Өмүрбек Малабеков, мушкер: «КЫРГЫЗСТАНДА БОКСТУН ДЕҢГЭЭЛИ АБДАН ТӨМӨН»

Эл аралык бокс федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров чыккан Кыргыз өлкөсүндө учурда бокстун абалы көңүл жубатарлык эмес.

Убагында казак машыктыруучулары дагы көз артып, Дүйнө чемпиону болот деп болжолдоп келген мушкер Өмүрбек Малабеков биздин маек төрдө. Спорттук карьерасы, учурдагы өлкөдөгү бокстун абалы жана бокс федерациясынын шалаакылыгы тууралуу кеп салды.

Толук аты-жөнү – Малабеков Өмүрбек Кушбекович

Туулган жылы – 1991-жыл, 20-июль

Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Көк-Дөбө айылы

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

Алгачкы машыктыруучусу – Марат Сакеев

Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси (2013-жылы), Кыргызстандын 8 жолку чемпиону, Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдештин 7 жолку жеңүүчүсү.

ПОЛУ, ТЕРЕЗЕСИ ЖОК КЛАССТАН БАШТАЛГАН СПОРТТУК КАРЬЕРА

-2002-жылы 19-февралда Таластын Көк-Дөбө айылында биринчи жолу спорттук зал ачылган. Ошол күнү классташымдын туулган күнү болчу. Классташтар менен анын туулган күнүн белгилеп, курсакты тойгузуп алып, балдар менен чогуу залдын ачылышына барганбыз. Залдын ачылышы деп айтылганы менен, ал кичинекей бир класс болчу. Тагыраагы, мектептин ичиндеги эмгек сабагына ылайыкталган классты залга айланткан. Полдору түшүп калган, айнектери жок, аны эптеп кийиз менен каптап койгонбуз. Дөңгөчтү кийизге ороп, сыртына кап кийгизип жасалган бир груша бар эле. Аны мээлей жок урсаң колуң ооруйт. Агайда болсо эски, жыртык, боо менен байланма эки гана мээлей бар болчу. Алгачкы машыгуулар дал ушундай башталган.

Кийин машыгуулардан тажап залга барбай койдум. Бирок атам өзү спортко жакын адам болгондуктан, мени кайра өзү залга алып барды. Атамдын түрткүсү менен бокс менен машыга баштадым. Мелдештерге чыгып медаль тагынгандан кийин гана менде спортко берилүү башталды.

Мен кичинекей кезде арык өтө алсыз бала болчумун. Көп учурда машыгууда балдардан таяк жеп калчумун, жадакалса өзүмдөн кичүү балдар дагы уруп койчу. Жашы дагы, салмагы да меникине тең бир бала бар болчу. Агайым дайыма ошону менен спарингге чыгарчу, жеңилип кала берчүмүн. Бир күнү мен аны утуп алдым. Мына ошондон кийин өзүмө ишенич пайда болуп, мотивация күчөдү.

Карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Балалыгым 90-жылдардын аягына туура келди. Ошол учурда биздин үй-бүлөбүз гана эмес, башкалар дагы аябай кыйынчылыкты баштан өткөрүштү. Ун жок, нанга жетпеген күндөр да болгону эсимде. Атам мектепте, апам базарда иштеди. Ошентип ата-энемдин эмгеги менен ал кыйынчылыкты жеңип кеттик. Беш бир тууганмын, эжем, байкем, иним жана карындашым бар.

КАЗАКСТАНДЫН ЖЕЛЕГИН ЖЕЛБИРЕТ ДЕГЕН СУНУШ ТҮШКӨН

-Жаш кезде Казакстанда бокс күчтүү өнүккөнүн көрүп баа берчүмүн. Спортчуларынын кийингени, аларга түзүлгөн шарт жогорку деңгээлде болчу. Биз курактуу казак спортчулары мамлекеттен стипендия алышчу. 15 жашымда казактар мени өздөрүнө чакырган. Алар агайыма «окуусун бүтүрүп, бул жакка келсин, өзүбүз окутабыз» деп айтышкан. Алгач, Казакстанга барууга бир аз көңүлдөнүп калгам. Анда жашмын да, көп деле алдыдагы кадамыңды ойлобойсуң. Бирок ошондо атам бул сунушка каршы болуп койду. Кыргыз болгондон кийин кыргыздын намысын коргосун деди окшойт. Кыйынчылыктарга, мамлекет тарабынан колдоо болбогонуна карабай Кыргызстандын намысын коргоп келе жатканыма сыймыктанам.

«ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА БАРЫШ ҮЧҮН ЛОТЕРЕЯ ОЙНОТУП...»

-15 жашымда өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугун утуп, Мексикада боло турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алдым. Ага баруу үчүн 5 миң доллар керек эле. Ал акчаны өзүбүздүн күчүбүз менен, туугандардын, айылдаштардын көмөгү менен чогулттук. Бирок кандайдыр бир себептерден улам Кыргыз курамасы Дүйнө биринчилигине барбай калды. Ошол мелдеште казак мушкери 2-орунду алды. Мен ал казак спортчусун бул жактагы мелдеште жеңгем. Ошондо катуу ызаланып, спорттон көңүлүм калды. Мен ал жакка Кыргызстандын шалаакылыгынан бара албай калдым. Кош көңүл мамиле жасабай, документтерди убагында бүтүрсө, биз деле ошол чемпиондукка катышат элек да.

Эң кызыгы – 5 миң долларды чогултканыбыз. Үйдө болгон бир аз жандыгыбызды жана атамдын унаасын байгеге коюп, айылдыктар үчүн лотерея уюштурганбыз. Алар бизге колдоо көрсөтүү максатында лотерея ойногонго макул болушту. Бирок, тилекке каршы, Кыргыз курамасы барбайт деген чечим чыккандан кийин элге лотерея болбой калды деп акчаларын кайра таратып бергенбиз.

«КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНИН ЖЕҢИШИМЕ ИШЕНБЕЙ КЕТИП КАЛДЫ»

-17 жашымда бокс боюнча Кыргыз курамасынын катарына кошулдум. Алгач 2009-жылы Кытайда өткөн Азия чемпиондугуна катышып, 5-орунду алдым.

2011-жылы Баку шаарында, 2012-жылы Лондондо боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган дүйнө биринчилиги болду. Анда алгачкы 2 беттешти жеңдим. 3-беттешти жеңсем Олимпиадага лицензия алмакмын. Бирок беттеште калыстардын чечими менен болгар спортчусуна жеңилип калдым. Ал чечим абдан талаш жаратты, себеби рингде көбүрөөк үстөмдүктү мен кылгам. Бокс дүйнөсүндө кадыр-баркы жогорураак Казакстан менен Орусия курамасынын жетекчилери машыктыруучума «силер жеңдиңер, протест жазсаңар жеңишти алып беребиз» дешкен экен. Бирок кашайып, протест жаза турган биздин курама команданын расмий өкүлдөрү менин беттешим бүткөнгө чейин эле кетип калыптыр. Анткени ошол күнү жалгыз мен гана рингге чыкмакмын. Алар мага ишенбей «бул утулат» деп кетип калышкан да. Мындай кайдыгерлик дагы бир ирет жанды кейитти.

«ОРУСИЯЛЫК КОМПАНИЯГА ИШЕНИП, УБАКЫТТАН УТТУРДУМ»

-3 жыл мурун Орусиялык уюм менен келишим түзүп профессионалдык бокско аттангам. Профессионалдык боксто 4 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңүүчү болдум. Бирок кийин кандайдыр бир себептен улам компаниянын иши жакшы жүрбөй, мага беттеш уюштуруп бере алышпады.Уюштурабыз деп убада берип коюшуп, сөздөрүнө турушпады. Ошентип көп убакыт өтүп келишимди үзгөм. Ал уюмдун профессионалдуу иш алып барбагынан улам убакыттан уттурдум. Учурда Кыргызстанга келип машыгууну баштадым. Ошол эле учурда жаш балдарга машыктыруучу болуп эмгектенип жатам.

«БОКС ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЫНТЫМАК ЖОК»

-Биздин бокс федерациясын жетектеп башкарган жетекчилерибизде ынтымак жок. Тикесинен тик туруп, жан дүйнөсү менен колдоп турган адамдар болсо калыстар биздин боксчуларды мелдештерде басынтпайт болчу. Бокс федерациясы учурда жакшы иштей албай жатат.

Биздин федерация башка мамлекеттер менен тыгыз иштешип, бокс мектеби күчтүү делген Куба, Мексика, Орусияга мушкерлерди алып барып тажрыйба алмашууга шарт түзүп берсе, өнүгүү болот эле. Антпесе биздин спортчулар Ысык-Көлдө эле машыгуу кылат. Ашып кетсе Казакстанга сборго барышат. Андыктан машыгуу иштери да өлкөдө жакшы жүрбөйт. Анан кантип мыкты жетишкендик болот?

Кыргыз боксунун деңгээли абдан ылдый. Мамлекеттен 3-4 мушкер гана стипендия алат. Калганы кантип оокат кылат, мамлекеттин иши жок. Кыргызстандын чемпиону болгон мушкер дүйнөлүк мелдештерде өлкөнүн намысын коргойт. Мелдештерде татыктуу намысты коргош үчүн күнү-түнү машыгууда болуш керек. Бирок өкмөт спортчуга стипендия бербей жатса, ал айла жок иштегенге мажбур болот. Демек, машыгуунун убактысы азаят.

Мен өзүм жеке клубда машыктыруучу болуп иштейм. Ошону менен жан багам. Балдарды тарбиялап, ошол эле учурда өзүңө машыкканга убакыт жетпейт. Чоң спортто ийгилик жаратуу үчүн убагында уктап, убагында тамагыңды ичип, машыгуу керек. Учурда «Erem» клубунда машыгып жатам. Ал жакта курама командадан Азат Усеналиев, Мирлан Түркбай уулу үчөөбүз машыгабыз.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан