Ырчы Ильяз Андаш бул ирет бизге жашоосундагы аялзаты тууралуу айтып берет. Ырчы үчүн ыйык адамдар – апасы, таенеси, эжеси, жубайы жана кызы. Бул адамдар берген дем-күч, колдоо, жакшы сөздөр менен ушундай деңгээлге жеткенин айтат каарманым.
«УБАКЫТТЫ КАНТИП ТОКТОТСОМ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОНОМ»
-Жашоомдогу мен үчүн кымбат аялзаты тууралуу сурасаңыз, эң биринчи апам эсиме келди. Апам үчүн мен дагы эле кичинекей баламын. Килейип 31ге чыксам деле жаш бала көрө берет. Караколго барып калсам, эртең менен бетимден өөп ойготот. Азыр деле чөнтөгүмө акча сала берет. Албай койсом, 500-1000 бирдик салып коёт. Апалар ушундай камкор болушат да. Үй-бүлөдөгү ар бирибизди ойлоп, кам көрүп жүргөн адам ушул. Азыркыга чейин баарыбызга байпак алып берет. Апамдын мүнөзү жумшак. Эч кимге катуу айтпайт. Эң катуу урушканда «Ай, сен антпе да, укпай жатпайсыңбы» дейт.
Апам мага эч качан жок деген эмес. Дайым колдоп, көңүлүмө карап турат. Өлкөгө таанымал ырчы болом деген максатым менен Бишкекке келерде атам жибергиси келген эмес, апам колдогон. Борборго келип, башында жакшы эле кыйналдым. Апам атама көрсөтпөй акча берчү. Айрым чечимдеримди атама айтканга азыр да эрким жетпейт. Ошондуктан апам аркылуу айтам. Үйлөнөм деп да апама айткам, апам атамды көндүргөн. Атам «30га чыкканда деле жетишет. Азыр иштесин, үй алсын» деп каршы болгон.
Апам 53кө келди, атам 60та. Ата-энем ооруп калса, аябай кабатырланам. Убакыт өтүп жатат, аны кантип токтотсо болот деп көп ойлоном.
«5 АЙЫМДА ТАЕНЕМДИН КОЛУНА БАРГАМ»
-Эжем экөөбүз төрөлгөндө ата-энем студент экен. Ошол себептүү эжемди чоң атамдарга, мени таята-таенеме берип коюшкан. Таенемдин колуна 5 айлык кезимде түшкөм. 5 жашка келгенде кайра ата-энемдин колуна баргам. Таенемди эне дейм. Энем 89га чыкты. Мени баласындай көрөт. Кийин
«Ильязды бербей эле койсом болмок экен» деп айтып жүрдү.
Энем анда күчтүү, баарын башкарган аял болчу. Азыр жашы өтүп, алы кетип, жоош болуп калды. Ошол кездеги бир кылыгым эсиме түштү. Энем жаш кезинде көлөмдүү, толугураак аял болчу. Эшегим бар эле. Ага энем минсе, камчы менен чапсам да турбай жатып алчу. Анан мен «сен түш, өзүнчө бар» деп таенемди эшегиме мингизбей кууй берчүмүн. Муну азыр да эстеп күлүп калабыз.
Таене-таятам мени өздөрүнүн кичүү баласындай көрүп, аябай эркелетишти. «Бир жолу көтөнүңдү өптүрбөсөң, эч жакка чыкпайсың» деп өөп, анан эшикке ойногонго жиберишчү. Алар Бөкөнбаев айылында турушат. Таятамдын көзү өтүп кеткен. Таенемди сагынганда айылга барып турам. Дайым анын өмүрүн тилейм.
«ЭЖЕМДИ АЛА КАЧЫП КЕТКЕНДЕ ЫЗАЛАНЫП ЫЙЛАГАМ»
-Менин жашоомдо дагы бир маанилүү аялзаты – эжем. Ал менден 2 жаш улуу, азыр Канадада жашайт. Улуу болгону үчүнбү, дайыма камкордук көрсөтүп, «тамагыңар барбы, кийимиңер бүтүнбү?» деп сурап турат. «Апама куртка алып бер, атама телефон алып бер, келинчегиңе, кызыңа баланча алып бер» деп акча сала берет. Ата-энеме мага караганда көп нерсе кылат. «Курткасы жок турбайбы, унаасы бузулуп калган турбайбы» деп баарыбызды ойлоп, жардам берет.
Кичинемде эжемден көп таяк жедим. Мен тентектик кылып жинине тием, ал сабайт. Бетти тытып алмай адаты бар болчу. Урушсак бетимди, колумду тытып салып апамдан тил уга берчү. Мен башымды жарып келсем да, бутум суу болуп калса да «карабайсың» деп эжемди урушчу.
Азыр бири-бирибизден алыс жашагандыгыбыз үчүн азыраак сүйлөшөбүз. Кичинебизде чогуу туруп, чогуу басып, дааратканага да жетелешип барчубуз. Эжемди ала качып кеткенде ызаланып ыйлагам, аябай ичим ачышкан. Дайыма чогуу жүргөн адам эле жаныңдан кетип калса, жаныңды сууруп алгандай болот экен.
«ИШЕНИМСИЗ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУП КЕРЕГИ ЖОК»
-Үй-бүлөдө ишеним болушу керек. Ошондуктан мен «ал ким, эмнеге сени менен учурашты?» деген эркектердин катарын толуктабайм. Келинчегимдин менден башка да жашоосу бар. «Классташ балдар кафеге чакырып жатат» десе, колуна акчасын берип узатам. Бири-бирибиздин телефондорубузду текшербейбиз. Андайды башкалардан көрсөм, жаман болуп кетем. Келинчегим тамашакөй, кызыктуу адам. Мисалы, үйдөн, бири-бирибизди чочутуп ойнойбуз, тамашалашып каткырабыз. Аялым күлбөй, сүйлөбөй жүрө берсе, балким, мага аны менен жашоо кызыксыз болмок.
Мен кыздуу болгондон кийин аялзатына аяр мамиле жасап калдым. Балким, мурда аялымды өзүмдөн бир аз төмөн көрчүмүн. Кыздуу болгондон кийин аялыма да жумшак мамиле жасай баштадым. Жардам берем, катуу урушпайм. Кол көтөрмөк тургай, көзүнөн жаш тегеренсе, «макул, сен каалагандай кылабыз» деп калам. Аялзатынын ыйлаганын көрсөм жүрөгүм тилинип кетет. Жакында жубайым «сени тандаганыма эч өкүнбөйм» деп пост жазыптыр. 7 жыл ичинде алгачкы жолу ушундай пост жазды. «Сага эмне болгон?» деп өзүм таң калдым. Эми, өкүнгөндөй аялымды талаага таштаган жокмун. Үй-жайы, тамак-ашы, кийими бар, акыркы үлгүдөгү Айфон көтөрөт, жаңы модадагы кийимдерди киет. Эң маанилүүсү, биз сүйлөшөбүз. Такыр сүйлөшпөй жашагандар бар. Биз үйгө бир шыпыргы алсак да кеңешип, сүйлөшүп алабыз. Мен анын абалын, жан дүйнөсүн күндө сурап турам. «Эмне керек? Баары жакшыбы?» деп сурайм. Ошондуктан бир гана материалдык эмес, жан дүйнөсү да тынч, көкүрөгү ток.
Ар бир күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аялзаты турат дешет. Чыгармачылыкка аралашып баштаганда «Сен күчтүүсүң, кыла аласың, мына акча, кыймылда, отурба» деп артымда апам турду. Азыр жубайым да «клип тартпайсыңбы, хит ыр жаз» деп мотивация берип турат.
«КҮНӨӨ КЫЛДЫМ. АЛ ҮЧҮН КУДАЙДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫМ»
-Мен үйлөнгөндө эле биринчи балабыз эркек болсо деп эңсегем. Кыз болуп калганда «экинчиси эркек болсун, аны кызым 2ге чыкканда төрөйсүң» деп пландагам. Анан Кудай мага көпкө чейин бала бербей койду. Келинчегим экөөбүз чочулап ооруканалап текшериле баштадык. Ден соолугубуз жакшы, бирок балалуу боло албайбыз, кызым 4 жарымга чыгып калды. Бир врач эже «баары сонун, калганын Кудайдан сурагыла» дегенде түшүндүм. Көрсө, мен «эркек болсун, дагы кыз болуп калбасын» деп кесир сүйлөп күнөө кылыптырмын. Анан мечитке барып, Кудайдан кечирим сурап жүрдүм. Экинчи эркек же кыз деп тандабайм деп сөз бердим. Анан эле бир күнү келинчегим кубанычтуу кабар айтты. Азыр наристе күтүп жатабыз. Кимди берсе да, качан берсе да макулмун. 7 балалуу болгубуз келет. Анын бирөө, Кудай буюрса, эркек болот деп ишенем.
Кыз күйүмдүү болорун өзүмдүн кызым далилдеп жатат. 4 жаштагы кызым уктап калсам үстүмдү жабат. Кучактап бетимден өөп «менин атам» деп турат. Анын турмушка чыгып кетерин ойлогондо эмитен эле ичим ачышат. «Кызым турмушка кеткенде себи менен кошо атасы эки айга барат» деп тамашалай берем. Мен кызымдын 90-100 жашка чыгышын каалайм. Ал үчүн ден соолугуна жакшы кам көрүүсүн көзөмөлдөйм.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg