«Супердин» сурак бурчу
Каныкей,
17 жашта, студент:
– Азыр партиялардын саны абдан көбөйүп кетти. Баары эле "элдин жашоосун оңдойбуз" деп жатышат. Ошол себептен кимиси утуп чыгарын айта албайм. Көп жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан “Ата Мекен” партиясы элдин ишенимине кирип калды деп эсептейм. Ушул партия жеңишке жетиши мүмкүн.
Азамат,
27 жашта, юрист:
– Азырынча бул же тигил партия алдыга озуп чыгат деп айта албайм. Учурда партиялардын жасап жаткан иш-аракеттерине карасак, эгерде таза шайлоо болсо, "Ата Мекен", "Ата Журт" жеңишке ээ болушу мүмкүн. КСДПнын да колдоочулары көп.
Айгүл,
41 жашта, мугалим:
– Азырынча бул партия жеңишке жетишет деп айтуунун өзү кооптуу. Себеби кырдаал курчуп кетип, баары
өзгөрүлүп кетиши да мүмкүн. Азыр Кыргызстандын саясаты өзү туруктуу болбой жатпайбы. Кайсы партия жеңишке жетишпесин, эл үчүн иштесе эле болду.
Максат,
45 жашта, эсепчи:
– Менин оюмча, КСДП, “Ата Мекен”, “Ак шумкар” партияларынын жеңишке жетишүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Айыгышкан салгылашуу да ушул партиялардын ортосунда болот. Шайлоо жакындаган сайын булардын ичинен добушумду кимге береримди ойлонуп жатам.
Гүлжамал,
55 жашта, врач:
– Менин оюмча, көп орунга “Ата Мекен” менен КСДП ээ болот. Ал эми кээ бир партиялар жаңы уюша калып эле шайлоого катышканы турушат. Бул туура эмес нерсе. Мен бир топ шайлоолордо иштеп жүрүп, анын быкы-чыкыларын көрүп-билип калгам. Ошол кейпибизди кийбесек эле болду.
Бакыт,
39 жашта, жеке ишкер:
– Азыр лидерлик кылып жаткан партиялардын бирине да ишенбейм. Карап турсаң баягы эле бийликте жүргөн адамдар. Кыргызда жакшы кеп бар, “көнгөн адат калабы” деген. Шайлоонун деле таза өтүшүнө ишенбейм. Кайсы партиянын акчасы же бийлиги болсо, жеңиш ошол тарапта болот.
Фарида,
23 жашта, мээрман айым:
– "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Республика"... Бул партияларда жаш саясатчылар да көп. Ал эми бийликке жаштар келсе, өлкөбүздү жаңы жол менен азыркы абалдан чыгарып кетишет.
Бахияна Сатылганова