Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурда парламент депутаты Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбековдун кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. “21-октябрда Башкы прокуратурага Темирлан Султанбековдон кайрылуу түшкөн. Анда Асылбек Жээнбековду "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу айтылган",- деп жазылат маалыматта.
Темирлан Султанбековдун айтымында, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда шалаакылыкка жол берген.
“Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, мыйзам долбоорлору үч окууда каралышы керек. Андыктан Бишкек ЖЭБи боюнча келишимди ратификациялоону жөнгө салган мыйзам долбоору парламентте жок дегенде 1,5 айда каралып, анан кабыл алынышы керек эле. Бул убакыт аралыгында депутаттар кемчиликтерди таап, аларды оңдошмок. Бирок Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен Жогорку Кеңеш мыйзамды бир күндө шашылып кабыл алган”,- дейт Султанбеков.
Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу ачылган кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баш болгон бир топ чиновниктер кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурушат. ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди бекиткен ошол кездеги парламенттин жоопкерчилиги да каралышы керектиги айтылып жүрөт. Асылбек Жээнбеков болсо келишимдин бир күндө кабыл алынганын ал кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин “тезирээк кабыл алып бергиле” деген суранычы менен түшүндүрүп келет.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg