Кылычбек Бекишов Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунун ырчысы. Анын репертуарында “Сүрөлү өмүр узакка”, “Туулган айылым”, “Бир элес”, Анапия Раимбекова менен биргеликте аткарган “Ашыктык ыры” жана башка ырлары бар. Салттуу музыкага басым жасаган Кылычбек Бекишов 7-8-ноябрь күндөрү Улуттук филармонияда отчёттук концертин берүү алдында турат.
– Саламатсызбы, Кылычбек мырза? Чыгармачылыктын чыйыр жолуна качан түшкөнсүз?
– Саламатчылык! Мен бала кезде инженер болсомбу деп жүргөм. Кудайдан берилген талантты атам байкап, кичинемден колума комуз карматып, кызыгуумду арттырды. Атам кезинде достору менен отурганда ырдап жүрчү экен. Бирок шарты келбей, ырчы болом деген тилеги аткарылбай калыптыр. Мен аркылуу өзүнүн кыялын ишке ашыргысы келдиби, айтор, көзү өткөнчө мага колдоо көрсөттү. 3-классымда биринчи жолу комуз сатып берди. Мунапыс деген музыкант агайыбыз бар эле. Ал мага көп күүнү үйрөттү. Ошондо эле “слухум” жакшы окшойт, чертип берген күүсүн дароо эстеп калчумун. Өзүм аябай уяң бала болгондуктан эл алдына чыккандан тартына берчүмүн. Тың классташ кыздарым класстын эшигин жаап алып “бизге ырдап бер” деп кайра-кайра ырдатып жатып тартынчаактыгымды калтырышты. 5-классымда туулган айылым Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешикте Кыргыз ССРинин 60 жылдык мааракеси белгиленди. Ошол чоң иш-чарада “Мөлмөлүмдү” аткардым. Кийинчерээк республикалык кароо-сынактарга катышып баштадым. Мугалимдер мени колдоп, сабактардан бошотуп коюшчу. Ошондо гана чыгармачылык жолдо кетсем болот экен деген ишеним пайда болду.
– Жакында Улуттук филармонияда “25 жыл өмүр ырга айланды” деген темада жеке концертиңизди бергени жатыптырсыз. Чыгармачылыкта жүргөн 25 жылда кандай ысык-суук күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз?
– Чыгармачылыгымдын башаты Союз ыдыраган убакка туш келди. 1989-жылы Бишкекке келип Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык эстрадалык студияга тапшыргам. Бир жылдан кийин Орусияга аскерге чакырып калышты. Кайра келип окуумду аяктадым. Келгенимде оош-кыйыштар, кыйынчылыктар көп болду. Базарга чыгып же Орусияга барып иштеп акча тапсамбы деп да ойлогом. Атам “500 сом алсаң да филармониядан жылба. Ал жакта улуу инсандар иштеген, ыйык жер” деди. Кыйналбасын деп мага филармонияга жакын жерден үй алып берди. Ал кезде “Эл шайырлары” тобу түптөлүп калган экен, топко алынып иштеп калдым. Мен Асек Жумабаев, Дүйшөнбек Үкүевден сабак алып, устат-шакирт болуп калдым.
– Азыр салттуу музыкага караганда эстрада ырчылары таанымал, популярдуу. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
– Азыр Батыштын таасиринен электрондук музыка басымдуулук кылып кетти. Электрондук музыка элдин көңүлүн буруп, табитин бузду. Албетте, эстрадада жакшы ырлар бар, ошол эле учурда жеңил ырлар көп.
– Ошентсе да эстрада ырчылары эски ырларды жаңылап, өзгөртүп ырдап жатышат. Сиз муну колдойсузбу?
– Мен азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде элдик ырларды ырдоо факультетинде сабак берем. Студенттерден “эски ырларды бузбай ырдагыла” деп талап кылабыз. Кээде жаш ырчылардын эски ырларды бузуп ырдаганын угуп калам. Салттуу музыканы алып жүрүүчү адам катары аларды туура жолго салуу менин милдетим деп ойлойм. Эгер бузулган ырларды угуп калсам сөзсүз социалдык баракчасына жазып же телефон чалып айтам. Кубантканы, алар “рахмат, агай” деп туура кабыл алышат. Түп нускасын бериңизчи деп сурашат.
– Эмнеге салттуу музыканы тандап алдыңыз?
– Илгери пластинкалар болчу эмес беле, атам күнүгө бир маал мага угузуп, ырдатчу. Кийин үй-бүлөлүү болгондо деле кайда барбайын каалаган ырын ырдатчу. Бала чактан улуттук музыкага сугарылып калганымдан улам бул багытты тандасам керек.
Атам өткүр киши эле, атамды тартсам азыркыга чейин сыйлыктын баарын алып койсом керек эле. Сыйлык тууралуу мурун баш катырчу деле эмесмин. Сахнага жаңы чыгып, 2-3 жыл иштеп наам алып жаткандарды көргөндө “менин ошондой эмгегим жокпу?” деп намыстанып кетем. Сыйлыкты алыш үчүн чоңдордун эшигине барып эле жатып албасаң, беришпейт окшойт.
– Өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз тууралуу да айта кетсеңиз...
– Мен учурда 48 жаштын чайын ичип жатам. Келинчегим экөөбүз классташпыз. 1 уул, 2 кызыбыз бар. Окуучу кезде сахнага чыгып ырдап калгандыктан мага кыздардын көбү ашык болуп кат жазышкан. Ошолордун арасынан тандап классташыма үйлөнүп алсам, ушундай да болот экен деп таң калышкан. “Экөөңөр тажабай кантип жашап келатасыңар?” дегендер да көп. Келинчегимдин кесиби дарыгер. Кээде “экөөбүздүн тең максатыбыз бир. Сен ийне сайып элди дарыласаң, мен музыка менен дарылайм” деп тамашалап калам.
– Рахмат маегиңизге.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg