Караколдо «Кумтөрдүн» өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы талкууланды. Өкмөт менен «Центерранын» ортосунда кол коюлган стратегиялык макулдашуунун күчүнө кириши менен Кыргызстан алдына койгон пландарынын ишке ашуусу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болот.
Караколдогу тегерек столдо республиканын алдындагы экономикалык көрсөткүчтөрдү, аймактарды өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү сактоону жогорулатуу боюнча ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө «Кумтөрдүн» өкүлдөрү кеп кылышты. Активисттер, экологдор жана жергиликтүү бийликтин «Суроо-жооп» форматындагы жолугушуусу кызыкдар тараптардын баарына бирдей пайдалуу болду. Алтын кенди казуучу компаниянын менеджерлери ушул жылдын 26-августунда күчүнө кирген стратегиялык макулдашуунун негизги пункттарына кенен токтолушту. Жаңы макулдашуу боюнча «Центерра» Кыргызстанга өзүнө эч кандай кошумча милдеттенме албаган 150 миллион АКШ долларын төлөп берет. Бул сумманын бир бөлүгү жаңы түзүлгөн Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк боюнча фондуна келип түшөт жана ал республиканын бардык облустарындагы социалдык жана инвестициялык долбоорлорду каржылоого сарпталат.
Жолугушуунун дагы бир таасири – жарандык секторго бюджет түзүүчү алтын кенин казуучу ишкананын иши жөнүндө туура маалыматты жеткирүү мүмкүнчүлүгү.
Өз кезегинде Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, экоактивисттер жана укук коргоочулар өздөрүн кызыктырган суроолорду «Кумтөр» өкүлдөрүнө жана инвестордун колдоосу менен түзүлгөн коомдук фонддордун жетекчилерине беришти. Кыргызстандыктарды баарынан мурда берилген миллиондорду максаттуу, туура жана ачык-айкын бөлүштүрүү маселелери көбүрөөк кызыктырат.
– Абдан чоң каражаттар бөлүнүүдө, биз болсо ал акчаларды көргөнүбүз жок,- деп Каракол шаардык кеңешинин депутаты Галия Хурова өзүнүн сөзүндө эмоция менен белгилеп өттү. Анын айтымында, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна компания өзүнүн дүң кирешесинин 1 пайызын чегерет, бул жылына
7 миллион долларга жакын акча.
– Баары эле «Балдар, силердин «Кумтөрүңөр» бар да, силер деген алтындан салынган жол менен жүрүшүңөр керек» деп айта беришет, бирок мага каражаттар кайда сарпталып жатканы түшүнүксүз. Караколдун бардык эле жашоочулары өңдүү (жалпы Ысык-Көл облусун айтпай эле коёлу) Галиянын дагы «Центерра» 50 миллион доллар бир жолку төлөмүн жүргүзгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун акчасына кен иштеп бүткөнчө 3,7 миллион доллар төлөп, тазалоочу курулмаларды оңдоп-түзөп же алмаштырарына үмүтү чоң. Ысык-Көлдүктөр үчүн көйгөйлүү маселелердин бири – «көгүлтүр берметти» жоготуп алуу, экологиялык катастрофага байланыштуу коркунучтардын болуп жатышы. Жарандык сектор жана жергиликтүү бийлик таштандыны кайра иштетүү, таза иче турган суунун сапатын жогорулатуу, сугат тутумун реконструкциялоо маселелерин көтөрүүдө. Бул түздөн-түз дыйкандардын жана фермерлердин жумушун жеңилдетип, кирешесин көбөйтмөкчү.
Тегерек столдун жыйынтыгын чыгарып жатып, «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын корпоративдик маселелер боюнча директору Анара Отогонова жарандык коомдун инвестордун колдоосу менен ишке ашып жаткан экономикалык жана социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда көзөмөл жүргүзүүгө абдан кызыкдар жана даяр экендигин белгиледи.
«Биз мындан ары калктын суроолоруна биринчи ооздон алынган толук жоопторду жана туура маалыматтарды натыйжалуу жеткирүүнүн үстүндө ойлонобуз»,- деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын өкүлү. Компания региондогу кен жабылган учурда элди жумуш менен камсыздоочу жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү берүүчү туруктуу социалдык-экономикалык долбоорлор түзүлүп жана ийгиликтүү иштешине кызыкдар.