КУУДУЛ ЖАМБЫЛ КАМЧИЕВДИН ЖУБАЙЫ КАЗА БОЛДУ

16-октябрь күнү куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы Бүүсара Асанова каза болду. Бул тууралуу куудулдун кесиптеши Абдылда Иманкулов билдирди.

Маалыматка таянсак, маркум Бүүсара Асанова 61 жашта болчу. Ал 2 жылдан бери ооруп жүргөн. Өзү бул тууралуу 2017-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Өкүнгөнүм, жаш кезде эч нерсени аңдабай, ден соолукка кам көрбөйт экенбиз. Ысык-суукту карабай, карылыкты ойлобой жүрүп бутума суук тийгизип алыптырмын. Бир жылдан бери баса албай отурам. Жамбыл карап, тамагымды берип жатат" деп билдирген эле.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Жамбыл агабызга жана анын жакындарына жубайынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ilgis1991
2019-10-21 18:35:28
Жайы жаннатта болсун
+1
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан