БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗСТАНДА 3294 ДИНИЙ УЮМ БАР...

  • Экономика министрлиги: Өлкөнүн 453 айыл өкмөтүнүн 83 пайызы дотацияда.
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына таянсак, өлкөдө учурда 3294 диний уюм бар.
  • Ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн Бишкек шаардык соту 2 жылга кыскартты. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 14 жылга соттолгон эле.
  • 2019-жылдын 31-августуна карата Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 469 миллион долларды түздү.
  • Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды.
  • Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 23-декабрга чейин үй камагында болот.
  • Чүй өрөөнүндө Борбор Азиядагы алгачкы панорама музейи курулат.
  • Кыргыз өлкөсүндө жарандар 4 күн катары менен эс алат. 7-8-ноябрь күндөрү өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленсе, 9-10-ноябрь күндөрү ишемби жана жекшемби күнгө туш келет.
  • Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2020-жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.
  • Кийинки жылы «Манас» жана «Ош» аба майдандарында Туристтик борбор ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу билдирди.
  • 2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды.
  • Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды.
  • 2020-жылы аймактарды өнүктүрүүгө 2,1 миллиард сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан