АИДА САЛЯНОВА АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРДИ

Экс-башкы прокурор Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирди. Салянова 15-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу соттук отурумга кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм. Бул иштин деталдарын айта албайм. Бирок жалпылап айтканда, ал киши (ред.: Алмазбек Атамбаевге) көрсөтмө бергенин (ред.: кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу тууралуу) өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим. Бул иште күнөөлүү адам сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Себеби күнөөлүү адамдын артынан канча адам жабыр тартты. Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев менен беттешкенде ал мага каршы эч нерсе айта алган жок. Алдыда да айта албайт деп ойлойм".

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, Алмазбек Атамбаев кармалган соң 15-августта үй камагына чыгарылган. ИИМ анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча “мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди” деп түшүндүргөн.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
27 томду түзгөн Батукаев боюнча соттук иш: Атамбаев келген жок
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан