МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВДУН “ЖӨӨ КҮЛҮГҮ” ПУСАН ЭЛ АРАЛЫК КИНО ФЕСТИВАЛЫНДА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

Режиссёр Мирлан Абдыкалыков тарткан “Жөө күлүк” тасмасы Пусан эл аралык кино фестивалына катышып, атайын байгени утуп алды. Режиссёр жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү:

– Пусан эл аралык фестивалында “Жөө күлүк” ФИПРЕССИ сыйлыгын утуп алды. Аталган сыйлык кино сынчылардын сыйлыгы. Кубанып жатабыз. Биз тасманын дүйнөлүк бет ачарын да Пусан шаарында өткөрдүк. Көргөндөр жакшы кабыл алышты. Аталган тасманы Германияда өткөн “Шлингель” фестивалына да жибергенбиз. Бирок ал жактан байгеге илинген жокпуз. Эч нерсе эмес, алдыда дагы көп фестивалдар күтүп жатат.

Эске салсак, тасма максатына жетүү үчүн аракет кылган 12 жашар бала тууралуу тартылган. "Жөө күлүк" 17-октябрдан тартып Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан