ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 28-ОКТЯБРДАН 3-НОЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Иш сапарына чыгышыңыз күтүлүүдө. Ага кеткен убакыттан улам башка иштериңиз аткарылбай калат. Ашыкча уктоо, убакытты туура эмес пайдалануу чыгымга алып келиши мүмкүн. Апта аягы мейман келиши күтүлүүдө. Андыктан муздаткычты азык-түлүккө толтурууга да жетишишиңиз керек. Конокторуңуз көңүл жылытарлык белек же кошумча алып келиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жеке жашооңуз кубанычтуу жаңылыктар менен толукталат. Жакшы кабарды жакын досторуңуздан башка ар кимге эле айта бербеңиз. Бакыт тынчтыкты сүйөт. Ызы-чуу жайлардан алысыраак болууга аракет кылыңыз. Көптөн бери күч сарптап бүтүрө албай жүргөн ишиңиз же идеяңыз ишке ашып, аягына чыгышы күтүлүүдө. Үй-бүлөлүк конфликттен алыс болуу сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жан дүйнөнүн тынчтыгы үчүн ыңгайлуу болмокчу. Баш ооруткан маселелерден арылып, чечилбесе дагы, жок дегенге көйгөйлөрдү ойлонбой туруу оң. Анын ордуна үй тиричиликтерине алаксып, короо-жайды жыйноо, эмеректердин ордун алмаштыруу сиздин жан дүйнөңүзгө ырахат тартууламакчы.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Тагдырыңызда маанилүү бурулуш жасай турган мезгил ушул апта болуп калышы мүмкүн. Жакшы жакка ыктасаңыз, бардыгы жакшы жакка өзгөрөт. Кандай гана ишке киришпеңиз, калыпка салгандай өз ыгына түшүп, сизди кубандырат. Үй-бүлөлүүлөрдө аптанын ортосунда балдарынын окуусунда маселе жаралышы ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта сиз үчүн иште да, үйдө да маселе чечүүгө жеңил болмокчу. Үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон гармонияны гана бекемдеп алыңыз. Шаршемби күнү ишиңизде ийгилик таап, жетекчиликтен мактоо угасыз. Апта аягында туугандарыңыздан күтүүсүз жардам алып, ал кыйчалыштаган абалды жөнгө салууга өбөлгө болот. Баалуу документтерге жана жолдо жүргөндө капчыгыңызга сак болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Чыгармачылык дараметиңизди өстүрүүгө ылайыктуу апта. Ишиңиз ийгиликтүү болуш үчүн бардык нерсеге кызыгуу менен мамиле жасаңыз. Апта ортосунда ийгиликтүү сатып алуулар кубандырып, имидж өзгөртүүгө да жетишесиз. Апта аягын сүйүктүү адамыңызга арнаңыз. Ылайыгы келгендер сүйүктүүсү менен келечек тууралуу сүйлөшсө бир топ маселелер чечилип калышы ыктымал.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жеке жашооңузда бир нерсени өзгөртүүгө болгон каалоо пайда болот. Буга жараша мүмкүнчүлүк да түзүлүшү ыктымал. Жан дүйнөңүз каалаган нерселерди гана ишке ашырыңыз. Жакындарыңыз жардамга муктаж болуп, акча сурашы күтүлүүдө. Жумуш өз нугунда улана бермекчи, андыктан апта аягын толугу менен тынч атмосферада эс алууга жумшаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Пайдалуу жана жагымдуу адамдар менен таанышып, иш алып барышыңыз күтүлүүдө. Пландап алган иштериңиздин бирин да калтырбай аткарууга аракет жасаңыз. Пессимисттик ойлордон алыс болуңуз, жаман ойлор сизге зыян алып келет. Кандай иш кылсаңыз дагы ишенимсиз булактардан маалымат албастан, адистерге гана кайрылыңыз. Ден соолук боюнча маселелер жаралышы күтүлүүдө, сак болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта башында сунушталган келишимдерден баш тартпай туруңуз. Сизге пайдалуу болушу ыктымал. Шейшемби жана шаршемби күндөрү кесиптеш болобу, жакыныңыз болобу, бирөө менен болгон конфликт күтүп жатат. Эмоцияга алдырбоого аракет кылыңыз. Негативди жеңүү үчүн жаңы таанышуулар, кызыккан нерселер менен алектенүү сунушталат. Соода-сатык иштерин жасагандарга апта ийгилик менен аяктамакчы.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01))

Апта сиз үчүн жаңы иш баштоого ылайыктуу. Идеяларыңыз болсо жетекчилигиңизге же өнөктөшүңүзгө дароо сунуштаңыз, ийгилик жылмаят. Айтылган сындарга терикпей, тескерисинче, чыйралууңуз кажет. Ийгилик баары бир сиз тарапта болот. Үй-бүлө мүчөлөрү менен конфликтке жеткизген кырдаал жаралышы мүмкүн. Жөнгө салуу үчүн сабырдуулук талап кылынат. Эс алуу күндөрүн табият коюнунда өткөрүү ылайыктуу.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Карыздан кутулуу же аласаны өндүрүүгө ылайыктуу апта. Алдыңызга келген кандай иш болбосун жоопкерчиликтен коркпостон аткара бериңиз. Ишиңиз үчүн өнөктөшүңүздөн же таасирдүү адамдардан ыраазычылык алып упай топтойсуз. Ден соолукта маселелер жаралышы күтүлүүдө. Спорт менен машыгууда же оор жумуштарды жасоодо бир жериңизди кокустатып алуудан сак болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Иштериңиз ийгиликтүү болуп мөөнөтүнөн эрте аяктап, бош убакыт пайда болот. Аны бекер кетирбей үйдө эс алууга, энергия топтоого жумшаңыз. Бир нерседен же сунуштан баш тартууда жакын адам менен кеңешип, анан иш кылган туура. Эс алуу күндөрү аткарыла турган күнүмдүк тиричилик баары бир бүтпөйт. Андан көрө апта соңунда достор менен же үй-бүлөңүз менен эс алууга убакыт бөлүңүз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 28-октябрдан 3-ноябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан