Белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдуу болду. Ниязовдун жубайы 9-октябрь күнү Өзгөндө көз жарды. Ата болуп кубанып турган улакчы жагымдуу жаңылыгы тууралуу буларды айтып берди: “Наристелүү болуп кубанып турам. Уулум 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Эне-баланын ден соолугу жакшы, аларды төрөтканадан үйгө чыгарып келдим. Балалуу болгон сонун экен, кубанат экенсиң. Балама чоң ата-чоң энеси Акмат деген ат коюшту”.
Ушул эле күнү алпаруучу, шоумен Урмат Борченов да наристе жытын жыттады. Борченовдун жубайы Асел айым Бишкектеги төрөтканалардын биринде кыз төрөдү. “Кызым 3 килограмм 470 грамм салмакта, бою 51 сантиметр болуп төрөлдү. Кызымдын атын Наз деп койдук. Кубандым, албетте. Менде мурунтан эле аталык сезим бар болчу, инилеримди өзүм эле чоңойтком” дейт шоумен.