«КАТАР-2022»: «АК ШУМКАРЛАР» ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИШ ЖАРАТТЫ

«Катар-2022» Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында кыргыз курамасы октябрь айында эки беттеш өткөрдү. Алгач 10-октябрда Бишкекте "Ак шумкарлар" Мьянма курамасы менен ойношсо, 15-октябрда Монголияга каршы конокто беттеш өткөрүштү.

Быйыл 5-сентябрда Тажикстанга жеңилип калган кыргыз курамасына Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калбаш үчүн бул оюндарды жеңүү абадай зарыл эле.

КЫРГЫЗСТАН – МЬЯНМА ОЮНУНАН ФАКТЫЛАР:

  • 20 жаштагы Алимардон Шукуров бул оюнда эки гол киргизип, курама команда үчүн дубль жасаган эң жаш оюнчу болду;
  • Кыргыз курама командасы өз тарыхында эң ири эсепте жеңишке жетти. Буга чейин Кыргызстан 1997-жылы Мальдив курама командасын 6-0 менен утуп алган;
  • 27 жаштагы Валерий Кичин бул оюнда улуттук курама үчүн расмий беттештердеги алгачкы голун киргизди.

ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ЖАШТЫК ШИРЕЛИШКЕНДЕ

Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан-Мьянма оюну башталганга чейин эле күйөрмандарды кубандырды. Себеби ал алгачкы мүнөттөрдө оюн талаасына эки жаш футболчуну чыгарды. Алардын бири – Беларусь чемпиондугунда жылдызы жанып келе жаткан 18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов болсо, экинчиси – Түркиянын 2-лигасындагы «Болуспор» клубунда топ сүргөн 20 жаштагы Алимардон Шукуров. Алардын жаштыгына тажрыйба кошо турган Мирлан Мурзаев, Эдгар Бернхардт, Валерий Кичин баштаган футболчулар да старттык курамда чыгышты. Бул оюнда жаракатынан улам 2 жылдан бери улуттук курама үчүн ойнобой келген Виктор Майер дагы оюн талаасына чыкты.

Крестининдин дагы бир өзгөчөлүгү – бул оюнда кыргыз курамасы 2 борбордук коргоочу менен оюн алып барды. Буга чейин Тажикстан менен болгон оюнда, ушул жылдын башында өткөн Азия Кубогунда да биздин команда 3 борбордук коргоочу менен ойногон. Бирок тажиктер менен болгон оюнда Кыргыз курамасынын коргонуусу чабал экендиги байкалган. Демек, ал оюндан соң Крестинин тактиканы өзгөртүүнү чечип, ийгиликтүү кадамга барды.

КҮЙӨРМАН КААЛАГАН ЖЕҢИШ

10-октябрь. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Калыс оюндун башталганын билдирип ышкырык жаңыртты. Алгачкы гол көп күттүргөн жок. 4-мүнөт аяктап бара жатканда капитан Кичин каршылаштын бир оюнчусун алдап, Бернхардтка пас чыгарып берди. Ал өз учурунда 20 метр алыстыктан дарбазага таамай сокку жасады. Тез гол киргизип алган кыргыз оюнчулары дем-күч алып, 5 мүнөттөн кийин эсепти 2-0гө айландырды. Бул ирет Бернхардт голду башы менен киргизди. Мьянмалыктар өз оюнун издеп тапканча, Алыкулов сол капталдан баштаган чабуулун алгачкы ирет старттык курамга чыккан Шукуров гол менен жыйынтыктады. Андан соң кезек Алыкуловго келди. 25-мүнөттө ал дагы ысымын таблого жазганга жетишти. Биринчи таймдын акыркы секунддарында Кичин алыстан таамай сокку уруп Мьянма курамасынын дарбазачысын дагы бир ирет капалантты. Эсеп 5-0. Бул биринчи таймдын жыйынтыгы гана. Тыныгуу учурунда "Аргентина-Ямайка 5-0" деген ыр эске түштү.

Экинчи таймда Шукуров 2-голун киргизсе, Бернхардт 11 метрлик айып соккуну ийгиликтүү аткарып хет-трик жасады. Ал кыргыз курамасы үчүн хет-трик жасаган экинчи оюнчу болду. Буга чейин Виталий Люкс Азия Кубогунда Филиппин курамасына үч гол киргизе алган.

Жалпы эсеп 7-0. Мындай жеңишти бардык күйөрмандар каалаган, бирок күткөн эмес. Голдорго суусап турган күйөрмандар мындай жеңиштен кийин үйлөрүнө кеткиси келбей бактылуу көз ирмемде башка күйөрмандар менен чогуу болууну каалап, көпкө стадиондон тарашкан жок.

КОЛДООЧУЛАРДЫН ЭМГЕГИ

Бул күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 13 миң адам чогулду. Күйөрмандар дагы бул оюнга мыкты даярдык менен келишиптир. Оюн башталганга чейин алар Кыргыз курамасынын футболкасын желбиретип, кооз перформанс тартуулашты. Мындай көрүнүш кыргыз футболунда алгачкы ирет болду. Фанаттардын мындай аракетин оюндан кийин башкы машыктыруучу Крестинин да баалады. Алгачкы 10 мүнөттө "Ак шумкарлар" 2 гол киргизди. Футболчуларыбыздын ийгилиги күйөрмандарды күүлөнтүп, колдоолор бир секундга тыйылбай, кыйкырык-сүрөөндөр токтогон жок. 25-мүнөттө эсеп 4-0 болгон соң күйөрмандарды токтотуу мүмкүн болбой калды. Бирде стадиондо чогулган фанаттар толкун кылышса, бирде телефондорунун жарыктарын күйгүзүп өзгөчө маанай тартуулап жатышты. Айтор, күйөрмандар бир мүнөт да тыным албай оюнчуларга чоң колдоо көрсөтүп турушту. Бул тарыхый жеңиш оюнчулардын, тренердик штабдын, Футбол федерациясынын гана эмес, күйөрмандардын да эмгеги десек жаңылышпайбыз.

Оюн аяктаарына бир нече мүнөт калганда футбол талаасына бир күйөрман жигиттин чуркап чыгышы маанайды бир аз түшүрүп, капалантты. Бирок аны чыныгы күйөрман деп айтуу да мүмкүн эмес. Себеби бул көрүнүш үчүн Азия футбол конфедерациясы менен ФИФА Кыргыз футбол федерациясын жазалаары анык. Кандай жаза болот, ал алдыңкы күндөрү белгилүү болот. Мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин 2015-жылы Австралия менен болгон оюнда да күйөрман талаага чуркап чыгып, анда Футбол федерациясына 28 миң доллар айып пул салынган.

КЕРЕКТҮҮ 3 УПАЙ

Тарыхый жеңиштен кийин кыргыз курамасы Монголиянын борбор калаасы Улан-Баторго 3 упай үчүн сапар алышты. Буга чейин Кыргызстан менен Монголиянын улуттук курамалары футбол талаасында бир да жолу кез келген эмес.

Оюн Монголиянын Футбол федерациясынын жасалма футбол талаасында орун алды. 5 миң күйөрман баткан стадиондо ондон ашык кыргыз күйөрмандары "Ак шумкарларды" колдоп турду. Аз сандагы кыргыз фанаттарынын монголдорго караганда жигердүү колдоо көрсөтүп жатканы, албетте, оюнчуларга сүрөөн болду.

Оюндун 14-мүнөтүндө Мурзаевдин чыгарып берген пасын Алыкулов голго айлантты. Биринчи таймдын аягында Мурзаев өзү дагы айырмаланып, эсепти 2-0гө айландырды. Биринчи бөлүктөн кийин күйөрмандар кыргыз курамасы дагы ири эсепте жеңишке жетет деген үмүттө калган. Бирок бул ойлорго монгол футболчулары макул эмес болуп чыкты. Экинчи таймда монгол футболчулары мыкты ойноп башташты. 55-мүнөттө Кыргыз курамасынын капитаны Кичин айып аянтчасынан эреже бузду. Ал эми Монголиянын капитаны пенальтиден эсеп санын кыскартты. Монгол футболчулары голдон кийин өздөрүнө ишене түштү. Павел Матяш турган дарбазага байма-бай кооптуу абалдар жаралды. Бирок монголдор өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок. Оюн соңуна чыкты. Кыргыз курама командасы өзүнүн мыкты оюнун көргөзө албаса дагы, конокто керектүү 3 упайга ээ болду! Мындан кийин Кыргыз курамасы F тайпасында 6 упай топтоп экинчи орунга чыкты.

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын кийинки этабына өтүү үчүн Улуттук курама команда алдыдагы оюндарда максималдуу упай топтогоо аракет кылышы керек.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kanybek1986
2019-10-21 14:38:59
Жениш алга ак шумкарлар японияны да тажикстанды да женип бир тарыхый беттеш откоргуло уткула аз гол киргизип болсода расса кутуп жатабыз
+2
kanybek1986
2019-10-21 14:40:41
Тезираак 15 болсо качаан болот
+2
kanybek1986
2019-10-21 14:41:40
Экоону утсанар ошондо тарыхый беттеш десе болот
+2
1982bek
2019-10-23 13:32:17
Алга,Кыргызстан!Албетте,кийинки оюндарда бизге созсуз жениш керек.Ишенебиз курама командабызга.Кийинки оюндар,озубуздун жерде болот,ушул учурларды туура пайдаланып,упай алганга жетишели.
+1
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан