Оштун "Алай" футболдук клубунун футболчусу ганалык Жоэл Кожо кыргыз кызына үйлөндү. Бул тууралуу аталган клуб маалымдады.
Белгилүү болгондой, үйлөнүү тою 20-октябрда Токмок шаарындагы ресторандардын биринде болуп өткөн. Жоэл Кожонун келинчегинин аты-жөнү Айзада Жыргалбекова, ал Чүй облусунан болот.
Жоэл Кожо "Алай" командасынын башкы чабуулчусу. Ал 2018-жылдан бери “Алай” клубунун курамында ойноп келет. Быйылкы сезондо 15 гол киргизгенге жетишкен. Футболчу Гана республикасынын жараны.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg