Футбол боюнча Мьянма курамасынын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович командасы Кыргыз футболчуларына ири эсепте утулгандан кийин кызматынан алынды.
Бул тууралуу Foxsports.com басылмасы жазды. Маалыматта анын ордуна немис машыктыруучусу Антуан Хей дайындалганы жазылат.
Башкы машыктыруучу иштен кетүүгө себепкер болгон оюн 10-октябрда Бишкекте өтүп, анда Кыргыз өлкөсү мьянмалыктарды 7:0 ири эсеби менен жеңип алган. Мьянма F тайпасында бир дагы упай ала элек, ошондой эле команда 3 оюнда бир дагы гол киргизген жок.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg