ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВ ШАЙЛОО БОСОГОСУН 3 ПАЙЫЗГА ТҮШҮРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА

Тажрыйбалуу саясатчы, “Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодо босоголук чекти 3 пайызга чейин түшүрүү керек деген пикирде.

Бул тууралуу Текебаев Бишкекте 22-октябрда шайлоо мыйзамын өзгөртүү маселеси талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, акчасы аз, бирок идеясы көп жарандардын Жогорку Кеңешке келип мандат алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керек. "Жарандардын көпчүлүгү шайлоо системине нааразы. Алар партиянын төрагалары орунду сатат экен, депутаттарды эл шайлабай эле, партия жетекчилери шайлайт деп партиялык системге нааразы болуп жатышат. Тизмедеги талапкердин ордун партиянын лидери эмес, эл чечсин деп аларга бериш керек.

Учурда эл парламентке жаңы адамдардын келишин каалап жатат. Жаштардын эмес, улуу болсо да көз карашы жаңы адамдардын келишине кызыкдар. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык босоголук чекти 3 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл. Ошондо Жогорку Кеңешке жаңы ой-пикири барлар келе алышат",- дейт “Ата Мекендин” лидери.

Саясатчы Адахан Мадумаров азыркы бийлик шайлоодо ар бир Кыргыз жаранынын шайлоого болгон укугун камсыздап бериши керектигин баса белгиледи. “Алайда жашап жаткан жарандын тизмеси Кеминден чыкпашы керек. Ысык-Көлдө жашаган азаматтардын тизмеси Кадамжайдан чыкпашы кажет”,- деди Мадумаров.

Учурдагы мыйзамга ылайык, шайлоодо 9 пайыз босоголук чекти ашкан партиялар гана Жогорку Кеңешке өтө алышат. Эксперттер бул чекти шайлоодо миллиондоп акча чачпай, административдик ресурсту колдонбой туруп ашып өтүү мүмкүн эмес деп жатышат. Жүйөлүү сунуш, эскертүүлөргө, айрым депутаттардын демилгелерине карабай Жогорку Кеңеш бул маселеге көз жумуп отурат. Парламенттик шайлоого бир жыл калганына карабай өлкөдө шайлоону кандай тартипте өткөрүү керектиги тууралуу бирдиктүү позиция жок. Адистер 9 пайыздык чек алынбаса, шайлоодон кийин дал ушул фактор элде катуу нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүн дешүүдө.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан