МИГРАНТТАРДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА САЛГАН ЧЕКТӨӨ

2019-жылдын апрель айында Орусиянын Улуттук банкы кыргыз мигранттарынын өз өлкөсүнө акча которуусуна чектөө киргизген. Бул аракетти орус тарап көмүскө операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү деп түшүндүргөн. Өз учурунда Кыргыз өкмөтү бул чектөө ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбесин билдирген. Бирок ага карабай аталган чектөө алына элек. Бул кырдаал Орусияда иштеген Кыргыз жарандарына кандай таасир берип жатат? Бул маселеге саресеп салып көрдүк.

АЙЫНА 100 МИҢ РУБЛЬ ГАНА КОТОРУУГА БОЛОТ

Ушул жылдын апрель айында Орусия өз аймагындагы мигранттардын Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууларына чектөө киргизген. Мындан улам кыргыз мигранттары көп колдонгон «Золотая Корона» акча которуу системи 16-апрелден тарта Кыргызстанга акча которуулардын суммасын чектеген. Эми бир адам айына Орусиядан Кыргызстанга 100 миң рублдан ашпаган суммада гана акча каражатын которо алат.

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги бул кырдаал эмгек мигранттарына таасирин тийгизбейт деп ишендирген. "100 миң рублга чейин акча каражатты которууга чектөө эсепти ачуусуз акча которууларга карата гана киргизилди. Ошентип, бул аракет каттоосуз ишкерлик менен алектенүүгө каршы багытталган. Мигрант Орусиядан айына орто эсеп менен 500 доллардан (32 миң рубль) жөнөтүп турат. Буга байланыштуу чектөө Орусияда иштеп жаткан Кыргыз жарандарына ыңгайсыздык жаратпашы керек",- деп билдирген элчилик.

Орусиянын Борбордук банкы мындай жол менен көмүскө операцияларга каршы күрөш жүргүзүп жатканын билдирди. Мындан улам Кыргыз жарандары ири өлчөмдө акчасын Кыргызстанга өздөрүнүн Орусия банктарындагы эсептери аркылуу гана которо алышат. Бирок бул кызмат кымбатыраак болуп, ошол эле учурда банктык эсеп ачуу үчүн бир топ документтер талап кылынгандыктан Орусияда жүргөн мигранттарга көйгөй жаратууда.

“ОРУСИЯДАН АКЧА КОТОРУУ 10 ПАЙЫЗГА АЗАЙДЫ”

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү бул чектөөлөр тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

– Эсеби жок акча которуу системдери боюнча киргизилген чектөөлөр эмгек мигранттарынын которууларына таасири тийбейт. Анткени киргизилген чектөөлөрдүн (айына 100 миң рубль) өлчөмү Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын орто эмгек акысынан эки эсе жогору (ар кандай баалоолор боюнча, айына эмгек мигранттарынын кирешеси 500-600 АКШ долларын түзөт). Ушуга ылайык, мигранттар тапкан кирешесин адаттагыдай акча которуу системдери аркылуу жөнөтө алышат.

Киргизилген чектөөлөр ишкердик менен байланыштуу которууларга гана таасир тийгизет. Эсеби жок акча которуулар системдеринин эрежелери боюнча, ишкердик иш менен байланыштуу акча которууларга тыюу салынып жеке акча которууларга гана арналган. Коммерция менен байланыштуу которуулар банк эсептери аркылуу жөнөтүлүшү зарыл.

Ошол эле учурда Улуттук банк бул жылы Орусиядан акча которуулар азайгандыгын билдирди:

– Орусиядан акча которуулардын көлөмү 2019-жылдын 8 ай аралыгында (январь-август) 10,1 пайызга төмөндөп 1 миллиард 539,3 миллион АКШ долларын түздү. Ал эми 2018-жылдын 8 ай аралыгында (январь-август) Орусия Федерациясынан келип түшкөн акча которуулардын көлөмү 1 миллиард 712,2 миллион АКШ долларын түзгөн.

“ЕАЭБГЕ МҮЧӨ БОЛГОНДОН КИЙИН ЧЕКТӨӨ БОЛБОШ КЕРЕК”

Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүп чыккан депутат Сагындык Келдибаевдин айтымында, акча которуу боюнча чектөө Орусиядагы мигранттарга терс таасир тийгизип жатат. Ал бул тууралуу премьер-министрге кайрылганын, бирок маселе чечилбей жатканын билдирди:

– Биз ЕАЭБге мүчө болгондон кийин эч кандай чектөө болбошу керек. Биримдиктеги башка өлкөлөрдө, мисалы, Арменияга чектөө жок. Өкмөт «30-40 миң рубль айлык алган мигранттарга таасири тийбейт» деп жатат. Ушул жылдын 8 айынын ичинде былтыркыга салыштырмалуу өлкөгө 200 миллион доллар аз которулду.

Бул чектөө киргизилгенден кийин мен парламентте премьер-министрдин өзүнө айткам. Анда ал бул боюнча маалыматы жок экенин, эгер чын болсо маселени ЕАЭБдин жыйынында көтөрөм деп айткан. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок.

Бул кырдаалда Орусиядагы кыргыз мигранттары гана эмес, Кыргызстандагы ишкерлер кошо жабыр тартууда. Товарларын жибергенден кийин кайра алар акчаларын бул жакка которо албай жатышат. Бул маселе өкмөт башчылары жана президенттердин деңгээлинде сүйлөшүлүп чечилиш керек.

“БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗГӨН ЭМЕС”

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, өкмөт убагында иш жүргүзбөгөндүгүнөн улам бул кырдаалдан ишкерлер жабыр тартып жатат:

– Орусиянын бул аракети өзүнүн ички рыногун коргоп, көмүскө иштеп жаткандарга бөгөт коюу болуп саналат. Андыктан Орусиянын чечимин туура эмес деп айта албайм. Алар мигранттардын иштерине эч кандай бөгөт койгон жок, болгону мыйзамдуу түрдө иштегиле деген талапты айтууда.

Чакан ишкердик менен алектенген жарандарыбыз бул чектөөдөн жабыр тартышууда. Бийликтин катасынан улам бул көйгөй жаралды. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин анын талаптарына туура келиши керек. Андыктан Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк, Экономика министрлиги алдын ала иштерди жүргүзүүлөрү керек болчу. Чектөөнүн мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп же Кыргыз ишкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүүлөрү керек эле.

“МИГРАНТТАР АКЧА САЛУУНУН БАШКА ЖОЛДОРУН ИЗДЕШҮҮДӨ”

Аталган чектөө киргенден тартып Кыргыздын Орусияда ишкердик менен алектенген жарандарын бир топ түйшөлттү. Алардын арасында Москвада иштеген Кыргыз жараны Чыңгыз Ысманов да бар. Ал бул чектөө ишкер эмес мигранттарга да кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.

– Бул жөнөкөй мигранттарга да таасирин тийгизүүдө. Анткени мигранттардын 40-50 пайызы бул жакта үй-бүлөсү менен иштейт жана алардын бир айлык кирешелери 100 миң рублдан ашат. Банк аркылуу салууга мүмкүн болбогондон кийин алар өлкөгө акча жөнөтүүнүн ар кандай жолдорун издешүүдө. Мындан улам жүк ташуучу унаалар аркылуу акчаларын салып жиберген учурлар болууда. Бул, албетте, чоң тобокелдик, бирок айла жоктун иши болуп жатат. Банктан эсеп ачып салайын десек, ал кызматтын баасы кымбат. Өзүбүз эптеп акча таап үй-бүлөбүзгө салайын деп иштеп жатсак, анан акча которуу үчүн кошумча акча сарптоо бизге пайдасы жок.

Бул кырдаалдан базарда иштегендер чоң кыйынчылыкка туш болушту. Ишкерлер акчасын мурдагыдай тез которо албай калышты. Анын кесепетинен Кыргызстандан товарлар, мөмө-жемиштердин келүүсү кечеңдеди. Натыйжада товарлар башка өлкөлөрдөн келип жатат. Кыргыз бийлиги ЕАЭБге мүчө болгондон кийин мигранттардын абалы жакшырат деген. Бирок андай болгон жок.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн арасында капитал эркин жүгүртүлөт жана кыргыз мигранттарынын абалы жакшырат деген убадалар болгон. Бирок Орусиянын бул чектөөсү мигранттардын абалын жакшыртамак түгүл, бир аз түйшөлтүп койду. Ошол эле учурда капиталдын эркин жүргүзүлбөй жатканы кыргыз ишкерлерине тоскоолдук жаратты. Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон менен, уюмдан пайда ала албасы улам бир окуяда даана көрүнүүдө.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-10-28 16:58:43
Ушунусуна да шүгүр деп иштейли туугандар канчалаган адамдарды батырып айлык акы берип иштетип жүрүшөт.
+5
bekbolotabdirasulov
2019-10-29 07:16:05
туура эми бир аз туйшолтчу маселе чынында ушунусуна да шугур кылым туралы буйурса он жагына чечилип калаар.бул жерде болгону ишкерлер жабыр тартышат эн биринчиден ,а то жалпылап алып караганда копчулуктун тапканы $500-700$ дейре.орустар озунун мыйзамын эрежелерин коргоо максатында ушул талапты киргизишти деп ойлоймун.
+2
baku24
2019-10-29 09:57:46
Ой уунаалар аркылуу дейт го. Ошо учо торто иштесе ар ким оз атынан которо берсин. Чындап карап келгенде мигранттарга эч кандай таасирин тийгизбейт. Айына эн коп тапкан мигрантта да бул сумма болбойт. Албетте убагв келсе котором да деп аксасын топтоп жургондорго эле кыйын болбосо
+3
Defans2017
2019-10-31 17:05:34
Бизнесмендерге эле таасирин тийгизбесе,мигранттарга эч тийешеси деле жок,айына жуз миндеп тапкан мигрант аз эле
+2
oshondoiraak
2019-10-31 20:16:25
Мигранттардын жөнөткөн акчаларын санап отура бербей, жумуш орундарды айлыкты көтөрүп намыстанып кичине, өзүбүздүн мекенде иштеп калат екенбизби деп алтын балыктан сураса, алтын балык срочно каза болуп калыптыр дейт
+2
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА