимпиадасы триумф менен аяктаган.
1992-жылы Барселонада өткөн мелдеште АКШнын командасы “кыялдагы команда” деген атка конгон. Команда өткөргөн 8 оюндун баарында 100дөн кем эмес упай менен жеңишке ээ болгон. Америкалыктар жарым финалда Литваны 127:76, финалда Хорватияны 117:85 эсептеринде жеңген. Кызыгы, ошондо америкалык баскетбол жылдыздарынан кол тамга алуу үчүн күйөрмандар гана эмес, алардын атаандаштары да кезек күтүп калышкан.
ЧОҢ СПОРТТОН ЭКИ ЖОЛУ КЕТИП, КАЙРА КАЙТКАН
Атасынын кыялы. Дал ушул нерсе үчүн Майкл биринчи жолу чоң спорттон кеткен. Бул тууралуу ал 1993-жылы октябрда атасы өлтүрүлгөндөн 3 айдан кийин маалымдаган. Көрсө, атасы Майкл келечекте бейсболчу болсо деп кыялданчу экен.
Андыктан кийинки жылдын мартында Майкл көпчүлүктү таң калтырып, “Чикаго Уайт Сокс” бейсбол командасы менен келишим түзгөн. Бирок Майкл атасынын кыялы менен бир жылдан ашык алектене албай койгон. 1995-жылы мартта Майкл жөн гана “мен келдим” деп кайрадан көнгөн адатынча топту торго түшүрүү менен убара боло баштайт. Бирок арадан 4 жыл өткөндөн кийин профессионалдык спорттон четтөөгө аргасыз болгон. Бул жолу 2 жылга четтеп, 2001-жылы “Чикаго Буллз” эмес, “Вашингтон Уизардсдын” курамына кошулган. Карьерасындагы акыркы беттеште “Филадельфия-76” командасына каршы ойногон. Оюн бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда алмаштырылса да, күйөрмандардын сүрөөнү менен кайра майданга чыгарылган. Оюндун акыркы 4 мүнөтүндө анын урматына миңдеген күйөрмандар кол чаап турушкан.
КУМАР ОЮНДАР
Нью-Жерсидеги “Атлантик Сити” казиносу кимдерди гана кызыктырбаган. Карьерасынын туу чокусунда Жордан да кумар оюндарына азгырылган. Эртең оюн деген түндөрү да аталган казинодо жүргөн учурлары болгон. Майкл казинодон 57 миң доллар уттурганын моюнга алган. Бул тууралуу анын: “Ооба, мен кумар оюндарына азгырылгам. Бирок чектен чыгып кеткен эмесмин. Убагында өзүмдү токтото алгам”,- деп айтканы бар. Ал эми Ричард Эскинас деген адам китебинде Жордан менен гольф ойноп, миллион доллар утуп алгандыгы тууралуу жазган.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Майкл 1989-жылы Хуанита Ванага үйлөнгөн. Жеффри Майкл (22 жашта) менен Маркус Жеймс (20 жашта) аттуу уулдары жана Жасмин деген кызы бар. Мындан 4 жыл мурда Майкл 17 жыл биргелешкен жашоодон кийин жубайы менен ажырашкан. Айрым маалыматтар боюнча, буга Майклдын бирөө менен жашыруун мамиле куруп жүргөндүгү себеп болгон. Эки уулу тең ата жолун жолдоп, баскетболду сүйүп, аны менен алектенишет. Жылдыздуу ата уулдарынын оюндарын калтырбай, аларга кеп-кеңешин берип келет. Майкл 2007-жылдан бери Иллинойс штатындагы Хайленд-Парк шаарында жашайт.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg