15-октябрда Калыс-Ордо конушунда Бишкек мэриясына караштуу 7 гектар жерди 100дөй адам басып алууга аркет кылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Окуя болгон жерге мэрияга караштуу Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын кызматкерлери барышкан. Бирок жарандар алардын айткандарын угушпай, чогулгандардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казык кагып, үй куруп баштоого аракет кылышканы айтылат маалыматта.
Аталган башкармалыктын жетекчиси Талант Иманкан уулу чогулгандарга мыйзамсыз иш кылып жатышканын түшүндүрүүгө аракет кылган менен, майнап чыккан эмес. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн милиция кызматкерлери да барышкан. Учурда жер басып алуу аракетин уюштургандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, Бишкек шаарынын аймагында үй курууга жер тилкелерин бөлүп берүүгө мораторий киргизилген. Жер басып алуу – кылмыш. Эгемендик алган 28 жыл ичинде Бишкектин четиндеги бир топ жаңы конуштар жер басып алуунун негизинде жаралган. Андагы үйлөрдүн бир бөлүгүн бийлик мыйзамдаштырып берсе, калганынын бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү документтери жок.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg