Биздин бүгүнкү конок апасынын эрке баласы, кара көздүү кыздардын агасы болгон ырчы Дайыр Исмадияров. Бул жигит бирде “тутанбас сүйүү” деп кайгырса, бирде “студенттик күндөрүн” сагынып ырдап жүрөт. Шайыр мүнөз Дайырдын маегине орун берели.
Толук аты-жөнү – Исмадияров Дайыр Эсенбаевич
Туулган жылы – 1986-жыл, 16-июль
Жылдыз белгиси – Бөйөн
Бою – 175 см
Салмагы – 69 кг
Бут кийиминин өлчөмү – 40
Фобиясы – Жылан
Жактырган тамагы – Шишкебек
– Ырчыларды маектешүүгө чакырсак эле, продюсериңер менен жетелешип келип каласыңар. Ар бир сөзүңдү текшереби?
– Жок, мен өзүмдүн оюмду айтам. Канат экөөбүздүн оюбуз бир чыгат.
– Чыгармачылыкта эмне жаңылыктар болууда?
– Буюрса, Питерге чыгармачылык сапар менен аттанганы турам. 14-августта барып, 17-августта келип калам.
– Анда орозо кармабайт турбайсыңбы?
– Түшүмдө орозо кармай албай калат экем деп бушайман болуп жатып, ойгонуп кеттим. Негизи, мен 6-класстан 11-класска чейин апама кошулуп орозо кармачумун. Студент кезде кармабай калдым. Себеби студенттер ансыз деле орозодо жүрүшөт да.
– Жакында туулган күнүң болду. Мүчөл жашыңды кандай тосуп алдың?
– Чоңойгон сайын ызы-чууну каалабай баратам. Ошон үчүн Көлгө досторум менен кетип калгам. Ал жакта мен, анан бир төө жылдыз болдук. Кыздар бир мени менен сүрөткө түшүп, анан төө менен сүрөткө түшүп... Төөсү бар байке “төө менен сүрөткө түшөсүңөрбү?” десе, кыздар “жок, Дайыр менен сүрөткө тартып коюңуз” дешет. Бир маалда эле шалдырап, башым айланып жаман болдум, көрсө, кирине кирип кетиптир. Ошонун айынан күндүзү сыртка чыкпай, түнкүсүн бассейнге жана көлгө түшүп жаттым.
– Сууда сүзгөндү жакшы билет окшойсуң?
– Ооба, Өзгөндүн Жазы дарыясына чумкуп сүзүп жүрүп эле үйрөнүп алгам. Бош убактым боло калса, бассейнге шашам.
– Ырым-жырымдарга катуу ишенет турбайсыңбы?
– Мага тез-тез көз тиет. Бир эле жолу сахнага чыксам, кирине кирип, көңүлүм жаман болуп кетет. Ошондуктан дайыма тумар тагынып жүрөм. Ырым-жырымдарды кээде колдонуп коюш керек, пайдасы күч. Көз мончок мага түтпөйт, дароо эле үзүп алам. Бир жолу автокырсыкка учурагандан бери машинамды аста айдап калдым. Ошондуктан ырым-жырымдарга көңүл бурам.
– Автокырсыкка учурагам дебедиңби, катуу жаракат алган жок белең?
– Жок, биринчи жолкусунда катуу ылдамдыкта келатып, эки машина менен кагышып кеткем. Кудай жалгап, эч бирибиз жаракат алган жокпуз. Бирок машиналар жарактан чыккан. Экинчиси “Тутанбас сүйүү” ырыма клип тартып жатканда болду. Клипте каарман кызды машина уруп кетип, мен чуркап барышым керек эле. Ошол кызга жолдон чуркап өтүп баратканда мени машина коюп кетпеспи. Бактыма жараша, катуу жаракат алган жокмун. Болгону, колум бир аз ооруксунуп калыптыр. Клипте кызды көтөрүп бараткан жеринде колумдун ооруганынан бети-башымды тырыштырган жери байкалат.
– Ошон үчүн тумарды түшүрбөйт турбайсыңбы. Дайыр, шайлоо жакындап калды. Кайсы партияда ырдайын деп ойлонуп турасың?
– Мен саясатка таптакыр кызыкпайм. Азырынча кайсы партияга ырдаарым чечиле элек. Бирок 2-3 партиядан сунуштар түшүүдө. Алдыңкы эки партиянын ортосунда ойлонуп турам. Бирөөсүнө ырдап берем го.
– Акыркы кездерде кара көздөрдүн карегинен айланып ырдап калдың, күйөрман кыздар көп болсо керек?
– Күйөрмандарыма сүйүнөм. Интернетке кээде кирип калсам, ал жактан таанышкан кыздардан көп каттар келет. Алардын көңүлү калбасын деп жооп жазам. Кээлери мен жооп бергиче “а-а, сен жылдызсың да” деп таарынып баштайт. Чыдамы жок кыздарды жаман көрөм.
Жаш күйөрман кыздар бар деп жүрсөм, улгайган агалар, эжелер да менин күйөрмандарым экен. Көл жээгинде отурсам, улуу эле байке келип, “сен “Кара көзүмдү” ырдаган Дайырсыңбы?” дейт. Телефонунда ырым бар экен, коюп берди. Менин чыгармачылыгымды баалагандарга рахмат.
– Ырчы болгуча кандай иштерде иштедиң жана ырчылыкты өмүр бою алып кетесиңби?
– Студент кезде балдарга тапшырмаларды аткарып берип акча тапчумун. Орусияда эжем иштегендиктен, жайкы-кышкы эс алууда ал жакка барып, базарда иштеп келчүмүн. Азыр соода тармагында чакан бизнесим бар. Кытайга каттайм. Келечекте чоң бизнесмен болуп, ырчылык менен ишкерликти ала жүрөм деген тилектемин.
– Кытайга каттасаң, окуу жайда мугалим да болуп жүрдүң. Баарына кантип жетишесиң?
– Өзүмдүн кесибим психолог. Бир окуу жайда бир жылдай социологиядан сабак бердим. Анын арасында гастролго чыгып жүрүп, иштегендей деле болгон жокмун. Эки жумушту бирдей алып кетүү кыйын экен. Айрыкча мугалимдик кесип ары түйшүктүү, ары ардактуу болорун ошондо билдим. Азыр окутуучу эмесмин.
– Мугалимдериңдин кадырына жетипсиң да анда.
– Окуучулук кезде тентек деле эмес болчумун. Себеби үйдө тарбия катуу. Апам жадакалса эжемдерди кур менен сабачу. Чоңдорду урушуп жатканда эле мен момоюп калчумун. Орусчаны класста мен эле жакшы билет элем. Агай доскага балдарды чыгарып, “оң кулагыңды көрсөт” десе, кээ бир классташтарым сол кулагын көрсөтүшөр эле.
– Апрелде концерт берем деп жүрдүң эле. Концертиң тоскоолдукка учурагандыр?
– Мен чыгармачыл сапар менен ар облусту кыдырып жүргөм. Апрель окуясында Ошто элем. Кайгылуу окуя болуп жатканына карабай концерт койдум. Анча-мынча концерттерге караганда жогорку деңгээлде өттү. Эл келип берди. Көпчүлүк кайгы-кападан жапа чегип турганда, аз да болсо элге жылуу сезим тартууладык деп ойлойм.
– Эл-журт арасында гана эмес, ырчылар арасында да түндүк-түштүк болуп бөлүнөт дешет...
– Негизи, мен ырчылар менен өтө жакшы мамиледе эмесмин. Өзүмдүн чегим бар, андан чыкпайм. Кайсы бир ырчы менен абдан жакын дос болуп кете албайм. Кээ бирлерин тааныбайм дагы. Ар бир адамдын көз карашы ар кандай. Билбейм, бир ай бирөө менен гастролго чыксаң гана жакын дос болуп калышың мүмкүн. Түндүк-түштүк маселеси ырчылар арасында бар. Көп эле жерде байкалат. Бирок мен бөлүнбөйм жана бөлбөйм дагы, баарына тегиз карайм.
– “Рейтингим түшүп калат экен” деп ырчылар сүйгөнүн айтышпайт” деп калышат...
– Андай нерсе менде жок. Акырындык менен баарына жетишем. Мен заматта эле атактуулукка атып чыгам деген ойдо эмесмин. Барган сайын тажрыйба топтоп келатам. Сүйгөн кызым жок. Болгону, бир кыз менен 5 ай сүйлөшкөм.
– Биздин медиа-порталга жүктөлгөн ырларың, клиптериңе форумчулардан көп сын айтылат. Арасында “Дайырдын таптакыр үнү жок” дегендери да бар. Чычалайсыңбы?
– Мен сынды угуп-биле алам. Анча-мынча сынга өтө берилип кетип, аны оңдогонго аракеттенем. Кээ бирлери көрө албастыктан ошентип айтылгандай сезилет.
– Бир жолу сенден “эмне үчүн Нарынга концерт койдуң?” деп сурашса, сен “анткени апам Нарындын кызы” депсиң, апаңды тааныйм. Роза эже Большевик айылынан эле.
– Ал маалымат таптакыр туура эмес. Мен "шок" болуп калдым. Апам окуп алып, оозу ачылып калыптыр. Менимче, алар мени туура эмес түшүнүп алышкан окшойт. Дагы бир нерсе “Дайыр үйлөнгөндө апасы ыйлаган” деп жазышыптыр. Мен түшүмдү айткан элем. Апам “качан, кайдан үйлөндүң?” деп такалады. Негизи, андайда продюсерим Канат текшерип турчу, ал учурда карабай калыптыр.
– Ата-энең, бир туугандарың сени менен сыймыктанышса керек...
– Ата-энем ыйык адамдарым. Апам эрктүү аял. Кээде жаман ойлор келгенде апамды жоготуп алуудан корком. Анын кечке эле тойго бара бергени жакпайт. Атам 74 жашта. Эсенбайдын баласымын десем, баары таанышат. Түпкү тегибиз Кара-Кулжанын Карагуз айылынан. Кийинчерээк ата-энем Өзгөн шаарына келип жашап калышкан экен. 90-жылкы Ош окуясында үйүбүз тонолуп, Мырзакеге көчүп келгенбиз. Төрт бир тууганмын. Менден улуу байкем бар. Эки эжем Бишкекте турушат. Алар менен абдан жакынмын. Экөө апамдын кулагы, көзү деп койсом болот. Себеби менин баскан-турганымды көзөмөлдөп, апама жеткиришет.
– Өзгөндүк эмессиңби, күрүч эккенди билесиңби, палоо баскындычы?
– Палоону жакшы жейм, бирок жасай албайм. Күрүч эккенди билбейм, шалы отогонду, оргонду жакшы билем.
Бурул Исмаилова
star@super.kg