ДЕПУТАТТЫК МАНДАТ 350 МИҢ ДОЛЛАРБЫ?

Кыргыз жеринде депутат болуш үчүн 350 миң долларың болушу керекпи? Саясат таануучу Денис Бердаков социалдык тармактагы баракчасына ага Жогорку Кеңешке депутат болуу сунушу түшкөнүн, бирок ал үчүн
350 миң доллар төлөшү керек экендигин жазып чыкты.

“2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Мага депутаттык орун сунушташты, бирок кымбат экен. Депутат болушум үчүн партиянын кассасына 350 миң доллар төгүшүм керектигин айтышты. Медиа өкүлү экенимди, улуттук жана жаш курак квотасын эске алганда арзандатуу каралыптыр. Мен буга чейин парламентке барууну пландаган эмесмин, бирок иш ушундай болсо, менде экологиялык, антикоррупциялык мыйзамдардын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп жаткандан улам Фейсбуктан сураганга даярмын: кайсы бай адамдан 350 миң доллар сурасам болот?”- деп суроо салат саясат таануучу.

Ошондой эле Денис Бердаков депутаттардын орточо айлыктары менен эсеп жүргүздү. “Эгер депутаттын айлыгы 1500 доллар болсо, 5 жылда 90 000 доллар табышат” деди. Ушундай эсептөөдөн улам коомчулукта “350 миңдин калганын депутаттар кайдан өндүрөт?” деп суроо салгандар болууда.

Парламенттеги депутаттык орундар сатылары буга чейин да айтылып, кызуу талкууга алынып келе жатат. Мисалы, саясатчы Адахан Мадумаров 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда “азыркы парламенттеги 1 депутаттын баасы 6 миллион сом” деген.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан