Казакстандык журналист Аскар Актилеу өзүнүн журналистика курсунда окутуудан өтүп жаткан студенттери менен Кыргыз жергесине келип, кыргыз медиасы менен таанышып кетти. Ал бул сапарынын алкагында "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын кеңсесине да келип, гезиттин жана порталдын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аскар Актилеу студенттерди Кыргыз өлкөсүнүн массалык маалымат каражаттарынан үлгү, мотивация алышсын деген максатта алып келгенин айтат:
– Мен 2018-жылы Актөбе шаарында медиа мектеп ачкам. Ал жакта журналистика боюнча студенттерди 2 ай окутам. Былтыр да Кыргыздын журналистика тармагы менен студенттеримди тааныштырып кеткем. Баш-аягы 40 адам менин мектебимди бүтүп, алардын ондон ашыгы өз кесиби менен жумушка орношту. Азыркы студенттеримдин арасында да бул жаатта иштеп жаткандары бар. Аларга мен "Супер-Инфо" гезити тууралуу да айтып берем. Казак журналистикасына салыштырганда, силерде сөз эркиндиги бар жана дайыма коомдогу актуалдуу маселелерди ачык жазып, баяндайсыңар. Калктын саны биздегиден аз болсо да канча жылдан бери нусканы сактап келесиңер. Мен бул тууралуу студенттериме айтып берем. Алар сөзсүз бул тажрыйбаларды келечектеги ишинде пайдаланат деп ойлойм.
Постсоветтик өлкөлөрдүн алкагында карасак, Кыргыз өлкөсүндө жана Украинада сөз эркиндиги бар. Ошондуктан силерден тажрыйба алууну туура көрөм жана жыл сайын жаңы окуучуларымды алып келүүгө аракет кылам,- дейт Актилеу.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg