Кайдан, кайсы жерден жаңырбасын жан дүйнөңө мээрим чача турган эне тууралуу бир ыр бар. Ал Ишен Назаровдун аткаруусундагы “Апакем” деген ыр. Былтыр бул ыр “Жылдын супер ыры” номинациясын жеңип алганы да бекер эместир. Макаланы даярдап жатып ырдын сөзүн жазган автордун, обончунун, аткаруучунун энелерине болгон бийик сүйүүсү байкалды. Башкасын билбейм, бирок ушул үч уулдун апаларына бул макала сөзсүз жагат деп ишенебиз.
БАЯН АКМАТОВ, ТӨКМӨ АКЫН: «ЫЙЛАП ЖИБЕРБЕЙИН ДЕП АПАМ САХНАГА ЧЫККАН ЖОК»
– “Апакем” деген ырымды бир нече жыл мурун жазгам. Обону Кубаныч Алиевге таандык. Теңтуштарыбыз менен шеринебиз бар эле, Кубаныч экөөбүз эрте келип алыптырбыз. Анан ал ошол жерден ырдын обонун угузуп, мен сөзүн жазып баштагам. “Ааламда бир да аялзат сулуу эмес, апа, сенчелик” деген сөздөрдү ошол жерден жазганым эсимде.
Ырды толук ошол күнү бүтүрдүк десем жаңылышам, кийин бул ырдын үстүнөн көп иштедик. Мурун эле апамды башка аялдардан бөлүп көрсөткүм келип ойлонуп жүрчүмүн. Кара сөз, терме, ыр менен болсо да көрсөткүм келчү эле. Бул ырды чыгарганда 29-30 жаштарда болсом керек. Элдин сүйүү тууралуу ырлары көп болсо, меники апа тууралуу ырларым көп. 31 жашымда концерт бердим. Ошондо Ишен Назаров, Кубаныч Алиев менен бирге ырдап чыгып апама гүл берип чекесинен өпкөм. Концертти да апам үчүн уюштурган элем. “Сахнага чыгыңыз” десем, “толкунданып ыйлап жиберем, балам, ордумда эле отурайын” деп болбой койгону үчүн эл аралап барып гүлүмдү бергем.
Апамды өткөөл куракта да, кийин деле бир аз таарынтып алсам, жүрөгүм өйкөлүп тура берчү. Ошол сезимдерди да ыр сабында кошуп кеткем. Апамдын мүнөзү өтө токтоо. Аябай каткырып күлбөйт, жароокер гана жылмайганы бар. Апама тиешелүү армандуу, майрамдуу күндөрүбүз көп болду. Анын баарын эле төгүп-чачып айта бербеген жанмын. Биз Рустам, Дастан, Баян, үч эркек бир кыз төрт бир тууганбыз. Рустам деген иним менден кийин удаа төрөлгөндүктөн, экөөбүз апабыздын эмчегин талашып эмип чоңойгон экенбиз, көбүрөөгүн мен эмген окшойм (күлүп).
Мен СССР маалында төрөлгөм. Ата-эне менен баланын сүйүүсүнө СССР тоскоол болду деп эсептейм. Биздин балалыгыбыз өтө кыйынчылык убакка туш келди. Ошол учурда апам көп кыйынчылыктарды көрдү. Нарын шаарында жарма менен пирожки сатып иштечү. Таңда чыгып, кечинде келчү. Суукта көз айнеги бууланып кирип келгенин азыр да эстейм. Атам экөө балапандарын коруган бүркүттөрдөй ушул жаркын күндөргө алып келди. Балалыгымда эркелебей калган энеме эми эркелеп калам.
“Апакем” Ишен Назаровдун аткаруусунда белгилүү болду. Мага көп киши “өзүң эле ырдап чыксаң болмок” дешти. Мен бул нерсеге кошулбайм, анткени ырдын өз тагдыры болот. Мен обон, ыр жазам. Көптөр ыр жазып берчи деп келишет. Жазып берем, бирок ырым хит болсун деген нерсе менде жок. Ыр элдин арасында канча жашаса мага атак ошол.
Бейшенбек Бекешов деген агабыз бар, ал мага минтип айткан. “Эне тууралуу үч мыкты саптарды уктум. Казактардын “апасы бар адамдар эч качан картайбайт” деген ырды укканда көзүмдөн жаш кылгырып кеткен. Экинчиси, Анатай Өмүркановдун “Кырк жылы кабарсыз кетсем да, кыйкырып алдымдан чыгарым” дегенде дагы бир жолу жүрөгүм мыкчылган. Үчүнчүсү, сенин “Ааламда бир да аялзат сулуу эмес, апа, сенчелик” деген саптарың бүт кыргызды ыйлатты” деди.
Обону, сөзү төп келген, чыныгы поэзияны камтыган ушул хит ырды жаратканым үчүн сыймыктанам. Менин апама болгон чексиз сүйүүм ушул ыр менен далилденди.КУБАНЫЧ АЛИЕВ, ОБОНЧУ: «ЧОҢ ЭНЕМЕ АРНАП ЖАРАТКАН ОБОН ЭЛЕ»
– Бул ырдын обону 2005-жылы жазылган. Ага өзүм текст жазып алып аккордеон менен тар чөйрөдө ырдап жүрчүмүн. Төкмө акын Баян Акматов экөөбүздүн үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Бир жерден ага обонду угузсам, ал текст жазып берди. Мен обончумун, акын эмесмин. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, жакшы акынга сөз жаздырып алып ырдасам деп максат кылып жүргөм. Анын сөздөрүнө обонум шайкеш келип 2015-жылы жаңы текст толук жазылып бүттү. Ишен Назаров мени менен чогуу иштеп жүрчү, ага жагып калып уруксат сурап ырдап чыкты.
Обондун тарыхы мындай болгон. Мени бир айымдан баштап чоң энем баккан. Ата-энем студент болгондуктан “силер окугула” деп чоң энем кырк күн болгондо алып кеткен экен. Чоң ата-чоң энемдин колунда аябай эркелеп чоңойгом. Студент болгондо чоң энемди сагынып чыгарган обонум эле. Анткени сабакка кийимдеримди жууп, үтүктөп чоң энем даярдап берчү, кийин өзүм даярдап калганда анын баркын билдим. Шаарга келгенде чоң энемдин ысык чайы жок, камкордугу жок, аябай куса болгом. Ошондой кусадан жаралган обон.
Чоң энем жамакчы, сөзмөр киши, мыкты ырдайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиевдин эжеси болот. Кичинекей кезимде мени тойго ээрчитип барып “менин балам ырдап берет” деп мактап ырдата берчү. Оюнга кызыгып ойногум келсе да чоң энем эл алдына чыгарып ырдата берчү. Чыгармачылыктын үрөнүн сээп, мени турмуштун “кичине сахнасына” алып чыгып койгону үчүн чоң энеме аябай ыраазымын. Менин ырчы, обончу болуп калганыма чоң энем себепкер.ИШЕН НАЗАРОВ, ЫРЧЫ: «КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЫРДАСАМ ДА СҮРДӨБӨЙМ, БИРОК АПАМДЫН АЛДЫНДА СҮРДӨЙМ»
– “Апакемди” негизи эстрада жанрына салгыча аккордеон менен Кубаныч байке (ред.: Кубаныч Алиев) экөөбүз ырдап жүрчүбүз. Ал кезде мен сөзүн деле жакшы билчү эмесмин. Энелер күнүндө радиого конок катары чакырып калышты, энелер тууралуу ыр ырдаш керек болуп калды. Кубаныч байкеге текстин кагазга жаздырып алып биринчи жолу радиодо ырдап чыккам. Ырдап чыкканда эле көбү “сенин үнүңө ушул ыр жарашат” экен деп калышты. Анан уруксат сурап алып ырдап чыктым. Эл дароо жакшы кабыл алды. Бир тойдо ырдап жатсам, уулу апасына гүл берип, экөө ыйлаган видео тартылып тарап кетти. Ошондон кийин аябай популярдуу болуп, бул ыр тушоомду кести десем болот. Апама ырдап бергем. Кызыгы, башка кайсы жерде болсо да ырдай берем, бирок апамдын алдында аябай толкунданып кетем. Көзүн карасам эле ыйлап жиберчүдөй болуп кетем.
Менин апама арнаган чоң белегим ушул ыр болду окшойт.
«АПАКЕМ»
Сөзү: Баян Акматов
Обону: Кубаныч Алиев
Аткаруучу: Ишен Назаров
Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалайт мээрим, жамалың,
Карызбыз сизге эселеп.
Кайырма:
Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес, апа, сенчелик.
Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам-шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген
Энелер үчүн жан курман.
Кайырма:
Өмүрдө канча арман бар
Өзүң бар, демек, майрам бар.
Бейиш деп сенин таманың
Белгилеп айткан пайгамбар.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg