КАНАТБЕК МАМАТОВ ФИФАнын ПРЕЗИДЕНТИ ЖАННИ ИНФАНТИНО МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

16-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушту. Маалыматка таянсак, жолугушууда Инфантино 2022-жылы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз курама командасынын ийгиликтерин баса белгилеп, улуттук курамдын Мьянма жана Монголия курамасы менен беттеште жеңишке жетишкени менен куттуктады. Ошондой эле эки тарап кызматташтык тууралуу пикир алышып, Кыргыз футболунун келечегин талкуулашты.

Жанни Инфантино ФИФАнын президенттигине 2016-жылдын февраль айында шайланган. Ал эми Канатбек Маматов үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган.

Айта кетсек, Кыргыз курамасы 10-октябрда Мьянманы 7:0 эсебинде, 15-октябрда Монголия курамасын 2:1 эсебинде утту. Тайпада 2-орунда келе жатат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан