КЫРГЫЗДА АРСТАН АЛАЙДАН БАШКА МАСЕЛЕ ЖОКПУ?

Кыргызда баары чечилип, ИИМ иликтей турган бир гана олуттуу маселе калды. Ал – Арстан Алайдын статусун тактоо. Элестүү айтканда, ушундай. Анын «Мен Кудаймын» деген сөзүнө Жогорку Кеңештин депутаттары, Ак үйдүн атайын комиссиясы көңүл буруп, талкуулап, ИИМ кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө киришти.

«ЗИМА НЕ БУДЕТ» УНУТУЛУП БАРАТКАН...

30-августта Бишкекте коомдук ишмер, теңирчилик түшүнүгүнүн жактоочусу Арстанбек Абдылдаев – Арстан Алай маалымат жыйын берип, анда өзүн «Кудаймын» деп жарыялады. «Мына, мен өзүмдү жаңы Кудаймын деп чыктым. Анткени аалам менен байланыша алам. Мени сындап, талкуулап, шылдыңдап кереги жок. Мен ааламдын бергенин гана айтып турам»,- дейт ал. 2016-жылы «Зима не будет» деген сөзү менен Кыргызга гана эмес, жалпы Борбор Азияга атагы чыккан Арстан Алайдын эки ооз сөзү ушинтип экинчи жолу эң көп талкууланган темага айланды. Дээрлик 2 айдан бери анын «мен Кудаймын» дегени талкуудан түшө элек болчу.

КУДАЙДЫ АНЫКТАГЫЧ ЭКСПЕРТИЗА

16-октябрь күнү Жогорку Кеңеште депутат Улукбек Ормонов «мен Кудаймын» деген адам эмне үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатат деп сурады. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Арстан Алайдын билдирүүсү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы чыкса чара көрүлөрүн айтты. Окуя ушундай өнүгөт деп эч ким күткөн эмес. Бул билдирүүдөн кийин «Арстан Алайдын Кудай же кадимки киши экенин экспертиза кантип, кандай критерийлер менен аныктайт? Дегеле ушундай экспертиза барбы?» деген тамаша-чын суроолор жаай баштады.

Коомчулуктан жааган сындар чочулаттыбы, 17-октябрда Дин иштери боюнча комиссия «экспертиза Арстан Алайдын Кудай же Кудай эместигин эмес, анын сөзүндө диндер аралык кастыкты козутуунун белгиси бар же жок экенин аныктайт» деп комментарий берди. Тагыраагы, «мен жаңы Кудаймын» деген билдирүү боюнча диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалды.

18-октябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Расмий маалыматка таянсак, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси менен каттоого алынды. Экспертизанын жыйынтыгы чыкса, Арстан Алайга укуктук баа берилет.

КОРРУПЦИЯ, КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШ БҮТТҮ БЕЛЕ?

Саясатчы Равшан Жээнбеков "Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзү эч кимге зыян келтирген жок, аны жоопко тартуу аракети – бийликтин авторитардык жолго бет алганынын белгиси" дейт. Ал эми парламент депутаттарынын көбү Арстан Алайды жазалоо аракетин туура көрүп турушат. Кыргыздын укук коргоо органдары алектене турган башка иш жокпу? Кылмыштуулук качан азаят? Милицияга элдин ишенимин кантип өстүрүү керек? Качан криминалдык чөйрөнүн бизнес ээлерин, алардын арасында инвесторлорду коркутуусу, салык салуусу, опузалоосу, атүгүл өлтүрүүсү токтойт? Канткенде инвестициялык климат жакшырып, өлкөгө инвесторлор чочулабай келе башташат? Азыр ушул өңдүү суроолорго жооп издей турган маал. Салык төлөөчүлөр мамлекеттик органдарга айлыкты алар Арстан Алайдын Кудай же жөнөкөй киши экенин талкуулап отуруусу үчүн төлөбөйт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан