КУРУТОБ
Мукарам Кадирова, Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын тургуну:
– Курутоб тажиктердин тамагы, бирок муну Өзбекстандын жана Баткендин айрым жерлеринде да жасап жүрүшөт. Мурун бул тамакты курутту эзип жасашса, азыр көпчүлүгү сүзмөнү колдонуп калышты. Фатир (каттама нан) жок кезде даяр каттаманы колдонсо болот.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
(6 порция үчүн)
Ун – 600 грамм
Сары май – 7 аш кашык
Ачыткы – 1 чай кашык
Сүзмө – 300 грамм
Туз – татымына жараша
Укроп, көк пияз – табитке жараша
Помидор – 2 даана
Бадыраң, пияз – 1 даанадан
Туз – татымына жарашаДаярдоо ыкмасы:
1. Фатир же каттама нанды даярдоо. Муну даярдоо рецепти каттаманыкына окшош. Сууга тузду эритип алабыз. Унду идишке салып, дрожжду жана 1 аш кашык сары майды кошуп, орточо катуулукта камыр жууруп, 20 мүнөт тыныктырабыз. Камырды 2 бөлүккө бөлүп жаябыз. Ар бири жупжука болуп жайылышы зарыл. Мындан соң 4 аш кашык сары майды эритип беттерине шыбайбыз.
Кайра үбөлүк менен ороп, үстүнөн узунунан бычак менен кесебиз. Камырды узунунан кайра 2ге кесебиз. Эми камырларды улам биринин артынан бирин улап рулет сымал тоголоктоп ороп чыгабыз.
Ороп бүткөндөн кийин камырды нан формасында жалпак кылып жаябыз.
Бетине жумуртканын сарысын шыбап, ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз.
2. Укроп менен көк пиязды туурап бир идишке, помидор менен бадыраңды туурап бир идишке салып, үстүнө туздан себелейбиз. Сүзмөнү сууга боткодой кылып эзип алабыз.
3. Чоң идиштин түбүнө укроп менен көк пияздын жарымын салып, фатирди туурайбыз.
Сүзмөгө 50-60 градустагы ысык суудан куюп фатирдин үстүнө куюу керек. Сары майдын калганына пиязды кууруп туруп муну да үстүнө куюп жиберебиз. Укроп менен көк пияздын калганын, бадыраң, помидорду эң үстүнө себелейбиз. Тамак даяр.
Айта кетчү нерсе, каалоочулар курутобго помидор менен бадыраңды кошпой койсо деле болот.
УМАЧ
Мархамат Жороева, Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну:
– Умач тамагынын кубаттуулугу эт шорподон калышпайт. Айран катыктап ичсе да болот.
Керектелүүчү азыктар:
(2-3 порция үчүн)
Ун – 50 грамм
Суу – 400 грамм
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Сүт – 150 грамм
Туз – татымына жарашаДаярдоо ыкмасы:
1. Табакка унду жайпак кылып салып, 100 грамм сууга тузду эритип алабыз. Ундун үстүнө сол кол менен сууну бир аз сээп, оң колдун алаканы менен (манжаларды ачып) унду бир жакты көздөй тынбастан айландырып аралаштыра баштайбыз. Майда тоголоктошкон камырлар жарала баштайт. Сууну анда-санда себүү жана тынбай аралаштыруу менен унду умачтап бүтөбүз.
Бул тамакты жасаганды билген айрым шаардыктар
2 колун алгач сууга, анан унга малып, 2 колун сүргүлөө менен ун тоголокторун жасап жүрүшөт. Бизде антип жасоону туура көрүшпөйт.
2. Казанды отко коюп, майды куюп, умачталган камырларды салып кызарта кууруйбуз.
Үстүнө 300 грамм муздак суу куюп, 20 мүнөт бышырабыз. Эми үстүнө сүт куюп, 5 мүнөттөн кийин чыгарабыз. Тамак даяр.
КУУРМА АТАЛА
Марапат Осмонова, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын тургуну:
– Бул курсак ачканда тез даярдалуучу тамак.
Керектелүүчү азыктар:
(7 порция үчүн)
Ун – 50 грамм
Сары май – 1 аш кашык
Муздак суу – 1,5 литр
Сүт же эзилген курут – 100 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Көмөч казанга май куюп, ысыганда унду кызарта кууруп, үстүнө 1,5 литр суу куюп, туз салып, кайнатабыз. Бат-бат аралаштырып туруу кажет. Бышканда үстүнө 100 грамм сүт, же 100 грамм эзилген курут кошуп коёбуз. Же бир аз муздатып айран кошсо да болот.
КАЛМЕНДЕ
Уларкан Төрөбекова, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Каба айылынын тургуну:
– Бул тамакты балдар «торт» деп аташат. Анткени ширин.
Керектелүүчү азыктар:
(5 порция үчүн)
Ун – 700 грамм
Жаңгак – 2 килограмм
Сүт – 1 литр
Суу – 0,5 литр
Кумшекер – 200 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жупка бышыруу. 500 грамм ундан камыр жууруйбуз. Аны майда тоголокчолорго бөлүп, диаметрин 15-20 сантиметрден кылып жайып, казанга 2 жагын тең кактап бышырып алабыз.
2. Жаңгак майын алуу. Жаңгактарды чагып, маңызын эт туурагычтан өткөрөбүз. Сокуга жанчса да болот. Казанды отко коюп ысытып, жаңгак маңызын салып, үстүнө туздуу суудан азыраак себебиз. Маңыз кол күйбөгүдөй болгондо казанды чыгарып, маңыздарды кол менен сыгып, майын бөлүп алабыз.
3. Буламыкты даярдоо. Идишке сүт менен сууну куюп отко коёбуз. Ысыганда 200 грамм унду чуурутуп салып тынбастан аралаштырып бышырабыз. Коюу ботко пайда болот. Оттон алып, кумшекерди кошобуз.
4. Чаранын түбүн майлап, биринчи жупканы салып, үстүнө буламыкты шыбайбыз. Үстүнө экинчи жупканы коюп бетин майлайбыз. Кийинки жупканын бетине буламык, андан кийинкисинин бетине май сыйпалат. Ушинтип баарын кезектештирип тизип чыгабыз.
Жупкаларды 2ден кылып май сүйкөлгөн жеринен ажыратып, оромодой же самсадай кылып ороп чыгабыз. Анан кесип жей беребиз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg