Айдана Дека туулган күнүндө Инстаграм баракчасына “Кыздар, турмушка чыккыла. Бул жак сонун” деген билдирүү калтырды. Кыздарды турмуш курууга чакырган ырчы айым бизге жашоосунун жаңы барактары, эмнеге кубанып, эмнеден чочулай турганын айтып берди.
– Айдана, өткөн жумада 23 жашка чыгып, үй-бүлөлүү статуста алгачкы өздүк майрамыңды белгиледиң. Туулган күн ойдогудай өттүбү?
- Жаңы статуста алгачкы туулган күнүм болуп жатканы оюма деле келбептир. Быйыл күйөөм менен киного барып, андан кийин романтикалык кеч кылып тынч эле өткөрсөмбү деп ойлогом. Бирок туулган күн келгенде куттуктоолордон майрамдык маанай жаралып, жакындарым менен тоскум келди. Туулган күнүм алдын ала пландалган жок. Курбуларым жана Аваздын досторунун курчоосунда таң атканча чер жазып сүйлөшүп, өздүк майрамды көңүлдүү өткөрдүк.
– Аваздын туулган күнүнө сюрприз кылганыңды айттың эле. Өзүң кандай белек алдың?
- Аваз алдын ала “биз үй-бүлө болуп калдык. Кандай белек алгың келет? Ачык айта бер” деп түз эле сурады. Оокатыбыз бир болгондон кийин аны аяп, “эч нерсенин кереги жок” десем болбой сурай бергенинен “чаң соргуч” дегем. Түнкү саат 12де курбум экөө куттуктап, пландалган чаң соргучту белек кылды. Ошону менен белеги бүтөт го десем, алтындан жасалган зер буюмдар топтомун сюрприз кылып белек кылды. Бир кезде жолдошума алтынды жактыра баштадым деп айткан элем. Көрсө, ошону көңүлүнө түйүп койгон экен. Бул чынында жагымдуу сюрприз болду.
– Туулган күнүңдү Аваздын достору менен белгилептирсиңер. Арасынан жакын досу Нурлан Насипти көргөн жокпуз?..
- Ал күнү Нурлан байке Ошто болуп калды. Жолдошумдун достору жыл сайын унутпай куттуктап келишет. Ал күнү белгилейбиз деп элди чакырган эмеспиз. Куттуктагысы келгендер өздөрү келип куттукташты. Нурлан байке Ошто болгону менен, куттук сөзүн айтты.
– Инстаграм баракчаңа Асел Кадырбекова экөөңөрдү атаандашат деп көп жазышат. Кептин канча пайыз чындыгы бар?
- Андай билдирүүлөрдү мен да окуйм. Мен ырдаганга чейин Асел эжени журналист катары таанычумун. Аны мен тамашалап “эже-аяш” деп атайм. Экөөбүздүн ортобузда атаандаштык жок. Ал элдин гана ою. Болгону, экөөбүздүн окшоштуктарыбыз көп. Экөөбүз тең ырдайбыз, жолдошубуз да ырчы, дос. Балким, ошол үчүн бизди салыштыра беришет. Мен Асел эжени эже катары сыйлайм. Тойлордон, кечелерден жолукканда жакшы сүйлөшөбүз. Эл ойлогондой, душмандык же атаандаштык жайыбыз жок.
– Кыздар өз алдынча иштеп, эркин жашоого көнүп алганда турмушка чыккандан чочулашат. Сенде ошондой чочулоо болгонбу?
- Албетте, менде “Аваз чын эле мен күткөн адамбы? Экөөбүз жакшы жашап кетебизби?” деген санааркоо болгон. Бирок жолдошум турмуш кургандан кийин баары жакшы болорун далилдеди. Биздин арабыздан эле урушуп, таарынышып же ажырашып кеткендерди көрүп, алардан сабак алганга аракет кылабыз. Учурда экөөбүз тең өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп келебиз. Кыз-жигит кезде урушуп кеткенибизди олуттуу кабыл албай койчубуз, үй-бүлө болгондо абайлап калдык. Жакын адамың катуу сүйлөсө жүрөккө катуу тийип калышы мүмкүн. Аны Аваз да, мен да жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан бири-бирибизге этияттык менен мамиле кылабыз.– Сен турмушка чыгарда көпчүлүк “шаардык кыз, айылдын жашоосун билбейт, кыйратпайт” деп жатышты. Буга кандай пикирдесиң?
- Мени апам “кандай статуста болсоң да эч качан бирөөнү жогорудан караба, адамга жакшы мамиле кыл” деп үйрөткөн. Аваз менен сүйлөшүп жүргөндө анын айылдык жигит экенин ойлогон да эмесмин. “Сен эми кантип Авазга жубай болмок элең?” деп комментарий жазышканда гана бул нерсе оюма келди.
Экөөбүз баш кошуп айылга барганда ал жактын турмушу мага кызык болду. Апам (ред.: кайненеси) өзү мага тандырга нан жапканды, жеңем казанга аш басканды үйрөттү. Айтор, колумдан келген аракетимди, кызматымды кылдым. Атам-апам мактап, мени колдошту.
Кызыгы, түштүктө кайын сиңди, кайнилердин атын атабай тергеш керек экенин билген эмесмин. Жаңы барганда баарын атынан чакыра бергем да (күлүп). Кийин апам айтып, ар бирине эркелеткен аттарды коюп берди. Азыр баарын каймана аты менен чакырам.
– Айдана деген ырчыны элге Аваз таанытты деп жаза беришет. Аваз менен тагдырың кошулбаса кандай болот эле деп ойлойсуң?
- Аваз мени чыгарды деп дагы, ал мага эч нерсе кылган жок деп да айтпайм. Ар бир ырчынын өз ырыскысы, жолу бар. Мен кичинекей кезимден бери сахнага чыгам, ырдайм деп кыялданып келгем. Атайын музыкалык окуу жайда окудум. Ата-энем чоң колдоо көрсөтүп, ырдап чыктым. Өзүм аракет кылып ыр жаздырып, клип тарттырдым, элге таанылдым. Эми болсо, албетте, жолдошум мени каржылык жактан да, моралдык жактан да колдойт.
– Акимовдордун үй-бүлөсүндө, буюрса, жакшы жаңылык бар экен. Кош бойлуулук доорун сүрүп жатыптырсың. Куттуктайбыз!
- Рахмат. Эл адамыбыз, аны жашырбайм. Бирок азырынча ачык айтпай турайын. Убагы келгенде жакшы жаңылыгыбызды айтабыз. Кудайым бизге бала берерин унутпасын. Биз деле ошол күндү күтүп жатабыз.
– Кимиңер көбүрөөк балага жакынсыңар? Авазбы же сенби?
- Экөөбүз тең баланы жакшы көрөбүз. Бирок таң калтырганы, мага караганда балдар Авазга жакын. Бир жакка барсак, балдар мага келбей, Авазга жабышат. Жадакалса менин жанымда чоңойгон агамдын балдары жездеси менен жакында таанышса да “жезде, жезде” деп ага жан тартып турушат. Айрым эркектер балага жакын болушпайт го. Жолдошумдун башкача энергетикасы барбы, айтор, балдарды өзүнө тартып турат. Келечекте балдарыбыз атасына жакын болсо кубанам.
– Маегиңе рахмат! Тилегиңе жет!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg