Медитация ар түрдүү оорулардан арылтат, ишке болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат, ички туюмду күчөтөт, ичтеги талантты, ал тургай “үчүнчү көздү” ачат делет. Мынчалык адамга таасир этүүчү медитация деген эмне жана анын сырлары кандай? Бул жаатта чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Бишкек ой бөлүшөт.
ИШКЕ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК ЖОГОРУЛАЙТ
Адамдын акылы өзүнүн табигый жаралышында боштук (сущность ума – пустота) болуп эсептелет. Мисалы, биздин акылыбыз аппак экран болсо, ойлор ошол экран бетиндеги жансыз көлөкө же кинокадрдай. Биз кино көрүп жатканда андагы кызыктарга кандай арбалып кетсек, чаржайыт ойлорду да акыл деп жаңылыш кабыл алабыз. Ошондуктан акылды тазалап, табигый абалына алып келүү, дүйнө таанымды өткүр кылуу үчүн медитация керек. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, 1 суткада адамдын мээсине 40 миңдей ойлор келип кетет. Адам баласы ошол ойлордун туткунунда жашап, өмүр сүрөт. Ойлор акылды “ойдун таштандыларына” толтуруп салат.
Чыгыш илиминде адамга келип кете турган ойлорду бутактан-бутакка секирген маймылдарга салыштырышат. Мисалы, короо шыпырып жатсак оюбуз түшкү тамакта же кинодо болот. Кээде адам жакшы эле маанайда жүрүп, уктаарда 1 жаман ой келе калат да, түнү менен уктатпай чыгат. Бир эле терс ой адамда ашказан жарасын жаратып, суицид, инфаркт, инсультка, ал тургай кылмыш жасоого чейин жеткириши мүмкүн.
Медитация – чыгыш маданиятынын уютку-көрөңгөсү, шааниси. Адамдын өзүн таануусунда жалгыз ачкыч – бул медитация. Дин, илим, спорт же башка кесипте болобу адам медитация жасабаса өзүн толук реализация кыла албай калат. Ойлору, көңүлү чаржайыт болуп чачылып, жумушу сапаттуу болбойт, ийгиликтерге аз жетишет. Адам акылы ойлордон таза турса, тышкы таасирлерди жана кабарды туура формасында кабыл алып, ошого жараша туура реакция кылат жана туура чечим чыгара алат.
Медитация техникалары йога, ци-гун, тай-цзи, айкидо өнөрүндө, ошондой эле ислам, христиан, буддизм диндеринде кеңири пайдаланылат. “Ислам дининин жүрөгү” аталган суфизмде да медитация техникалары бар.
“АЗЫР ЖАНА МЫНДА” ЖАШОО ДЕГЕН ЭМНЕ?
Эртең менен акылды тазалоо ойду бир жерге топтоп, иштин майын чыгара жасоого, эл менен жакшы мамиледе болууга жеткирет.
МЕДИТАЦИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ
Медитация позалары көп. Лотос, жарым лотос, туруп же жатып жасалчу, отургучта отуруп жасалчу, түрк позасы, дзадзэн позасы жана башка. Окурмандарга сунушталуучу поза – дзадзэн позасы. Медитацияны адистен үйрөнүү сунушталат. Анткени туура эмес позада отуруп, көнүгүүнү туура эмес жасай берсе, оору таап алуу мүмкүн.
БИР БАГЫТТУУ МЕДИТАЦИЯГА ОТУРУУ, КӨНҮГҮҮНҮ ЖАСОО
Медитация үчүн башында тынч бөлмө керек. Адам алаксыбоосу үчүн ар түрдүү үндөр чыкпаса жакшы.
Дзадзэн позасы боюнча чөк түшүп отуруп, ийиндерди бош кармап, омурткаларды түз, ал эми ээкти көкүрөктүн ортосуна туштап кармап, тилди таңдайга жумшак тийгизип, көздү жумабыз. Арт жактан буттун бармактары бири-бирине жеңил тийип турат. Алды жактан тизелер 2 муштумду бириктиргендей аралыкта турат.
Көнүгүүгө киришүү.
Дем алууну жана дем чыгарууну эсептөө көнүгүүсү ойду бир жерге топтоп, кармап турууга үйрөтөт (концентрация). Дем алганда абанын мурундан кирип жана чыгып баратканын сезип туруу кажет. Киндиктен 4 эли төмөн жайгашкан Ци хай борбору бар. Мурундан кирген аба курсак аркылуу ошого жетишин да сезүү керек. Башкача айтканда, көңүлдүн баарын дем алууга коюп, аны менен жуурулушуп кетүү зарыл. Машыгуу кезинде адамга түрдүү ойлор келбей койбойт. Бирок аларды ээрчип кетпей, көңүлдү дароо кайра дем алууга бура берүү кажет. Медитация менен үзгүлтүксүз алектене берген адам бара-бара ойлорду көзөмөлдөөгө жетишип баштайт.
Демди ичке тереңирээк, курсак аркылуу алуу шарт. Өтө катуу терең алууга болбойт! Дем тартканда 1 деп, дем чыгарганда 2 деп эсептейбиз. Кайра дем тартканда 3, дем чыгарганда 4 болот. Ошентип саны 10го жеткенде 1 цикл болот. Андай циклдердин санын медитацияга алгач киришкен кезде 5ке жеткирүү сунушталат. Тактап айтканда, медитация алгач 2-3 мүнөттөн башталып, анан 20 мүнөткө, кийин 1 саатка жетиши зарыл.
Эгер 100 циклге чейин адамга бир да ой келбесе, анда чыгышта даанышмандыкка жетет деп эсептелет. Көнүгүү кийин адат болуп калганда саноо токтотулат.
ПАЙДАСЫ ЭМНЕДЕ?
Ойлорду токтотуп койгондо нерв системиндеги жана булчуңдардагы чыңалуулар бошойт. Стресстер чыгып, мээ эс алып, көңүл жайланат. Бардык органдар өз ишин жакшы аткара баштайт. Медитация адатка айланганда адамда стресс, депрессия болбойт. Чыгыш медицинасында адамдын денесинде 12 чоң меридиан (канал), 360 коллатераль (майда меридиан) бар делет. 12 чоң меридиан ички органдар менен байланыштуу. Стресстерден улам ошол органдардын айрымдары жабыркайт. Бара-бара алар блоктолуп калат. Ошондуктан чыгышта дарттын 70 пайызы психологияга байланыштуу келип чыгат деп айтышат. Бүт денедеги булчуңдар бошогон соң энергетикалык блоктор ачылат. Энергия денебиз боюнча жүрүп баштайт. Анан оорулар айыга баштайт. Айыкпайт деген оорулар да айыгып кетиши ыктымал.
Медитация кан басымды түшүрөт, кандагы канттын деңгээлин калыптандырат, эс-тутумду, сөөктүн, теринин абалын жакшыртат, ашыкча салмактан арылууга түрткү болот, картаюунун алдын алат, ички туюмду күчөтөт, иммунитетти жогорулатат.
Медитация ичтеги катылып жаткан жашыруун жөндөмдү ачат. Мүмкүн, бизнеске же ырчылыкка, же дагы башка иштерге жөндөм болсо ачылат. Психологдор адамдардын 97 пайызы өзүн ким экенин тааныбай, өз жолун таба албай, башка кесипте иштеп өмүрү өтөт дешет.
Медитациянын түбү "үчүнчү көздүн" ачылышына жеткирет. Бирок буга өтө көптөгөн жылдар керектелет.
Медитация руханий жактан өсүүгө жеткирет. Түшүнүк жакшырып, ыйман, ынсап, кечиримдүүлүк, боорукерлик сапаттар ойгонот.
Медитацияны үйрөнгөндөн кийин аны транспортто, столдо же ызы-чуу жерде отуруп деле жасай берүүгө болот. Анткени ойду топтоого, эч нерсеге алаксыбоого адам көнөт. Адам кандай кесипте жана канча жашта экенине карабай медитация менен машыгууга болот.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg