(Башы өткөн сандарда)
Максат тепкич менен үстүнкү кабатка көтөрүлүп баратты. 2-кабаттагы эки бөлмөнүн биринин эшиги бек экен, тартып көрсө ачылбады. Кызганычтан мээси жарылып кетейин деп, денеси титиреп чыкты. Эшикти тарс-тарс уруп, жаңжал салайын деп барып өзүн кармады. Ал өмүрүндө бирөөнү мынчалык кызганып көргөн эмес эле. Сүйүктүүсүнүн көз алдында башка бирөөнүн кучагында жатканын элестетип алып ичи түтөп жатты. Бир топко турду, анан шашылып төмөн түштү да үйдөн чыгып кетти. Беркилер менен коштошкон да жок.
Күндөр өтүп жатты. Бир күнү, түшкө маал болчу, эшикти бирөө такылдатып калды. Бөлмөдө Асел жалгыз болчу. Эшикти ачса, колуна кучак толо кызыл гүл кармаган Максат турат.
– Кандайсың?
– Болду да эми, Максат. Кантип түшүндүрүшүм керек? Жакында Эржан сөйкө салат, анан той...
– Билем. Ошон үчүн акыркы жолу сени менен сүйлөшөйүн деп келдим,- уруксат сурабай эле бөлмөгө кирди Максат. Колундагы гүлдү берип, бетинен өбөйүн деди эле, кыз жүзүн буруп кетти.
– Асел, билесиң, мен сени сүйөм.
– Максат...
– Сөзүмдү бөлбөй турчу. Тагдыр ушундай сыноо берет деп түшүмө да кирген эмес. Эржан экөөбүз абдан жакын дос элек, бүгүн ал мени душман көрөт. Экөөбүз тең сени сүйүп, бирок сен аны тандадың. Бирок, Асел, эсиңде болсун, мен сүйүүм үчүн өмүр бою күрөшүүгө даярмын. Мен сени өмүр бою сүйөм. Акылга ээ-жаа бербеген сезим үчүн мен күнөөлүү болбосом керек. Сен да күнөөлүү эмессиң. Мен сенден эч качан үмүтүмдү үзбөйм. Жашоо кандай сюрприз даярдап койгонун эч кимибиз билбейбиз. Экөөбүз, балким, дагы көп жолугабыз, балким, бир өмүр көрүшпөйбүз. Мен сени Эржандан кем эмес сүйөрүмдү биле жүр.
Максат акырын ордунан туруп, артын карабастан бөлмөдөн чыгып кетти. Асел эмне дээрин билбей, ордунда каткан бойдон кала берди. Ичинен Максаттын өжөрлүгүнө, чечкиндүүлүгүнө таң берди. Ал эми Максат кыздын өзүндө көңүлү жоктугун билип турса да, ага жетем деген дымагын жоготкон жок. Аны Эржандан ажыратуунун, өзүнө имерүүнүн аргасын дале издей берди. Башка бирөө болсо “тагдыр ушул тура” деп эчак басып кетмек. Айрыкча Аселдин “убара болбо” деген өңдүү кескин жоопторунан кийин. Анткен жок, андагы эңсөө оңою менен өччүдөй эмес. Тескерисинче, улам албууттанып күчөп баратты.
ххх
Бул күнү Эржан Аселдин жанында болчу. Бир маалда телефон чалуу келип калды, тааныштары болчу. Суук кабарды угуп, өңү боппоз тартып отуруп калды. Муну байкаган Аселдин шаштысы кете түштү.
– Эмне болду? Эржан, тынччылыкпы?
– Кайрат...
– Эмне Кайрат?
– Каза болуп калыптыр...
Көзүнөн жаш куюлуп кетти. Тайпалаш досу Кайрат ооруп, кайрадан ооруканада жаткан. Дарыгерлер аны сакайтууга болгон күчүн жумшашып, күнү-түнү карап жатышкан. Ажалга айла жок тура. Экөө бир жума мурун эле алдыдагы үйлөнүү тойлору, болочок жубайлары тууралуу көпкө сүйлөшүп отурушкан болчу.
– Экөөбүз бир күндө, бир ресторанда эле чогуу той кылсакчы?- бул Эржандын сунушу болчу. Дарыгерлер Кайраттын оорусу олуттуу экенин айтышкандан кийин анын ата-энеси уулун үйлөнтүп коёлу дешкен. Көңүлү жактырып жүргөн айылдаш кыз бар эле. Жубайлуу, бала-чакалуу болуп үй-бүлөлүк жашоону көрүп калсын дешкен байкуш ата-эне. Бирок ал тилеги орундалбай калды. Үйлөнүү тойго жеткизбей Кайратты ажал колдон сууруп кетти. Эржандын сунушуна ал минтип жооп берген эле:
– Экөөбүз удаасынан той кылалы. Алгач сен үйлөн, бир жумадан кийин эле биздин той болсун. Бири-бирибизге күйөө жолдош бололу.
Асел Эржанды эмне деп жубатарын билбей калды.
– Байкуш, жапжаш бойдон... Ата-энесине, бир туугандарына эле кыйын болуптур.
Эржан шашылып Кайрат жашаган айылга жөнөдү.
ххх
Кайратты акыркы сапарга узатуу иштери менен Эржан анын айылында жүрүп калды. Ал жактан келип эле Асел менен такыр байланыша албай калды. Эртеден кечке телефон чалып да ала албады. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей туйлап, белги берип жаткандай болду. Мындай кабарсыз кетчү эмес Асел. Башына миң түркүн ойлор келип, аргасы кете баштады. Ал бекеринен тынсызданган эмес эле. Дал ушул күнү Максат көптөн берки оюнда бышырып жүргөн планын ишке ашырып, Аселди айылына ала качып кетти. Асел эртең менен сабакка бараткан, жанына көк Ауди келип токтоп, 3-4 жигит колдон-буттан алып унаага сүйрөп кирип кетишти. Асел адегенде Эржандын тамашасы деп ойлогон, жолдон токтоп Максат унаага отургандан кийин ызы-чуу сала баштады.
– Максат, ушундайында токтот! Бул сага оюнчук эмес! Акылыңа кел, соттолуп кетесиң!
Бирок Максат үндөбөдү. Унаанын алдыңкы орундугунда алдыны тиктеп, Аселдин сөзүн кулак сыртынан кетирип бара жатты. Ал убакта ала качууга азыркыдай кылмыш жоопкерчилиги жок эле. Үйгө алып барсак, сүйлөшүп көндүрөбүз деген ойдо баратты ал...
(Уландысы кийинки санда)