«САЛЫМ ФИНАНС» МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯСЫ ДЕПОЗИТТЕРДИ КОРГОО СИСТЕМАСЫНЫН КАТЫШУУЧУСУ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кабарлоосу боюнча, Кыргыз Республикасынын “Банктык салымдарды коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, МФК “Салым Финанс” ААКу өз өлкөлүк капиталы менен компания, 2019-жылдын июль айынан тарта Кыргызстандын депозиттер рыногуна чыкты жана азыркы учурда айыл - чарбасын жана бизнести өнүктурүүдө, турак жай шарттарын жакшыртууда калкка жардам көрсөтүп, аймактарда насыя берүү ишин активдүү жүргүзүүдө.

Депозиттерди коргоо системасы кепилдик берүүнүн алкагында банкка акча салуучуларды, микрофинансы компанияларын жана турак-жай сактык кредиттик компанияларын коргоого, Кыргыз Республикасынын “Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган шартта жана суммада компенсация төлөп берүүгө, ошондой эле жалпы финансылык системадагы туруктуулукка көмөктөшүүгө багытталган.

МФК “Салым Финанс” ААКунун активдери 2019-жылы 44 пайызга өстү жана компания 2019-жылдын 1-октябрына карата төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ:

• активдери – 2 миллиард сом

• кардарларынын саны – 14000

• республика боюнча кеңселеринин саны – 19.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан