АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУН ПРЕЗИДЕНТТИ “ЖУРТ АТАСЫ” АТАГАНЫ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековду “журт атасы” атаганы талкууга түштү.

Саясатчы 15-октябрда жергиликтүү ЖМКлардын биринде суроолорго жооп берип жатып “президент
Сооронбай Шарипович бийликке келгенде КСДП партиясынан келдим, КСДПнын саясатын жүргүзөм, кадрларын колдойм деген жок. Президент болуп шайлангандан кийин журт атасы экенин көрсөтө алды”
деди. Келдибеков президент Жээнбековдун жакшы иштеринин бири деп, анын саясатчыларды оппозиция же бийликчил деп бөлбөй, баарын жолугушууларга чакырып, кеп-кеңешин угуп жатканын белгиледи. Коомчулукта Келдибековдун сөзүн бийликке жагынуу, кошоматтык кылуу деп түшүнүп, “парламенттик шайлоо жакындап калганы үчүн президентти мактоого өттү” деп сындагандар арбын болду. Мындай маанай коомчулукта дагы деле “президенттин батасын алган партиялар жана талапкерлер гана шайлоодо жеңишке жетишет” деген түшүнүк жоюла электигин көрсөттү. Тагыраагы, Кыргызда шайлоо системи өзгөрүүсүз калып жатканынын, бийликке кимди алып келүүнү эл өзү чечет деген ишеним жок экендигинин белгиси.

Экс-спикердин сөзүн парламент депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун 2017-жылы ал кездеги президент
Алмазбек Атамбаевге карата айткан сөзүнө окшоштургандар болду. Өмүркулов Алмазбек Атамбаев бийликте турганда аны “журт атасы” дегени үчүн талкууга түшкөн.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан