Парламенттик шайлоо жакындап, шайлоого катышууну көздөгөн партияларды 9 пайыз босоголук чек ойлондурууда. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык чекти административдик ресурсту колдонбой ашып өтүү мүмкүн эмес деп жатышат. Шайлоо босогосунун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлүшү бийликтин катарында болбогон топторду гана эмес, учурда парламентте отурган айрым депутаттарды да ойлонтууда. Мыйзамда 9 пайыз деп белгиленген босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанар Акаев атайын сунуш киргизгени жатышат. Бул тууралуу Жанар Акаев мындай дейт:
– Буга чейин Исхак Апсаматович экөөбүз электрондук шайлоо системи тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Ага ылайык, шайлоочулар партияларга гана эмес, андагы талапкерлерге жекече да добуш беришет. Тагыраагы, партиянын тизмесиндеги жаккан гана талапкерлерине добуш берип, жакпаганын чийип сала алышат. Ким депутат болушу керектигин азыркыдай партия лидери эмес, эл чечет. Ошондо накта эл ишенген, татыктуу адамдар парламентке келишет. Эми ушул эле мыйзам долбоору аркылуу 9 пайыздык чекти 5 пайызга түшүрүү нормасын да сунуштаганы жатабыз. Колдоо табабы, жокпу, депутаттар чечишет. Босоголук чек жок эле дегенде 7 пайыз болушу керек. 9 пайыз деп шашып кабыл алып койгонбуз. Бул чек калса парламентке 2-3 эле партия келиши мүмкүн. Биз жаңы партияларга мүмкүнчүлүк берели, парламентке мүмкүн болушунча көбүрөөк партия келсе деп жатабыз.
Аталган 2 депутат сунуштаган өзгөртүүлөр жакынкы күндөрү парламенттин тийиштүү комитетинде, андан соң пленардык жыйында каралары күтүлүүдө. Коомчулуктун пикирин депутаттар эске алышабы же көз жаздымда калтырабы, мыйзам долбоору талкууга түшкөндө көрүнөт.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg