Ырыс Окенова, режиссёр: "СЕРИАЛДЫН ЧЫГЫМЫН САМАРА КАРИМОВА ТӨЛӨГӨН ДЕГЕН УШАК ЧЫГАРЫШТЫ"

“Акшоола” телесериалын тарткан режиссёр Ырыс Окенова менен КТРКнын жетекчилиги ортосунда чыр чыкты. Режиссёрдун айтымында, сериал канча акчага тартылганы тууралуу “Азаттык” такталбаган маалымат таратып жиберген. Телесериалга анда жазылгандай, 250 миң доллар эмес, 25 миң доллар сарпталып, анын 8 миң доллары гана төлөнгөнүн, калганын ала албай жүрүп чыр күчөп кеткенин каарманым баяндап берди.

– Ырыс айым, учурда талкуу чордонунда болуп жаткан чыр эмнеден башталды?

– Негизги чыр сериалдан башталды. Маалым болгондой, 23 сериядан турган “Акшоола” сериалын былтыр тарткам. Ал болгону 25 миң долларга тартылды. 8 миң долларын КТРК жарнама компаниясы менен бирге төлөп беришкен, бирок калган акчасын кийин беребиз дешкен. Мурунку жетекчи убагында чечилбей калган маселе Жайнак Үсөн уулу келгенден кийин да чечилген жок. Сериалды КТРК өзүбүздүкү деп жарыялады, мага эч нерсе төлөнгөн жок. Өзүмө деле сурабайт элем, талашка түшкөн акча – бул сериалга кеткен чыгым. КТРКда сериал тартууга ылайыкташкан эч бир техника жок, болгону эки оператор, анан мен иштегенбиз. Жарык, интершум менен иштеген адам, локация, актёрлордун гонорары, съёмка учурундагы кийимдер, тамак-аштын баарына өзүм чуркадым. Кээ бирин сүйлөшүп, кээ бирин жарым акчасын төлөп тартканбыз. Бир учурда 6-7 адамдын жумушун аткардым, бул жеке менин эмгегим.

– Сериал тартылардан мурун каражат жагы кандай сүйлөшүлдү эле?

– Сериал жарнаманын эсебинен тартылмак. КТРК жарнамалык мүнөттөрүн дүң баада сатып жиберет экен, ал эми сатып алган компания аны кайра кымбат баада сатып, алып-сатарлык менен алектенет. Мен дыйкан катары өндүргөн товарды КТРК алды да, эфирден көрсөтүп туруп “рынок азырынча сериалды көтөрбөйт экен” деген шылтоо менен акчасын төлөбөй коюшту. Сериалдын каражат жагын башкарган укукту КТРК “Куазар” деген жарнамалык компанияга берген. Төлөп берүү үч бөлүк менен берилмек. Биринчи – көрсөтүү болгондо жарнаманын эсебинен, анда топтолбосо чет элге сатуу каралган эле. Биринчи жолу эфирге берилгенден кийин эле жарнамалык компания кетенчиктей баштады. Ал эми КТРКнын жетекчилиги аларды ордуна коюп чыгымды өндүрүүнүн ордуна кайра мени кодулай баштады. Өздөрү биринчи жолку сериалыбыз деп мактанган сериалын, өз кесиптешин коргобой, сыртта, маселени ийне-жибине чейин билбеген “Азаттыктын” такталбаган маалыматына ишенип алды. Кыргызстандын чоң машинасы болуп турган КТРКга бир жөнөкөй жарнамалык компания акчасын бербей сүйрөйт деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сериал прайм-таймда турса, жарнамалар кетип жатса, эмнеге чыгым жабылбай калат? Башка бир жакка кетип жаткан акчаны бул сериалга буруп койгондо чыгым жабылып калмак. Акчанын башка баштыкка түшүп жатканы кимдир бирөөнө ыңгайлуу окшойт. Бул схема башынан эле бар экен. Жарнамалык акча кандай жол менен кимге түшүп жатканы белгисиз. КТРКнын учурдагы башкы директору бул маселени чечип берем деп жүрдү. Элге азыр сериал керек, тасмалар керек. Башталган ишти мындан ары алып кеткенге мүмкүнчүлүк болуп турса колдонбой коюшту. Акчанын аркасынан канча сүйрөлүп жүрдүм. “Ана-мына” деп жүрүп жетекчинин мага берген акыркы жообу: “Азаттык" жазып чыкты го, 250 миң доллар бөлүнүптүр”,- деди. Күлкү келерлик окуя, эгерде чындап ошондой сумма бөлүнсө таптакыр башкача сериал тартмакмын.

– “Азаттык” сериалга 250 миң доллар сарпталган деген маалыматты кайдан алды?

– Маалымат чыккандан кийин эле аны жазган журналист Альбина Сулаймановага байланыштым. “Мени менен байланышып туруп жазбайсыңбы, бул кайдан келген сумма? Бизде иштеп кеттиң эле, мени оңой эле табат элең го” дедим. Ал “мен аны орусча тексттен которгом” деп айтты. Учурунда ал журналист жетекчилигине кайрылып “менден ушундай ката кетти” деп айтып түзөтүү беришсе болмок. Чыгары менен Фейсбук баракчама “кайдагы нерсени айтып жатасыңар, сериалдын тарыхында андай акча бөлүнгөн эмес. “Азаттык”, калп, такталбаган маалымат жазып жатасыңар” деп жазгам. Эч кандай тактоо берилген жок. Айтылган макаладан ошол жерин гана кесип салышыптыр. “Ошончо акча бөлүнүп, аны Ырыс жеп алды” деп мени шектене карагандар, аброюма шек келтиргендер болду. Атүгүл жетекчибиз да ишенип алды. Жетекчи катары финансылык директорду, юристти чакырып тактатып алса болот эле. Профессионалдуу, тыкыр иликтөө жүргүзүп мага бул цифра кайдан келип чыкканын таап бериши керек эле. Анын ордуна мени түртмөлөгөнгө өттү. Ушуга эле улай актриса Самара Каримова (ред.: "Акшоола" сериалында башкы ролду ойногон) сериалдын каражатын төлөп коюптур деп чыгышты. КТРКдагы интриганы сүйгөн адамдардын "Самара төлөдү" дегендери жетекчиге таасир берди окшойт. Ал 7 ай бою биз менен жүрүп, тойлорун, иштерин токтотуп коюп, ролду аткарып, анан эмне үчүн бизге акча төлөп бериши керек? КТРК ушактын деңгээлинде иш кылып калганы өкүндүрөт. Логикалык ойлонуу такыр жок. Үмүтүм калбаганда президент Сооронбай Жээнбековго кат жаздым. Ошондо мага карата куугунтук башталды.

– Жогорку Кеңештин депутатын чакырып “Манас” аталышындагы арак тууралуу дебат учурунда чыр чыкты” деп да жаздыңыз...

– Биз “Манас” аталышындагы арак тууралуу эфир даярдап жатканбыз. “Ким макул?” деген долбоор июнь айында бекитилип, иштеп жаткан элек. Талкууга ушундай маселелерди көтөрүп жүргөн депутат катары Рыскелди Момбековду чакырган болчубуз. Ал киши, көрсө, оппозициячыл маанайдагы депутат деп эсептелинет экен. Менин мындан кабарым деле жок болчу. Көрсөтүүнү жолдошум, манасчы Дөөлөт Сыдыков экөөбүз алып барып жатканбыз. Түз эфир учурунда башкы директор продюсерге чалыптыр, ал режиссёрго чалыптыр. Ал учкуч сымал да, пульттан такыр жылбашы керек эле, аны зордоп жиберишиптир. Кулагымдагы наушникте ызылдашып эле жатышты. Эфирди эптеп бүтүрдүк, кийин башкы директор Жайнак Үсөн уулу өзүнө чакырды. “Эмнеге мындай дебат жасадыңар, долбоор жабылсын” деди. Мен эмне тууралуу дебат кыларымды Жайнак Үсөн уулунан сурабайм да. Мен түздөн-түз өз жетекчилигимден сурайм. Менин “Манас” арагы тууралуу талкуу уюштура турганымды алар билишчү. Жабылсын дегенде “Эмнеге жабылат?” дедим. “Кадрда динамика жок, анимация, шапка начар” деди. Качан башкы директор шапканы карачу эле? Ал үчүн башка толтура кызматкер бар. Башкы директор эфирдин шапкасын карап отурса 6 канал, бир нече радио, кайда калат? Иши кылып жаба турган болду. “Сиз Манаска каршысызбы?” дедим аягында. Менин түз суроомо жооп берген жок. Сериалдын каражаты тууралуу ортобузда келишпестиктер бар болчу. Ички туюмум менен менин ишмердүүлүгүмө каршы экенин байкадым.

– Сизди кетириштиби же өзүңүз арыз жаздыңызбы?

– Өзүм арыз жаздым. Мен ишимди аябай жакшы көрчүмүн, эки күн барбай калсам сагынып кетчүмүн. Эки жолку революцияда чогуу турдук. КТРКга чабуул болгондо ыйлаган күндөрүбүз болгон. Ал жерди мен азыр да сыйлайм, болгону жетекчилик тараптан кысым көрсөтүлгөн абалда иштей албай калдым. Мен жаратманмын, чыгармачыл адаммын. Эмгегимди тебелеп-тепсеп, өзүмдү кысымга алышканына чыдай албай кеттим (ыйлап). Ооруканага жатып чыктым. Ушунча жыл иштеген ишим, кадыр-баркым тепселип калганына ыза болдум. Эми аягына чейин күрөшөм. Менин да чындыгым бар. “Азаттыкты” жалган маалыматы үчүн сотко бердим.

– Арызыңыз сотто кабыл алындыбы?

– Кабыл алынды. 10 күндүн ичинде кабар беребиз дешти.

– Жолдошуңуз Дөөлөт Сыдыков экөөңүздөрдү “аялынын сөзүн сүйлөп, анын ишине аралашпай “Манасын” айтып жүрө берсе болмок” деген да сөздөрдү жазып жатышат бул сизге катуу тийдиби?

– Катуу тийди. Мен үчүн үй-бүлөм ыйык. Жеке жашоомо да сөз тийип жатат. “Манас” жолдошума ыйык болгон үчүн ал мага ушул темаларды карап көрчү дегенинен улам бул темаларды талкууга койгом. “Манас” тууралуу сценарий жазуу колумдан келбейт эле, анын демилгеси менен ушул иштерди кылып келебиз. Дөөлөт кайда болбосун “Манасты” даңазалап, соккуларга төшүн тосуп келет. Мен аны эмес, ал мени ушул темага ээрчитип келди. Бул эң туура тандоо деп ойлойм. Адам эч убакта өзүнүн өткөнүн унутпашы керек.

– Маегиңизге рахмат. Чыр тез арада басылып, ден соолугуңуз калыбына келишин каалайбыз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырыс Окенова: "Сериалдын чыгымын Самара Каримова төлөгөн деген сөз калп"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
love_you
2019-10-21 09:35:30
Биздин эле эле бир нерсени жасап коюшуп, аркасынын чырдашып эле жатып калмай. Садиктеги эле балдар. Президентти деле киши ордуна көрүшпөй калган окшойт да,
+10
_PeriWa_
2019-10-21 10:33:50
Баарына Азаттык куноолуу экен да. Азыр эч кимге Азаттыкты укпай,ишенбей да калышты. Элдин ишенимине киребиз деп эле качан караба такталбаган маалымат жазып чырдашып эле журушот. Эже соттон утуп чыгып оз наамын актап кайра ишке келуусун талап кылабыз!
+1
Nourlan
2019-10-21 12:57:35
Ушул эжекеде таптакыр режиссердук талант жок. Жөн эле акча коротуп сериал тартпай эле койсо жакшы болмок.
+3
Mister-X
2019-10-21 18:14:08
Nourlan,Мен жаратманмын, колуман баары келет деп атпайбы... Элге жагабы, жакпайбы иши жок
0
nursiyanur
2019-10-21 13:54:52
Эми бир сериал тарса,ошону да ызычуу кылгыла.Буттан тартканды качан коёт экенбиз
+5
arnal78
2019-10-21 14:23:55
Lostfilm,Netflix тарткан сериалдардай сериал тартышса бири биринин канын ичишмек экен. Алардын тартканына он жылдан ашкан сериалдарын кайталап корсон да тажатбайт.
+1
karona12
2019-10-21 15:05:44
Ушул эжени такыр сыйлабайм бир жылы жылдын мыкты ырчысы деп конкурс уюштура калып.Добуш боюнча Кенже Кобокова алса дагы сахнадан Самара Каримовага берип койгон.
0
Tai19
2019-10-22 02:37:01
Азаттык акыркы учурда ото ото кооп баратат.озум билем отугум торго илем кылып!азаттык жазса туура.а чыныгы ошол окуянын кубосу же ошо окуяга тиешелуу адам айтса аныкы жалган болуп калды!негизи эле журналистерди бир аз сыгып койуш керек!а то кооп баратат
+2
Tai19
2019-10-22 02:38:07
Азаттык кооп баратат!азаттык жазса туура.а ошо жазылган окуянын каарманы озу айтса жалган!
-2
Agayu
2019-10-22 14:56:56
Кыскасы КЫРГЫЗ ЭЛИМ аман эле болгула ! Аман эле болгула .Өзбектердей кино тартып калсаңар барбы өлмөксүңөр тытышып жыртышып.Ошончун да Кудай бизди кедейчиликти берип койгон .Болбогон Акшоолага 250миң $ .Саны бар сапаты жок сериал .Мага негизи кыргыз киносу такыр жакпайт өтө начар продюсерлер детиский мультикке окшоп тартышат.Жаман көрсөңөр жаман көрө бергиле .
+7
elmira.
2019-10-24 00:34:33
Agayu,кошулам ...мен да ичим эч жылыбайт кинолорубузга...болгону 2-3 сериял кинобуз бар анысы да чыр менен.Ак шооланы твдан козум чалынып жатты бирок такыр корбодум кызыгып...Озбектер бизден алда канча алдыда сериялынан коп нерсе жок...Бокира деген сериялын коруп жатам азыр мен...(темадан сырткары кечиресиздер)...
+1
Absamat-90
2019-10-22 21:05:28
Ырыс эженин эмгеги зор КТРК учун. Азаттык эмнегедир акыркы кундору жалган маалымат таратып, бироону каралоо менен алектенип калган сыяктуу.
0
Absamat-90
2019-10-22 21:11:19
Президентке жазган катынарды билип калып жетекчилик кысымга алды да коррупциялык схема билинип калат деп. Туура эле кылгансыз. КТРКнын реклама болугундо ото чон каражат ойнойт, ошонун бетин ачууга салым кошот элениз.
+7
Tiken
2019-10-23 03:09:43
Азаттыкты кимдер каржылаганы белгилуу, бирок бул айым Толобеков менен да урушуп журду эле го сыягы... Же акынызды коп жедиресиз же чырга жакынсызбы айтор мага ушундай эки ача пикир келди...
+1
taalay25
2019-10-24 15:21:55
Tiken,жедирбейт акысын))
0
AiperiO
2019-10-25 01:07:19
250мин$ Отто коп акча... Ырыс эже айткандай, башкача тартылат бш керек эле. 25мин$ кетти десе ишенесин. Азаттык, деги эле кээде бир журналистер тактабай эле "имиш " мн жазып калышты.Ушуларды козомолдогон орган барбы?
0
admin_portal
2019-10-28 11:31:16
baku24, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан