Жакында «Россия-1» каналынын «Таң калычтуу адамдар» («Удивительные люди») телеберүүсүнө Кыргыз өлкөсүнөн Арсен Рахымбеков аттуу окуучу катышты. Анда 3-курстун студенттери менен жарышып, саналуу секунддарда 8 орундуу сандарды көбөйтүп, бөлүп, атаандаштарын артта калтырды. Тез аралыкта интернет жылдызына айланган Арсен жана анын апасы менен таанышып, маектештик.
– Алия айым, уулуңузду «Таң калычтуу адамдар» телеберүүсүнөн көрүп сыймыктанып отурабыз. Балаңыздын так илимдерге кызыгуусу качан башталган?
– Арсендин математикага кызыгуусу 1-класстан башталды. Ал эми менталдык арифметикага аталган телеберүүнүн таасиринен улам барып калды. 2 жыл мурун телеберүүгө бат санаган бала катышкан. Ошондон Арсен таасирленип «мен да ушундай санагым келет» деп кызыгып калды. Ошол учурда жаңы интеллектуалдык борбор ачылып, бет ачарына бардык. Уулум башка балдардын санаганын көрүп, «мен да ушул жерде окугум келип жатат» деди. Арсен менен Байэл деген инисин менталдык арифметика курсуна жаздырдык. Биринчи сабактан кийин эле мугалими "Арсендин жөндөмү бар экен" деп айтты. Ал жактан бир жарым жыл толук курсту окуп бүтүрдүк. Ошол жактан үйрөнгөндөрүнүн үзүрүн көрүп жатат.
– Арсен менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага да катышкан экен...
– Былтыр Германияга менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага барып келди. Ал жакка дүйнө жүзүнөн эң күчтүү 40 адам чакырылган. Анын катарында Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу биз бардык. Дүйнөлүк масштабда болуп жаткандан кийин тапшырмасы абдан татаал болду. Катышуучулардын жаш курагына да карабайт. Өзүнүн саноо ыкмасы бар күчтүү профессор, улуу илимпоздор да келишти. Алар менен Арсен тең тайлашып, алдыңкы ондукка кирген. – Арсендин жылдызын жандырган «Таң калычтуу адамдар» теледолбооруна кандай барып калдыңыздар?
– Телеберүүнүн өкүлдөрү бизди Германиядагы олимпиададан көрүп февраль айында чакырышты. Скайп аркылуу сүйлөшүп, текшерип, онлайн тапшырма берип, жактырган соң «августта тартылуу үчүн келесиңер» дешти. Долбоордун келишими боюнча, экранга чыкканга чейин катышканыбызды жарыя кылбашыбыз керек болчу. Ошон үчүн бул тууралуу эч кимге айткан эмеспиз.
Мурда телеберүүгө менталдык арифметика боюнча баргандар кошуп, кемиткен эсептерди гана чыгарышчу. Арсен жаңы деңгээлди көрсөттү. 8 орундуу сандарды көбөйтүп чыгарды.
– Эми ата-энелерге кеңеш берсеңиз. Бала ийгиликтүү болушу үчүн тарбияда эмнеге көңүл бөлүү керек?
– Ар бир бала дээринен бир нерсеге шыктуу болот. Ошону байкай билип, туура багыт бериш керек. Биз Арсенди байкабай калсак, таланты ачылмак эмес. Баланын ийгиликке жетишинде көп факторлор бар: мугалими, ата-энеси, айланасындагы адамдар баланын өсүшүнө кызыкдар болушу кажет. Арсен үйдө иниси, курста чогуу окуган балдар менен атаандашып отуруп ийгиликке жете алды. Бирок баланы бир тараптуу өстүрө бербей, башка багытка да кызыктырыш кажет. Анан, албетте, баланы чарчатпаш керек. Арсендин өзүнүн графиги бар. Окуйт, машыгат, ошол эле учурда ойноп, эс алганга да убакыт табат.
«СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖАРЫШЫП ТОЛКУНДАНДЫМ»
– Арсен, салам. Өзүң тууралуу кыскача айтып берсең.
– Мен Арсен Рахымбеков, 13 жаштамын. Бишкектеги интеллектуалдык борбордо менталдык арифметика боюнча курсту бүтүрдүм. Учурда Бишкектеги Кэмбридж эл аралык мектебинде билим алам.
– «Таң калычтуу адамдар» программасы жактыбы? Студенттер менен жарышкандан чочулаган жоксуңбу?
– «Таң калычтуу адамдар» телеберүүсүнө талантымды көрсөтүп, Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышканыма кубанычтамын. Менталдык арифметика боюнча көптөгөн эл аралык олимпиадаларга барып жүргөндүктөн корккон жокмун. Бирок 3-курстун студенттери менен жарышып жатканда башында толкундандым. Качан гана жоопторум туура чыгып баштаганда өзүмө толук ишеним пайда болду.
– Бир күндө интернет жылдызына айланып, элдин назары сага бурулуп жатат. Жактыбы?
– Жакты, бирок мектепти да алып кетиш керек болуп жатпайбы. Мен мектепти аябай жакшы көрөм. Олимпиадаларга барганда сураныш керек болуп калат. Ошондуктан сабактарды калтырбаганга аракет кылам.
– Качантан бери «калькулятор бала» аталып жүрөсүң?
– Менталдык арифметика боюнча олимпиадалардан утуп, ар кандай телеканалдарга барып катышып калдым. Ошондон кийин мени «калькулятор бала» деп атап алышкан.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– 2020-жылы Дубайда менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиада болот. Азыр ошол жакка даярданып жатабыз. Келечекте чет өлкөдөн билим алсам, өлкөбүзгө келип, алган билимимди жаштар менен бөлүшсөм дейм.
– Максаттарың орундалсын! Ийгилик!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg