БОЙГО ЖЕТКЕН БОЙДОК ЫРЧЫ КЫЗДАР КИМДЕР?

"Кыздын бараар жери күйөө" демекчи, ар бир кыз бактысына жараша эртеби, кечпи, өз ордун табат. Анын ичинде кыргыз ырчыларынын арасындагы бойдок кыздарыбыз да жигиттерди кызыктырбай койбойт. Ошондон улам азил-чыны аралаш бойдок жылдыздар жөнүндө маалымат берүүнү туура көрдүк. Балким, ушул макаладан кийин кыздарыбыздын бактысы ачылып кетээр?..

Кенже Дүйшеева
“Кыз Бурактын” эркек мүнөз бул кызы – кесиби боюнча журналист. “Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес 9 жаш, эй” деп бекеринен ырдабаса керек, анткени, жашы 30дан ашып калса, албетте, Кенжени ала турган жигит менен айырмасы болот да. Ошентсе да Гүлшайыр эженин темирдей катуу тарбиясын көргөн өзгөндүк бул айымды алган эркек эч жаңылбайт. Анткени, чыгармачылыгын деле, үй оокатын деле семичкедей чаккан Кенже мыкты жар, мээримдүү эне, керек болсо күйөөсүнө да эне болуп бере алат. Ушунун баарын эске алсак, карлыгач каштуу бул кызыбыздын калыңы деле оңой эмес, андыктан, азыртадан камына бергиле, мырзалар.

Айжамал Кабылова
“Жан, жан, жолуктуң кайдан” деп жолуккан жигиттерди бир ыры менен отургузуп койгон Айжамалга ашык болгон жигиттер алгач Гүлшайыр эжесине, андан кийин Кенже эжекесине жагыш керек. Андан кийин гана бул жигит Айжамалга өмүрлүк жар боло алат. Жогорку билимдүү бул кызыбыз деле 25 жашты чапчып койду. Угушубузга караганда, Айжамалдын жигити Түркияда экен. Ошон үчүн эле “Айта бар арманымды” деп армандын баарын Түркияга жиберип жаткан турбайбы. Эмнеси болсо да, ордолуу Оштун оймок ооз кызын алуу оңой эмес. Жигиттерге күмүш сырга: Айжамалга былтыр жеке концертинде Гүлшайыр эжеси “Ауди” маркасындагы машинаны белек кылган. Андыктан, малыңызды дагы, пулуңузду дагы камдап, кеминде «Мерседеске» жыгыласыз, урматтуу талапкер.

Гүланда
Айбек Карымовдун Гүландасын кимдер гана билбейт. Нарындын назик бул кызы “Бактылуу болуп алалы” деп сахнага келгенден бери эле бакытты эңсеп келет. Политехникалык университетти аяктаган 25 жаштагы селкининин жигити бар деп угабыз. Бирок, “чуркагандыкы эмес, буюргандыкы” демекчи, бул кызыбыз Айбек байкебизден эле артпай калат көрүнөт. Ошондой болсо да эмгегиңиздин акыбети кайтып, Гүланда сиздики болуп калаары ажеп эмес. Ошондуктан, оозунда алтын тиши бар бул селкинин жактыргандар эмитеден чуркай берсеңер марага Айбек байкеден биринчи келип калаарсыңар.

Бактыгүл Бадыева
Болгондо да жалаң министр, депутаттарды сыздаткан айдай сулуу пери Бактыгүлдүн да турмуш курганга даяр болуп калган маалы. Үй десе үйү бар, өзүнөн да сулуу чоктой кызыл машинасы бар 22 жаштагы Оштун сулуусу кимге буюруп турат болду экен? Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Бактыгүл келечекте Таластын тамшандырган келини болот экен. Чоңдордун көзүнө илинген бул кызды өмүрлүк жар кылып алуу оңой-олтоң иш эместир.

Неля
Таластын татынакай кызы Нелянын жигити бар экендиги жө­нүндө гезит бетинен окуп эле жүр­сөңүздөр керек. 24 жаштагы Неля өзү ырдагандай, балким, бул маалымат “жалган, жалгандыр”. Эгерде жалган болсо, орус мүнөздүү бир үйдүн тун, эрке кызын алам деген жигиттер көп. Алардын арасынан бул ырчы бир гана сизге буюруп калышы мүмкүн, анткени, “ат чаппайт, бак чабат” деген сөз бар эмеспи. Андыктан, Неля менен чыгыш бийин «тыткыңыз» келсе, эртерээк чамдаганыңыз оң.

Гүлмира
Бир кездеги кичинекей Гүлмиранын азыр бойго жетип болкулдап гана турган мезгили. «Эстраданын акуласы» аталган Динара эжесининен деле жетишээрлик эле тарбия көрдү окшойт. Динара эжесинен кеткенден кийин эркиндик колуна тийип, биринчи эле чачын кести да, сапсары кылып боёп алды. Сахнага көп чыкпай калганына караганда Гүлмира сахнанын эмес, бир үйбүлөнүн «акуласы» болот көрүнөт. Анда эле Гүлмираны алган жигит «кит» болушу керек, эгерде «кит» болбосо, анда «акулага» жем болоору турган кеп. Кандай болгон күндө да 22 жаштагы Казармандын бул бийкечине жеткен да арманда, жетпеген да арманда.

Фарида Карбосова
Таластын кызы Фарида 26 жашта. 10 жылдан бери Алина апчесинин колунда тарбияланып келет. “Сүйүүнүн кемесин желбиреткен” бул кызыбызды “Мирлан Жетигенов алат экен» деп да чыгышты. Дагы жакшы, бул жөн гана пиар болуп, албай калды. Эгерде кудай буюруп алып калса, кимиси күйөөсү, кимиси аялы экенин билбей башыбыз маң болмок экен. “Кара кыздын агынан эмес, багынан” демекчи, бул кызыбыздын багына жазылган мырза бир жерде жүргөндүр. Ким билет, ал мырза бир күнү ак боз атын чапкылап келип калса, тойго күбө болуп калаарбыз.

Нуриса Абазова
“Жол алыс ай болсо кантейин” деп эле жолдун алыстыгына шылтап отура бербей ошондо эле жөө жөнөсө, эмдигиче жетээр адамына жетип калмак экен. Токтогулдун 30 жаштан ашкан бул сулуусун карасаң 18дегидей эле көрүнөт. Эч нерсе эмес, “отурган кыз орун табат, орун тапса да зорун табат” демекчи, бир зор бул кызыбызга буюруп тургандыр.

Гүл
“Мен өзгөрүп баратамын” деп ырында ырдагандай, бул кыз сахнага чыккандан бери өзгөр­гөндөн өзгө­рүп эле бара жатат, каякка чейин барат, ким билет. 21 жаштагы Таластын таланттуу, татынакай кызы Искусство институтунда окуйт. Азырынча материалдык байлыгы болбосо да ыр жазып, ырдап, болочоктогу күйөө­сүн өзү эле багып алганга кудурети жетет. Бирок, жигиттерге эскертүү: Таласта калың кымбат, андыктан, эмне кылышты биз айтпасак деле өзүңөр билсеңер керек.

Назми
“Алдаба, алдаба сен” деп Бек байкесин алдамчыга чыгарган көлдүн аккуусу Назми 28 жашка чыгып калды. “Көлдүн кызынан кач” деген сөздү жигиттерибиз көңүлдөрүнө катуу түйүп алышкан көрүнөт. Э-эй, жигиттер, көлдүн кыздарына жетпей жүргөндөр канча?! Башкалардыкындай үйү, машинасы болбосо да мыкты үнү бар бул кызыбыз келечекте койкойгон сулуу келин боло алат. Андыктан, убакыттан уттурбагыла.

Азиза
“Кайдасың азыр кайдасың?” деп тамагы айрылганча сүйгөнүн издеп ырдаган Азиза 26га чыкса да түгөйүн таба элек. Токтогулдун торгой кызы күкүк болуп зейнебин издеп кете электе көп какшатпай келгилечи, жигиттер. «Сүйгөнү бар экен» деп эле гезиттен окуп качпагыла, себеби, “кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат” деген сөз бар эмеспи. Балким, сиз чындап Азизаны сүйсөңүз, ал сиздин өмүрлүк жарыңыз болуп калышы мүмкүн. Негизгиси, аракет кылсаң берекет да.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан