Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине байланыштуу кайрадан чырдуу маалымат талкууга түштү.
Аталган министрликке караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарбасы департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов мыйзамсыз жумуштан алынганын айтып чыкты. Анын айтымында, кызматтан бошотулушуна жыйында күлгөнү себеп болгон. Ал аталган министрликтин башчысы Эркинбек Чодуевди “мени иштен кетирүүгө мыйзамсыз сунуш киргизди” деп сотко берүүнү көздөп жатат.
“Эркинбек Чодуев коллегияда мени өз каалоосу менен жумуштан кетти деп айтыптыр. Бирок мен өз каалоом менен кызматтан кеткен эмесмин. Министрликтен "сен тынч кетип калсаң, сага башка жактан жумуш беребиз" дешти. Мен министр Эркинбек Чодуев менен эч качан иштешпейм. Бул киши артка гана тартат”,- дейт Мамытканов.
Ал эми Чодуевдин кеңешчиси Асылбек Исаков аталган окуя боюнча буларды билдирди: "Министрликтин буйругу менен иш сапарларга жөнөтүлгөндө Бакытбек Мамытканов өз буйругу менен иш сапарына бир-эки күн кошуп алат болчу. Бул жорук биздин эрежелерге туура келбейт".
Бакытбек Мамытканов 2019-жылдын 4-октябрында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg