АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ СОТКО КЕЛҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан мыйзамсыз бошотуу иши боюнча соттук отурумдарга кылмышка шектүү катары баруудан баш тартууда. Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүүдө. 11-октябрдагы отурумга Атамбаев келүүдөн баш тартып, мындан улам отурум 14-октябрга жылдырылган. Бул күнү Атамбаев сот залына келүүдөн баш тартып, отурум 15-октябрга жылдырылды. 15-октябрда да сот залынан Атамбаевди көрүү мүмкүн болбоду. Бул күнү соттук алдын ала уктуруу кылмыш ишиндеги башкы фигуранттын катышуусусуз башталды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Алмазбек Атамбаев "менсиз эле соттук алдын ала уктурууну өткөргүлө" деген кат жазган. Азыр судья алдын ала уктурууну баштады. Уктуруу башталары менен Жазык кодексинде тартип бузулуп, жактоочуларга иштин материалдарын эч кимге айтпоо тууралуу тил кат жаздыруу каралган экен. Бирок баш тарттык. Себеби мындай мыйзамда жок",- дейт Жоошев. Ошондой эле адвокат Жоошев мурдагы президент Атамбаев “эгерде мени соттук отурумга күчтөп алып барышса, анда ачкачылык жарыялайм” дегенин билдирди. “Азыркы учурда мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен. 1-2 жолу тамактанбай койсо бутуна тура албай калчу абалда. Тамактанбай коём деп өзү айтты, муну элге айтып коюшубуз керек”,- дейт Замир Жоошев.

Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Медербек Абдышев “соттук уктурууну менсиз эле өткөргүлө” деп кат жазды дегени боюнча мындай дейт: “Мыйзамда көрсөтүлгөн, эгер ал өтүнүч менен “менин катышуумсуз карагыла” деп жазса, биз карайбыз. Ал эми анын “мен катышпайм” дегени “менсиз карагыла” дегенге жатпайт. Жазык-процессуалдык кодекстин 286-беренесинин талабына ылайык, соттук отурум айыпталуучунун катышуусунда өтүшү керек”.

Айта кетсек, 2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Быйыл апрель айында Башкы прокуратура Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан. Бул иш боюнча жалпы 19 адамга айып тагылган, алардын бири мурдагы президент.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Батукаев боюнча соттук отурум өтүүдө. Атамбаев алып келинген жок. 1-бөлүк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан